Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Новости за 26.10.2022

Чек ара: дайынсыз кеткен жоокерге таандык деген сөөктүн ДНК-анализи чыкты

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында дайынсыз жоголгон аскер Дастан Анарбековго тиешелүү делген сөөктүн ДНК-анализи чыкты.  Анын апасы Сауле Иманалиева мындай жыйынтык менен макул эместигин билдирип жатат:  "Жолдошум Аскер прокуратурасына барып, иш кандай жүрүп жатканын сурайын десе, ДНК-анализи чыкканын айтыптыр. Бизди өздөрү атайын чакырышкан жок. Анан ачылган конвертти көрсөтүп "мына 90% силердин балаңарга дал келет" деп айтыптыр. Бизди чакырбай эле конвертти ачып коюптур. Ошондуктан ишенбей кайра... Читать дальше...

Москва картасы: чек араны чечүүгө арачы керекпи?

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр-чатактар тынчыбай келет. Соңку бир жарым жылдын ичинде эки ирет чоң кагылышуу болуп, жүздөгөн адамдардын каны төгүлдү. Тараптар сүйлөшүү жүргүзүп жатса да, талаш маселелер боюнча бир пикирге келе алган жок. Акыркы күндөрү чыр-чатакты чечүү үчүн башка бир жак арачылык кылсын деген сунуштар айтыла башталды. Ким ортомчу боло алат? Үчүнчү жактын кийлигишүүсү жаңжалды ого бетер ырбатпайбы? Ушул суроолорду кыргызстандык публицист Мүсүркул Кабылбеков менен... Читать дальше...

Флай: Эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөт

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосунун жана “Настоящее время” телеканалынын айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу билдирүү жасады. “Эркин Европа/Азаттык” радиосу окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат. Биз суроо жараткан материалды кайра карап чыгып, стандарттарыбыз бузулган жок деген жыйынтыкка келдик. Кремль же кыргыз өкмөтү болобу, тең салмакталган материалды сайттарыбыздан алып салуу талабына моюн сунбайбыз. Журналисттерди... Читать дальше...

Төө-Ашуудагы автоунаа кыймылына чектөө киргизилди

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунан жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдагандай, чектөө бүгүн, 26-октябрда саат 11:40тан тартып киргизилди, аба ырайы жакшырганга чейин уланат. Маалыматка ылайык, ашууда кар бурганактап жаап жатат. Транспорт ишканалары жолду кардан тазалоо жана кум-шагыл чачуу иштерин жүргүзүп жатканын министрлик маалымдады. Кыргызстанда 17-октябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. "Кыргызгидромет" өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын болуп... Читать дальше...

Бишкекте "МедиаКоон: Эркиндик үчүн" форуму өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте "МедиаКоон: Эркиндик үчүн" форуму өтүп жатат. Форум теңчиликти, жарандык активдүүлүктү, саясий сабаттуулукту жайылткан медиа долбоорлорлорго арналган иш-чара. Novotel конок үйүндө уюштурулган жыйында куралдуу кагылышуу, журналисттик иликтөө, протесттик музыка, жарандык журналистика, активдүүлүк жана уникалдуу социалдык долбоорлор жөнүндө панелдик талкуулар болууда. Спикерлердин арасында жергиликтүү журналисттерден тышкары Өзбекстандагы Hook.report көз карандысыз медиасынын редактору Виктория Ерофеева... Читать дальше...

Акыйкатчы институтунун 20 жылдыгы белгиленүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн, 26-октябрда Кыргызстанда Омбудсмен институту түзүлгөнүнүн 20 жылдыгы белгиленип жатат. Буга байланыштуу "Акыйкатчы институтунун адам укугун коргоодогу ролу" аттуу илимий-практикалык жыйын уюштурулган. Ага эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, бийликтин өкүлдөрү жана бир нече чет мамлекеттердин акыйкатчылары чакырылган. Жыйында Акыйкатчы институтунун Кыргызстанда адам укугун коргоо жаатындагы жүргүзгөн иштери, мамлекеттик бийлик, Жогорку Кеңеш жана жарандык коом менен кызматташуусунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди. Читать дальше...

Эски аянтка белгиленген митинг болгон жок

Azattyk.org 

Бүгүн, 26-октябрда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдындагы Эски аянтка белгиленген митинг болгон жок. Кабарчыбыздын жеринен билдиргенине караганда, аянттагы эки-үч адам Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине нааразылыгын билдирип келишкенин айтышты. Эски аянтта милиция кызматкерлери көп жана кармалган адамдарды ташуучу атайын автобус алып келинген. Мурдараак "Кемпир-Абадды коргоо комитети" 26-октябрда Бишкекте башаламандык уюштурууга шек саналып жапырт камалгандарды бошотуу жана Кемпир-Абад суу сактагычын... Читать дальше...

27-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот

Azattyk.org 

Кыргызгидромет кызматы кабарлагандай, 27-октябрга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 5...10, Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 4...9, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1...6... Читать дальше...



Кемпир-Абад: Суунун чеги суроо жаратууда

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстан жер алмашып, чек ара маселесине чекит коюуга аракет кылууда. Кыргызстан кошуна өлкөдөн 19699 гектар жер алып, ордуна Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин берүүгө белсенип турат. "Азаттык" кыргыз-өзбек бийлиги пландаган жаңы чек аранын, 900-горизонталдын чегин иликтеди.

Нурланбек Шакиев КМШ Парламенттер ассамблеясынын жыйынына катышат

Azattyk.org 

Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган бир катар депутаттар Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Өзбекстанга кетти. Иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев КМШ парламент башчылары менен жолугат. Самарканд шаарында өтүүчү жыйындарда Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгын тапшыруу да каралган.  Кыргызстандын делегациясында Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов... Читать дальше...

Баткендик ишкерлер 217 млн. сомдон ашуун насыя алышты

Azattyk.org 

Баткен облусунун ишкерлери 217 млн. 270 миң сом жеңилдетилген насыя алганын Финансы министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, "Айыл банк" аркылуу жалпы 305 арыз канааттандырылган. Баткен облусун өнүктүрүү жана чек ара жаңжалдарынан жабыркагандарды колдоо максатында аймакты жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо долбоору бекитилген. Долбоорго ылайык, насыялар облустун чек ара аймактарында жашаган адамдарга жана ишканаларга берилет. Айыл чарба, өнөр жай, кайра иштетүү, туризм, транспорт, соода... Читать дальше...

Кемпир-Абад: кармоодогу калпыс жагдайлар

Azattyk.org 

Башаламандык уюштурууга шек саналган саясатчылар менен жарандык активисттердин жактоочулары тинтүү жана кармоо учурунда одоно мыйзам бузган учурлар тууралуу айтышууда. Маселе парламенттин укук тартиби комитетинде каралып, Ички иштер министрлиги түшүндүрмө берди. Министрдин орун басары Эркебек Аширходжаев кылмыш иши үндөрү жашыруун жаздырылган оппозициянын жыйынынан эки күн мурда козголгонун, жетиштүү далилдер бар экенин билдирди. Жыйынга барбай, кармалгандар "Кемпир-Абадды коргоо комитетин"... Читать дальше...

Жогорку Кеңеш 23 адамдын жапырт камалышы боюнча ИИМдин маалыматын угат

Azattyk.org 

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Бишкекте башаламандык уюштурууга шек саналып кармалып, 23 адамдын жапырт камалышы боюнча маселени отурумда кезексиз кароону талап кылды: "Өкмөт суранып жатат, президент айтып жатат" деген негиз менен маанилүү-маанисиз көп эле маселелерди кезексиз карап жүрөбүз. 23 адам камалды, алардын артында 23 үй-бүлө турат. Эл аралык уюмдар кабатырланып, билдирүү кылып жатат. Биз түбүндө туруп, карабай, унчукпай койгонубуз таптакыр туура эмес", - деди Мадумаров. Читать дальше...

Борбор калаага жылуулук берилди

Azattyk.org 

Шаардык мэриянын маалымдашынча, 26-октябрдан тартып Бишкекке жылуулук берилди. Маалыматка ылайык, жылуулук алгач ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге жана башка социалдык мекемелерге берилди. Андан кийин турак жайларга, ишкана мекемелерге берилет. Жылуулук бериле баштаганда шаардын борборундагы Москва-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги суу түтүгү жарылган. Күбөлөр бийиктиги 10 метрге жеткен ысык суу фонтаны бир нече мүнөт атырылып турганын соцтармактарга жазышты. Мэрия маалыматты ырастап, түтүктөр калыбына келтирилгенин билдирди. Читать дальше...

Соцтармактарда жапырт камалгандарды колдоо үчүн акча чогултуу иши башталды

Azattyk.org 

Социалдык тармактарда "Саясий туткундарды колдоо эсеби" деген аталыш менен акча чогултуу жараяны башталды. Алгач бул тууралуу 23-октябрда кармалып, 24-октябрда соттун чечими менен эки айга камалган жарандык активист Али Шабдандын келинчеги Нурайым Сыдыгалиева Твиттердеги баракчасына жазды. Анын маалыматына караганда бул эсепке чогулган акча "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин ишмердүүлүгүнө жумшалат жана бир бөлүгү камакта отурган активист-саясатчылардын үй-бүлөсүнө берилет. Ушундай эле билдирүүнү... Читать дальше...

Түштүк Корея Кыргызстанга төрт "Тез жардам" автоунаасын берди

Azattyk.org 

"Тез жардам" автоунаалары Кыргызстандын Сеулдагы элчилиги менен Түштүк Кореянын Улуттук өрт өчүрүү агенттигинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде берилди. 19-октябрда Түштүк Кореянын Кёнгидо провинциясында автоунааларды берүү аземи болуп, ага Сеулдагы кыргыз элчиси Аида Исмаилова катышты. Түштүк Кореянын Улуттук өрт өчүрүү агенттигинин өкүлү мындан ары да кызматташууга, заманбап өрт өчүрүүчү жана "Тез жардам" автоунааларында иштөөгө кыргызстандык куткаруучуларды окутууга даяр экенин айтты. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Александр Зверев

Александр Зверев раскритиковал график соревнований в туре






Минобороны опубликовало видео Парада Победы в Москве глазами лётчиков ВКС

Традициям верны: 91-я эстафета «Серебряная ладья» прошла в День Победы

ЕС в июне хочет запретить реэкспорт российского СПГ через Европу в третьи страны

На квадроциклах и мотобайках в память о дедушках и бабушках: в Подмосковье состоялся сельский автопробег в День Победы