Иранда саясий туткундар кармалган абакта өрт чыгып, төрт киши набыт болду
Тегерандагы саясий туткундар жана оппозициячыл ишмерлер отурган түрмөдө өрт чыгып, төрт киши набыт болуп, 61 киши жараат алган. Бул тууралуу 16-октябрда сот органынын Mizan.news сайты кабарлады. Эвин түрмөсүндө жүздөгөн киши кармалып турат. Иран бийлиги өрттүн себебин так айткан жок. Ага абактагыларды күнөөлөдү. Абак жайдын өрттөнүп жатканы тууралуу кабарлар 15-октябрда кечинде чыкты. Күбөлөр абактан атышуулар жана жарылуулардын добуштары угулганын айтууда. Иранда хижабсыз жүргөнү үчүн кармалып... Читать дальше...