Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

1-ноябрдан тарта COVID-19га байланыштуу өзгөчө режим алынат

0
1-ноябрдан тарта COVID-19га байланыштуу өзгөчө режим алынат

Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал режими алынат. Бул чечимге Миристрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында өлкөдө массалык оорулардын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында киргизилген. Ага чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус оорусун пандемия деп жарыялаган.

Саламаттык сактоо министрлиги учурда COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу, өлкөнүн бардык аймагы жашыл зонада деп билдирүүдө.

Министрлик COVID-19 инфекциясына чалдыккандардын санын эки аптада бир жарыялап жатат. 

17-23-октябрда Кыргызстанда 65 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталган. Анын ичинен 14 бейтап ооруканага жаткырылды, 51 адам үйүнөн дарыланууда.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 21 651 адам коронавируска чалдыккан. Жалпы пандемия башталгандан берки аралыкта 3 миңдей адам оорудан көз жумган. (BCh)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг






Гандбольный клуб «Чеховские медведи» вышел в финал Суперлиги

Минобороны опубликовало видео Парада Победы в Москве глазами лётчиков ВКС

В театр «Ульгэр» в Бурятии ГИБДД обучило детей безопасноти - Россия, дети и культура, безопасость на дорогах

Директор Бурятского театр драмы Цыпилма Очирова удостоена медалью «За заслуги перед Бурятией» - Россия, культура, концерт