Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 02.09.2021

Садыр Жапаров: Күчтүү өлкө куруу кыялым ишке аша баштады, быйыл киреше чыгашадан көп болот

Azattyk.org 

Кыргызстан күчтүү мамлекет болуу үчүн азыр экономикасын жана армиясын күчтөндүрүп жатат. Бул тууралуу 1-сентябрда “Кабар Медиа” YouTube каналына курган маегинде мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирди. Өз сөзүндө Жапаров күчтүү мамлекет куруу кыялы ишке аша баштаганын, бийликке келген бир жылга жете элек убакта “кандай кемчиликтер бар экенин көрүп-билгенин”, коргонуу үчүн бүт жаңыланып жатканын, келерки жылга чейин “толук болбосо да, кол салып келген душмандын бутун сындырып, белин омуруп кое турган армия түзүүгө баратканын” айтты. Читать дальше...

Жалал-Абад: "Барпы" театрынын айрым артисттери иш таштады

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы драма театрынын ондой артисти иш таштады. Бул маалыматты "Азаттыкка" театрдын режиссёру Бакыт Жумалиев ырастады. Ал жетекчиликти чыгармачылык инсандар менен иштеше албайт деп күнөөлөп жатат. "Жетекчибиз алты жыл иштеп, көңүлүнө жакпаган артисттерди куугунтуктап, жумуштан кетирип келет. Азыр тогуз артист, ичинде эмгек сиңиргендерибиз көп. Биздин чыгармачыл инсандарыбызды колдоонун ордуна кайра басмырлап жатат. Жетекчи жумуштан кетпесе, биз ишке чыкпайбыз," - деди Жумалиев. Читать дальше...

Борбор Азия өлкөлөрүн сынаган 30 жыл

Azattyk.org 

Мындан отуз жыл илгери Советтер Союзунун курамындагы Борбор Азия республикалары көз карандысыздыгын жарыялашкан. Бири-бирине байланыш-катышы артып бараткан беш өлкө быйыл Эгемендик мааракесин катары менен белгилеп жатат. Каспий жээгиндеги түркмөндөрдүн керемет жайы Авазда мамлекет башчылары жайдары кол алышты. 6-августта постсоветтик Борбор Азиянын беш лидери кезектеги жыйынга чогулду. Мындай жолугушууну уюштурууга отуз жылга жакын убакыт кетти. Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан... Читать дальше...

БШК Жогорку Кеңештин жаңы депутатына мандат тапшырды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча кезекте турган Канатбек Ахмедовду Жогорку Кеңештин депутаты катары каттап, мандат тапшырды. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Ахмедов Урматбек Самаевдин ордуна келген. Мунун алдында БШК Токмок шаарынын мэри болуп шайланган Самаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. 26-августта Токмок шаарынын мэрин шайлоо өтүп, Урмат Самаевге 30 депутаттын 19у добуш берген. (КЕ)

Садыр Жапаров: Өлкө үчүн жоопкерчилик бир эле кишиде болсун деп жатабыз

Azattyk.org 

Кыргызстан президенттик башкаруу системасына өлкө үчүн жоопкерчиликти бир адамдын колуна тапшырып берүү максатында өттү. Бул тууралуу 1-сентябрда “Кабар Медиа” YouTube каналына курган маегинде мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирди. Өз сөзүндө Жапаров буга чейин Кыргызстан башкаруунун бардык түрлөрүн башынан өткөргөнүн, 2010-жылдагы партиялык башкаруу системасы “өлкөнү таптакыр талкалап салганын” белгиледи жана экономикадагы, саясаттагы оор абал, шайлоодо административдик ресурстун колдонулушу үчүнчү революцияга себеп болгонун кошумчалап... Читать дальше...

"Талибан" Өзбекстанды Эгемендик күнү менен куттуктады

Azattyk.org 

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Ооганстандагы "Талибан" кыймылы өзбек элин жана жетекчилигин Эгемендик күнү менен куттуктады. "Өзбекстан Ооганстандагы тынчтык жараянына активдүү катышып жатат. Мамлекеттин конструктивдүү ролун Ооганстандын азыркы жетекчилиги тааныды", - деп белгиленет Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө. Ошондой эле, талибдер жолдогон куттуктоодо "Биз коңшу Өзбекстан менен жемиштүү жана достук мамиле курууну көздөйбүз. Ооганстандагы Өзбекстан катышып жаткан... Читать дальше...

Кыргызстанга ун, буудай жана тоют ташып кирүүгө кошумча нарк салыгы алынды

Azattyk.org 

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргызстанга ун, буудай жана тоют ташып кирген ишкерлер кошумча нарк салыгынан бир жылга бошотулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Пирамида" телеканалына курган маегинде билдирди. Анын белгилешинче, Орусиядан буудай сатып алууга 1,5 млрд. сом каражат бөлүндү. "Биз 300 млн. сомдон ашуун каражат бөлүп 1 млн. литрден ашуун өсүмдүк майын, 3 миң тонна шекер запаска киргизген элек. 1,5 млрд сом кышкыга акча бөлдүк, Орусиядан 70 миң тоонадай буудай сатып алабыз. Читать дальше...

АКШ тажик-ооган-өзбек чек арасы тууралуу долбоорун жарыялады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Дүйшөмбүдөгү элчилиги 1-сентябрда жарыялагандай, соңку айлары кырдаал курчуп турган тажик-ооган-өзбек чек арасында чек ара бекети курулат. Дипломатиялык мекеме долбоордун пайдубалын куруу 2022-жылдын башына боолголонуп жатканын билдирди. "Жаңы чек ара бөлүгү Шахритусдагы эски объектинин ордуна курулат жана коркунуч жаралса аскерлерди чек аралаш аймактарга тезирээк жөнөтүүгө шарт түзөт", - деп жазылат билдирүүдө. Ал бекетте бир нече чек арачылар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жайгаштырылат. Читать дальше...



Аба ырайы: айрым жерлерде өткүн өтөт

Azattyk.org 

3-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 13...18... Читать дальше...

Марипов: Чүйдү айланып өтүүчү канал курулат

Azattyk.org 

Сугат суу маселесин чечүү үчүн Чүйдү айланып өтүүчү канал курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Пирамида" телеканалына курган маегинде билдирди. Анын айтымында, долбоор 2021-жылы башталат. "Чүйдү, Панфиловдон "Орто токой" суу сактагычына чейин кыдырып келдим. Азыр бак-дарактар, малина тиккендер дагы көбөйдү. Экинчиден, сууну сарамжал пайдалануу боюнча ирээттүү план жок... Мисалы "Орто токой" суу сактагычынан максималдуу түрдө 120 куб суу чыгып турду. Бул тилекке каршы... Читать дальше...

"Адилет" президенттен резиденцияда жашагандар боюнча маалымат берүүнү өтүндү

Azattyk.org 

"Адилет" укуктук клиникасы президент Садыр Жапаровго кайрылып, Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жашоого укуктуулар, азыр жашап жаткандар, ал жерде өткөрүлүүчү бейрасмий иш-чаралар, тейлөө жана камсыздоо үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп жаткан акча боюнча маалымат берүүнү өтүндү. Бул тууралуу уюм өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна 2-сентябрда билдиришти. Юристтер аткаминерлерге мамлекеттен берилүүчү жеңилдиктердин көбү эл төлөгөн салыктын эсебинен каржыланарын эскертишти. Оор социалдык-экономикалык... Читать дальше...

Тажикстанга жүк алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Azattyk.org 

УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, 31-августта Баткен облусунда аткезчилик жол менен чек арадан жүк алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Шектүүлөр эки "Мерседес-Бенц Спринтер" унаасы менен 3,6 тоннадан ашуун жүзүмдү мыйзамсыз ташып бараткан. Бир унаада Тажикстандын мамлекеттик номери болгон. Чек ара кызматы тараткан маалыматка караганда, 1-сентябрда чек арачылар Дахан аймагында курулуш материалдары жүктөлгөн Hyundai-Porter унаасы менен Кыргызстандын үч жараны кармалган. Алар качып кетүүгө аракет кылып... Читать дальше...

“Ийгиликке кадам” медиафорумунун сайты иштей баштады

Azattyk.org 

Бүгүн 2-сентябрда “Ийгиликке кадам” медиафорумунун расмий сайты иштей баштады. Форум 8-9-сентябрда Нарын шаарында өтөт. “Журналисттер” коомдук бирикмеси уюштуруп жаткан жыйында аймактык медиалардын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болот. Медиафорумга бардык аймактардан жалпысынан 70ге жакын кыргыз тилдүү журналист жана медиа адис катышат. Кыргызча жазган журналисттердин маселелерин талкуулаган жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууну көздөгөн «Ийгиликке кадам» медиафоруму ар эки... Читать дальше...

Кыргызстанда сегиз айда жол кырсыгынан 497 киши каза болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери (сегиз айдын ичинде) 4 637 автокырсык катталып, андан 497 адам каза болду. Арасында балдар да бар. Дагы 6900 адам  жаракат алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов 2-сентябрда билдирди: «Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда жол кырсыктарынын саны, андан каза болгондор да, жаракат алгандар да көбөйдү. Автокырсыктардын 95% адамдык фактордон улам болуп жатат. Айдоочулар ката кетиришет же жол эрежесин билбейт. Читать дальше...

Кыргызстанда 273 автомектеп бар, алардын 16сына эскертүү берилди

Azattyk.org 

Кыргызстанда баш-аягы 273 автомектеп бар. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров 2-сентябрда Бишкекте жол коопсуздугуна байланыштуу өтүп жаткан жыйында айтты. Алардын ичинен 65и мамлекеттик, калган 208и жеке менчик. Автомектептерге лицензияны Ички иштер министрлигинин (ИИМ) корутундусу менен Билим берүү жана илим министрлиги берет жана алардын талапка ылайык иш алып барып жатканын текшерет.   «2021-жылы 40 автомектепти текшерүү планга кирген. Азыркы тапта 25и текшерилип бүттү. Читать дальше...

Ооганстан: Панжшерге "Талибандын" чабуулу

Azattyk.org 

Ооганстандын Панжшеринде “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) менен ага каршылык көрсөтүү кыймылынын ортосунда салгылашуу башталганы кабарланууда. Талибдер Панжшердин багынып беришин талап кылса, капчыгайдагы  өкмөттүк күчтөрдүн калдыгы менен можахеддер алардын чабуулунун мизин майтарганын айтты. Ал ортодо Кабулдагы аэропорттон учуп кете албаган миңдеген оогандыктар чет өлкөгө чыгып кетүү үчүн чек ара тилкелерине багыт алганы айтылууда. Чек арадагы өткөрмө бекеттердин баарын талибдер көзөмөлүнө алган. Читать дальше...

Ондогон уюм балдар укугу боюнча президент Жапаровго кайрылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда балдар укугун коргоо жаатында иштеген бир нече уюм президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдоду. Анда Балдар жөнүндө кодекстин жаңы редакциясын жана мыйзам долбоорлордун топтомун тезирээк кабыл алуу өтүнүчү айтылган. "Кодексти кабыл алууну создуктуруу балдардын абалын, коопсуздугун жана алардын укугунун корголушун начарлатат. Башкы прокуратура 2019-жылы балдарга карата кылмыштар 19% өскөнүн билдирди. 2020-жылы 98 өспүрүм өз жанын кыйды. (2019-жылы 48 факт катталган). Ушул жылдын... Читать дальше...

Новости России
Москва

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»


"Акыркы көч" тасмасынын улуттук премьерасы өттү

Azattyk.org 

Бүгүн 2-сентябрда Кыргызстанда кинорежиссёрлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу тарткан «Акыркы көч» (The Road to Eden) тасмасы жалпы көрүүчүлөргө тартуулана баштады. 1-сентябра Бишкекте фильмдин улуттук премьерасы өттү. Жазуучу досунун дарылануусуна же бир тууганынын карызын төлөөгө жардам берүү деген эки маселенин бирин тандоо көйгөйүнө туш болгон калемгердин тагдыры тууралуу баяндаган «Акыркы көч» көркөм фильми Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» студиясынын жана «Билимкана» коомдук фондунун колдоосу менен жаралган. Читать дальше...

«Алтын түйүн» балдар академиясына «улуттук» макамы ыйгарылды

Azattyk.org 

«Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясына «улуттук» деген макам ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 2-сентябрда мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мындай макам академияга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү жаатында өзгөчө сиңирген эмгеги, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого олуттуу салым кошкону үчүн берилди. Жаңы макам академияга мамлекеттик органдар, чет элдик мыкты окуу жайлары менен кызматташуусун жакшыртууга мүмкүндүк берет. Читать дальше...

Коронавирус 142 кишиден аныкталып, төрт киши каза болду

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 2-сентябрдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада вирустан төрт киши каза тапты.  Жалпысынан COVID-19дан каза болгондордун расмий саны 2 536 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 142 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 176 018 адам. Азыр ооруканада 954 бейтап дарыланууда. Дагы 910 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 102 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 170 169 кишиге жетти. Читать дальше...

Баткен: ишкерлердин чыгымын жаппаган кенемте

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалдан жабыр тарткан Баткен жана Лейлек районундагы 53 ишкерге мамлекет 200 миң сомдон каржылык колдоо көрсөттү. Андан тышкары үч жылдык мөөнөткө 0,1 % менен 200 миң сомдон ссуда берилүүдө. Чек ара жаңжалында дүкөндөрү өрттөнгөн, тонолгон ишкерлер миллиондогон сом чыгым тартканын, мамлекет берген жардамдар чыгымдарды жаба албай турганын айтууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан Баткен жана Лейлек районундагы ишкерлерге мамлекет тарабынан каржылык жардам берилип бүттү. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

WTA озвучила Елене Рыбакиной условия для становления второй ракеткой мира






Русским шлют недобрый сигнал из Таджикистана. Военную базу России могут закрыть?

Суд: Брата фигуранта дела о теракте в «Крокусе» арестовывали за хулиганство

Григорий Лепс решил ответить на нападки Артемия Троицкого

Сегодня инспекторы ГИБДД дежурят на дорогах