Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

"Азаттыктын" банктагы эсеби эч кандай түшүндүрмөсүз бөгөттөлдү

0

"Азаттык Медиа" мекемесинин "Демирбанктагы" эсебине бөгөт коюлганын 31-октябрда банктан билдиришти. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышты.

"Демирбанк" азырынча "Азаттык Медиага" расмий түшүндүрмө бере элек.

УКМКнын басма сөз кызматы "Азаттыктын" эсебине байланыштуу маалыматты тактоо керек экенин айтып, расмий кат жиберүүнү сурады.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө “маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү” айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай эркин медианын үнүн басуу Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн - авторитардык ыкма экенин билдирген.

27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медиа” мекемесинин каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кетти.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Human Rights Watch уюму, “Журналисттерди коргоо комитети” баштаган бир катар эл аралык уюмдар “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлгөнүн сындады.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Лучший теннисист Казахстана сдал позиции в чемпионской гонке ATP






Путин назвал всех участников СВО героями России

«Никому не позволим угрожать нам» — Путин выступил на Красной площади

На Красной площади в Москве начался главный Парад Победы

Путин: Россия отвергает претензии альянса на исключительность