Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Жанар Акаев: Эркин медиаларды жабуу аракети донорлор менен мамилеге таасирин тийгизет

0
Жанар Акаев: Эркин медиаларды жабуу аракети донорлор менен мамилеге таасирин тийгизет

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев Кыргызстанда эркин медиаларды жабуу аракети эл аралык каржы донорлору менен мамилени суутуп, бир катар долбоорлордун токтошуна алып келиши мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал 28-октябрда фракциянын жыйынында билдирди.

“Эл аралык медиаларды жабуу келечекте Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык финансы институттарынын бизге масмилесин өзгөртүшү мүмкүн деген кооптонуу бар. Ошондуктан “Азаттык” сыяктуу эркин ЖМКларга болгон мамиле ар кандай долбоорлордун токтоп калышыны жол ачпашы керек. Батыш өлкөлөрүндө дагы биздин жүз миңдеген жарандарыбыз иштейт. Ошондуктан визалык режим, акча которуу саясатына зыяны тийбесе экен деген кабатырлануу бар”, - деди эл өкүлү.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө “маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү” айтылат.

Анын алдында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай билдирүү жасап, эркин медианын үнүн басуу Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн -- авторитардык ыкма экенин айткан. 27-октярда Министрликтин адистери “Азаттык Медиа” мекемесинин каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кетти.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Human Rights Watch уюму, “Журналисттерди коргоо комитети” баштаган бир катар эл аралык уюмдар “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлгөнүн сындады. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Андрей Рублев поднялся на шестое место в рейтинге ATP






Путин проводит переговоры с Пашиняном

Опубликовано меню неформального обеда лидеров стран ЕАЭС после саммита в Кремле

МИД: Россия не пригласила на Парад Победы послов недружественных стран

Учительница Путина Вера Гуревич заявила, что он всегда был защитником