Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Новости за 24.10.2022

Жалал-Абадда жана Өзгөндө бийликтин саясатын колдогон митинг өттү

Azattyk.org 

24-октябрда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрынын алдына ондогон адам чогулуп, президент Садыр Жапаровдун саясатын колдогон митинг өткөрүштү. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге да ишеним артып, бийликти сындагандардан өлкөдөгү кырдаалды олку-солку кылбоону талап кылышты. Ушул күнү Өзгөн райондук акимчилигинин алдына да 100дөн ашуун адам чыгып бийликтин саясатын колдой турганын билдирип, биримдикке үндөгөн акция өткөрүштү. Ал арада Өзгөндүн... Читать дальше...

Садыр Жапаров Си Цзиньпинди үчүнчү мөөнөткө шайланышы менен куттуктады

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Си Цзиньпинди Кытай Коммунисттик партиясынын Башкы катчысы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Анда президент Жапаров кыргыз-кытай мамилеси тездик менен өнүгүп жатканын белгилеген. "Биздин мамлекеттердин ортосунда саясий өз ара ишеним бекемделип, соода-экономикалык кызматташтык тынымсыз кеңейип, ынак коңшулук жана достук тереңдеп жатат. Эки өлкө “Бир алкак, бир жол” долбоорунун алкагында саясий ишенимдин негизинде тыгыз кызматташып... Читать дальше...

Кыргызстанда айрым провайдерлерде интернет жакшы иштебей калды

Azattyk.org 

Кыргызстанда 24-октябрда айрым провайдерлерде интернет жакшы иштебей калды. Колдонуучулар "Мегаком" уюлдук байланыш операторунун "Акнет", "Элкат", "Кыргызтелеком" компанияларында интернеттин ылдамдыгы начарлап кеткенине даттанышууда. Аталган компаниялар буга интернет жеткирүү линиясындагы техникалык мүчүлүштүк себеп болгонун билдиришти. Санариптик өнүктүрүү министрлиги интернет жеткирген магистралдык линиялардын биринде авария болгонун, жакын арада калыбына келтирилерин маалымдады.  Ошол эле... Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

25-октябрда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18; Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9... Читать дальше...

Бишкекте жапырт кармоолорго каршы жүрүш өттү

Azattyk.org 

Бишкекте 24-октябрда оппозициялык саясатчы, активисттерди жапырт кармоолорго каршы жүрүш өттү. Уюштуруучулар ага 500гө жакын адам катышканын билдиришти. Акцияга чыккандар темир жол бекетинин алдына чогулуп, Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтына чейин жөө барышты.

"Бүтүн Кыргызстандын" мүчөсү Айтбаев өзүн милиция кармап кеткенин билдирди

Azattyk.org 

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев өзүн милиция кармап кеткенин билдирди. Ал "Азаттыкка" милиция аны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) алып барганын, азыр ошол жакта отурганын кабарлады. "Мени бүгүн, 24-октябрда кармап, "Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына барасың" дешти. Себебин түшүндүрүшкөн жок. "Кемпир-Абад боюнча кармадыңарбы?" деп сурасам, "ооба" дешти. Түндө үйгө да келишкен экен, бирок эч ким жок болчу", - деди Айтбаев. Шаардык милиция анын кармалышы тууралуу маалымат бере элек. Читать дальше...

Абыкеев: Бийлик диалог түзүү үчүн болгон күч-аракетин жумшап жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанда "массалык башаламандыкка даярданды" деген шек менен 20дан ашуун активист, саясатчы камалды. Бийликтин мындай кадамына нааразы болгондор 24-октябрда Бишкекте жөө жүрүш өткөрдү. Соңку кырдаал, ага бийликтин мамилеси тууралуу президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев "Азаттыкка" маек курду. - Чолпонбек мырза, Кыргызстанда оппозициячыл маанайдагы 20дан ашуун активист, саясатчы камалды. Оппозиция жана жарандык коом болсо муну куугунтук катары сыпаттап жатат. Мындай сынга кандай жооп бересиз... Читать дальше...

Жазуучу Салман Рушдинин көзү кол салуудан кийин көрбөй калды

Azattyk.org 

Теги британиялык, учурда АКШда жашаган жазуучу Салман Рушди августтагы кол салуудан кийин бир көзүнөн сокур болуп, бир колу дээрлик кыймылдабай калды. Бул тууралуу Рушдинин адабий агенти Эндрю Уайли кабарлады. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, жазуучу кайсы жерде экенин тактаган жок. Окуя 12-августта АКШнын Нью-Йорк шаарында болгон. Рушди Chautauqua Institution билим берүү борборунда дарс окууга даярданып жатканда, белгисиз адам сахнага чуркап чыгып, ага бычак сайып, муштуму менен токмоктогон. Читать дальше...



Ошто активисттер камоолорго каршы чыгышты

Azattyk.org 

Ош шаарында ондон ашуун адам Бишкекте саясатчылардын жана активисттердин камакка алынышына байланыштуу 24-октябрда нааразылык акциясына чыгышты. Алар калаа мэриясынын жанында сөз, ой эркиндигин коргоону талап кылган плакаттарды көтөрүп турушту. 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. 24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Читать дальше...

Журналист Алишер Саиповдун апасы президентке кайрылды

Azattyk.org 

Мындан 15 жыл мурун киши колдуу болгон, таанымал журналист Алишер Саиповдун апасы Зайнапхан Саипова президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, уулунун ишин иликтөөгө чекит коюп берүүнү суранды. Кайрылууну 24-октябрда Бишкекте Саиповду эскерген иш-чарада иниси Шахрух Саипов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго бергенин айтты. "Сизге чейин мамлекетибизди башкарган президенттердин уулум Алишердин ишин аягына чыгарууга саясий эрки жетпеди. Андай эркти көрсөтүүнү сизден үмүттөнөм", - дейт Саипова. Читать дальше...

COVID-19: бир аптада 65 адам вируска чалдыкты

Azattyk.org 

17-23-октябрь күндөрү Кыргызстанда 65 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Анын ичинен 14 бейтап ооруканага жаткырылды, 51 адам үйүнөн дарыланууда.  Саламаттык сактоо министрлигинин маалымдашынча, өлкөдөгү бардык аймактар жашыл зонада. Жыл башынан бери Кыргызстанда 21 651 адам коронавируска чалдыккан. Жалпы пандемия башталгандан берки аралыкта үч миңдей адам оорудан көз жумган. (ZKo)

Бишкекте акцияга чыккандар президентке кайрылуу жолдошту

Azattyk.org 

Бишкекте массалык кармоолорго каршы 24-октябрда уюштурулган акциянын катышуучулары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Алар камалгандарды бошотууга чакырган кайрылууга Ала-Тоо аянтында кол коюп, тарай баштаганын "Азаттыктын" кабарчысы маалымдады. Темир жол бекетинен Ала-Тоо аянтын көздөй жүрүшкө чыккандар "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербөөнү, бул жаатта пикирин эркин айтып чыккан саясатчыларды, активисттерди камактан бошотууга үндөштү. Уюштуруучулар акцияга 500дөй киши катышканын билдиришти. Читать дальше...

Депутат Самыйкожо камалган активисттерди бошотууга чакырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо активисттердин, саясатчылардын камалышын сындап, бийлик мындай жол менен "максатына жете албай турганын" айтты. Ал Фейсбуктагы баракчасынан видеокайрылуу жолдоп, "кеч боло электе" аларды бошотууга чакырды. "Андан көрө алар менен сүйлөшүү жүргүзгүлө, тактоо иштерин жүргүзгүлө. Билгениңер болсо, алар коомго ушунчалык коркунуч жаратып жаткан болсо, элге салып, уяткаргыла. Минтип камоо жолу менен, коркутуу жолу менен максатыңарга жетпейсиздер", - деген депутат... Читать дальше...

15 жыл мурун киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповду эскерүү иш-чарасы өтүп жатат

Azattyk.org 

Кыргызстандык журналист Алишер Саипов 2007-жылы 24-октябрда Ошто көчөдө белгисиз бирөөлөрдүн огунан набыт болгон. 26 жашында киши колдуу болгон журналисттин жаркын элесине арналган иш-чара Бишкекте өиүп жатат. Ага маркумдун жакындары, журналисттер, Акыйкатчы институтунун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 15 жыл мурун Алишер Саиповдун кандай жагдайда өлтүрүлгөнү тууралуу материалдарды сурап, укук коргоо органдарына кайрылганын, бирок эмгиче жооп ала албаганын белгиледи. Читать дальше...

Кадырбеков: Күч менен мамиле кылуу туура эмес

Azattyk.org 

Кыргызстанда "массалык башаламандыкка даярданды" деген шек менен 15тен ашык активист, саясатчы камалды. Бийлик аларды өлкөдөгү абалды курчутууга аракет кылган деп айыптап жатат. Оппозиция жана жарандык коом болсо муну куугунтук катары сыпаттоодо. Соңку кырдаал боюнча Жогорку Кеңештеги "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков "Азаттыкка" маек курду. - Нуржигит мырза, Кыргызстандагы соңку кырдаалды кандай баалайсыз жана абалды жөнгө салуу үчүн эмне кылуу керек? - Кечээ Өзбекстандан келдим. Читать дальше...

Президент Жапаров Кыргызстан тышкы саясатта тең салмактуулукту карманарын билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров дүйнөдө коопсуздукка жаңы коркунучтар, чакырыктар пайда болгонун, эл аралык институттардын жана эл аралык укуктун ролунун алсызданганы байкалганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын бүгүн, 24-октябрда дипломатия тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаган билдирүүсүндө айтылат.  Анда Жапаров азыркы татаал геосаясий кырдаал эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарга олуттуу таасирин тийгизип жаткан учурда Кыргызстан дайымкыдай көз карандысыз, ырааттуу... Читать дальше...

Ошто каналдан үч жаштагы кыздын сөөгү табылды

Azattyk.org 

Ош шаарындагы Керме-Тоо айылында үч жаштагы кыз каналга түшүп кетип, каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, 23-октябрда саат 20:21де милицияга маалымат түшкөн. Кызды издөөгө Ички иштер министрлигинин беш кызматкер, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төрт куткаруучусу жана 25 жергиликтүү тургун тартылып, наристенин сөөгү суудан табылган.  Учурда кыздын өлүмүнүн себептери такталууда. Ош шаардык милициясы 1-июлда Ош-Араван каналынан 27 жаштагы жарандын сөөгү табылганын билдирген. Читать дальше...

Өзгөндө жер титиреди

Azattyk.org 

23-октябрда саат 21:24тө Өзгөн районунун Шераалы, Чимбай, Мырза-Арык, Куршаб айылдарында жана Өзгөн шаарында күчү үч баллга, Тогой, Шоро-Башат, Красный-Маяк, Социализм, Бакмал, Мырза-Аке айылдарында 2,5 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда үч баллды түздү. Баштапкы маалыматтарга караганда, силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок. Акыркы айларда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөөлөр Ысык-Көлдө, Оштун Чоң-Алай районунда... Читать дальше...

Акыйкатчы кармалган саясатчылардын жана активисттердин укуктары сакталышын талап кылды

Azattyk.org 

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 23-октябрда Бишкектин төрт райондук ички иштер бөлүмдөрүндө (РИИБ), Аламүдүн райондук милиция бөлүмүндө кармалып турган 18 саясатчы жана активист менен жолугушту. Кармалгандар өздөрүнүн үйлөрү тинтилип, кармалышын Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршылыгын билдиргени менен байланыштырып жатканын айтышкан. Омбудсмендин аппараты тараткан билдирүүдө маалымдалгандай, жолугушуунун жыйынтыгында активисттерди кармоо учурунда адам укугу одоно бузулганы аныкталган. Читать дальше...

Борис Жонсон премьер-министрликке ат салышпай турганын билдирди

Azattyk.org 

Британиянын мурунку премьер-министри Борис Жонсон өкмөт башчылыкка кайрадан ат салышкан турганын билдирди. Бул тууралуу ал жекшембиде кечинде маалымдагандпй, "100 добуш чогултуп, атаандаштыкта жеңип чыгарына көзү жетсе да, бирок Консерваторлор партиясындагы өзүн колдогон жана каршы турган мүчөлөрүн бириктире албасын түшүнгөн соң, ат салышпоону чечкен". Айрым байкоочулар эми британ өкмөтүнүн башына бир гана талапкер - мурдагы финансы министри Риши Сунак болушу ыктымалдыгын айтышууда. Жекшембиде ал өзүнүн талапкерлигин расмий жарыялады. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Александр Зверев

Александр Зверев раскритиковал график соревнований в туре






Консультант Лейкина назвала китайский языком деловой успешности

В. Путин поручил подключить к газу более 3 млн домов по программе социальной газификации

РФ не пригласила на парад Победы официальных лиц недружественных стран

Саммит Евразийского экономического союза в Москве. Главное