Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 14.06.2021

Ошто шайлоо өнөктүгү баштала электе милицияга төрт арыз түштү

Azattyk.org 

Ош шаардык милициясына шайлоо өнөктүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча 13-июнга чейин төрт арыз келип түштү. Бул тууралуу 14-июнда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ашим Раимбердиев билдирди. Анын айтымында, арыздардын үчөө мектепте административдик ресурс колдонулуп жатканы, бирөө Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын кызматкери акча таратканы тууралуу жазылган. 14-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы  Нуржан Шайлдабекованын, мэр Таалайбек Сарыбашовдун жана шайлоо... Читать дальше...

Балдар үйүндөгү өлүмдүн чоо-жайы иликтенүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку эки күндө эле жол кырсыгынан 15 адам ажал тапты. УКМК парламент депутаты жасалма диплом колдонгону аныкталганын билдирди. Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу эскпертиза дайындалды.Коронавирустан улам Санкт-Петербург жана Москвада чектөөлөр киргизилди.

Токаев менен Халилзад Ооганстандагы коопсуздукту талкуулады

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзадды кабыл алды. Бул тууралуу 14-июнда Казакстандын расмий маалымат каражаттары жазып чыгышты. Жолугушууда тараптар Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоонун шартында казак-америкалык кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Анда Ооганстандан АКШ аскерлери чыккандан кийинки коопсуздукту камсыздоо маселеси көтөрүлгөн.   Халилзад жолугушуу маалында Ооганстандагы кырдаал жана... Читать дальше...

УКМК журналисттин дронун кайра берди

Azattyk.org 

14-июнда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти Адилет Бектурсунов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Баткен облусундагы бөлүмүнө чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Журналисттик топ "Азия 360" программасына Баткендин Айдеркен шаары тууралуу берүү тартып жүргөн. Иш учурунда шаардын жалпы көрүнүшүн алуу максатында асманга дрон учурушкан. "Чек ара кызматынын Айдаркендеги өкүлдөрү дронубузду жана документтерибизди алып коюшкан. Сүйлөшүүдөн кийин документтерибизди дароо кайтарып беришти. Читать дальше...

COVID-19: АКШда Novavax вакцинасы сыноодон өттү

Azattyk.org 

Америкалык Novavax фармацевтикалык компаниясы дүйшөмбү күнү COVID-19 илдетине каршы вакцинасынын клиникалык сыноонун үчүнчү фазасынын жыйынтыгын жарыялады. Анын натыйжалуулугу 90,4%  түздү. Вакцинаны сыноого АКШ менен Мексикадан 30 миңден ашуун ыктыярчылар катышты. Маалыматка караганда, ал илдеттин оор өткөн түрүн 100%  натыйжа менен алдын ала турганы көрсөтүлдү. Анткени, клиникалык сыноолор учурунда ага катышкандардын эч кимиси коронавирустун оор түрү менен ооруган эмес. Novavax алдыдагы кварталда... Читать дальше...

Түндүк-түштүк жолу: долбоордун баасы 937 миллион долларга чыкты

Azattyk.org 

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна тартылган каражат тууралуу маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, бул долбоордун баасы баш-аягы 937 миллион 500 миң доллар деп эсептелген. Анын ичинен 857 миллион 400 миң доллары насыя, 46 миллион 200 миң доллары грант. Бул каражат Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктарынан алынган. Кыргыз өкмөтү ага 33 миллион 700 миң доллар кошкон. Бул тууралуу... Читать дальше...

Бээжин "Чоң жетинин" сынын четке какты

Azattyk.org 

Кытайдын Лондондогу элчилиги “Чоң жетинин” билдирүүсүн өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү деп баалап, топту “саясий манипуляция” үчүн айыптады. Анын алдында “Чоң жетинин” лидерлери Англиядагы саммитте Бээжинди Шинжаң жана Гонконгдо адам укуктарын бузууда деп сындашкан.



“Манастын урпагы экенибизди далилдейли"

Azattyk.org 

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Кенжеке Кадыралиевадан келген блог. Дүйнө жүзүндө канчалаган түркүн улут, түркүн эл бар. Бири кайнаган ысык чөлдү мекендесе, кээ бирлери жайынан кышы арбын, ак кар, көк муздуу аймакта жашашат. Бири өз тилинде сүйлөсө, кээ бири өз тилин унутуп, өзгө тилде сүйлөп калган. Ал эми өз мекени жок, өзгө жерлерде чачыранды жашап калган улуттарчы. Мына ушуларга ой жүгүртүп келип, анан өзүндүн элиң, жериң, мекениң жөнүндө ойлоносуң.  Кыргыз эли өтө эле байыркы эл. Читать дальше...

Баткен: айыл эли көчүрүп кетүүнү суранды

Azattyk.org 

Баткенде тажик кыштактары курчап турган Достук айылынын тургундары чек арада кырдаал курчуган сайын үй-жайын таштап качууга мажбур. Таш-Тумшук айылынын тургундары көчүрүп кетүүнү суранып жатышат. Лейлектин Максат, Арка айылдарында жаңжалда талкаланган үйлөрдү кайра куруу иштери нараазылык жаратты.

УКМК: Абхазиядан мыйзамсыз ташылган машиналар кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Чалдыбар-автожол" (кыргыз-казак чек арасындагы) өткөрүү пунктунан Абхазиядан аткезчилик жол менен автоунааларды ташып келген схеманы аныктады. Машинелер Армения аркылуу жасалма документ менен ташылып келаткан. Атайын кызмат бул фактыны “Экономикалык аткезчилик” беренеси менен иликтеп жатат. Ага ылайык, 9-июнда Кыргызстандын жараны ("И.Т.К.") "Вольво" маркасындагы автотралга сегиз автоунааны жүктөп келе жатканда "Чалдыбар-автожол" бекетинен колго түшкөн. Читать дальше...

АКШда үч кыргызстандык бир жылдан бери дайынсыз болууда

Azattyk.org 

АКШда үч кыргызстандык жаран бир жылдан бери дайынсыз болууда. 81 жаштагы Токтосия Курманбекова, анын 42 жаштагы кызы Насипа Душенова менен 10 жашар небереси Ализа Душенованын дайыны 2020-жылдын июнь айынан бери чыга элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" Насипанын бир тууган эжеси Фатима Душенова кабарлады. "Акыркы жолу сиңдим менен былтыр 8-июнда байланышкам. Ал жаңы жерге көчкөнү жатканын айтып, тыйын сураганынан акча салгам. Акчаны июндун аягында чыгарып алыптыр. Бирок ошондон бери үчөө тең дайынсыз. Читать дальше...

Орхан Инандынын жоголгонуна жарым ай болду

Azattyk.org 

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын жоголгонуна жарым ай болду. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы издөө иштери уланып жатканын кабарлады. Аталган мекеменин басма сөз катчысы Улан Жумаковдун айтымында, издөө иштерин Ички иштер министри өзү көзөмөлдөп жатат. Кыргызстанда 20га жакын "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык адам. Ал 1-июнга караган түнү Бишкекте жоголгон. Читать дальше...

SIPRI: Орусия менен АКШ өзөктүк куралдын санын көбөйттү

Azattyk.org 

Дүйнөдө кеңири жайылган өзөктүк куралдын саны 3720дан 3825ке өстү. Орусия менен АКШга жогорку даярдыктагы абалда турган эки миңге чукул өзөктүк дүрмөт таандык. Бул тууралуу Тынчтыктын көйгөйлөрүн изилдеген эл аралык Стокгольм институтунун (SIPRI) 14-июндагы баяндамасында жарыяланды. Ошол эле кезде дүйнө жүзүндө өзөктүк куралдын саны 13 400 минден 13 080ге азайган. SIPRI институтунун эксперттеринин маалыматы боюнча Орусия өзөктүк дүрмөттөрүнүн санын 120га кыскартса, АКШда ыкчам күчтөрдүн карамагындагы... Читать дальше...

Минскиде сот София Сапеганын арызын четке какты

Azattyk.org 

Дүйшөмбү күнү Минскиде сот беларус активистти Роман Протасевич менен бирге кармалган орусиялык София Сапеганын кармоонун мыйзамсыздыгына байланыштуу арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттиги кабарлады. Сот жараяны тергөө абагында отурган София Сапеганын  катышуусу жок өттү. Бул анын кармоонун мыйзамсыздыгына даттанып, бирок сот четке каккан экинчи арызы. Анын адвокаты Александр Филанович тергөө комитетинен София Сапегиге дагы бир жаңы иш козголгонун кабарлашканын айтты. Читать дальше...

Kyrgyz Network: Билим сапаты жакшырышы керек

Azattyk.org 

Бишкекте Kyrgyz Network академиялык уюму билимдүү жаштардын башын бириктирип, жыйын өткөрдү. Ага башка мамлекеттерде иштеп жаткан жаштар дагы катышты. Алар өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Уюштуруучулар жыйындын максаты жаштарга замандын талабына ылайык билим берүү жолдорун талкуулоо экенин билдиришти.

Мурдагы дүйнө чемпиону Александр Поветкин бокстон кетти

Azattyk.org 

Бокс боюнча эң оор салмактагылар арасында 2011-жылдагы дүйнө чемпиону  орусиялык Александр Поветкин спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады. 41 жаштагы спортсмен быйыл март айында британиялык Диллиан Уайтка техникалык нокаут менен утулуп, оор салмактагылардын WBC версиясы боюнча убактылуу чемпиондук курун жоготкон болчу. “Мен азыр 20 жашта эмесмин. Мындай чечим оңой болгон жок. Бирок убакыт өзүн көргөзөт экен”, – деп айтканын РИА "Новости" агенттиги ага шилтеме берип, жазып чыкты. Поветкин спорттук карьерасында 36 жолу жеңип... Читать дальше...

Ишенапысова: Индия вакцина сатпай, "AstraZeneca" кечигүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанга эл аралык COVAX программасы менен келе турган 210 миң доза "AstraZeneca" вакцинасы Индиянын Серум институту чет өлкөгө вакцина сатууну токтоткондон улам кечигүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова маалымдады. "Индиядагы Серум институту чет өлкөлөргө такыр вакцина чыгарбай жатыптыр. Эл аралык келишим боюнча "AstraZeneca" вакцинасы Борбор Азияга Индия аркылуу келмек. Балким алар өзүнүн калкын эмдеп жатышат. Бирок азыркы... Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Казакстанда коронавирус күч алды

Azattyk.org 

Өткөн эс алуу күндөрү Казакстанда коронавирус илдетинин тест менен аныкталган 967 жаңы учуру катталып, 19 адам көз жумду. Алардын үчтөн бири Нур-Султан шаары менен Караганда облусуна туура келет. Баш калаада 215 учур аныкталса, Карагандада 165 кишиден  вирус табылды. Быйыл март айынан бери өлкө боюнча жалпы инфекциянын лабораториялык жактан тастыкталган учуру 402 239 адамды түздү. “Ковидге окшош өпкө кагынуусу” менен 12-июнда 11 учур аныкталганын Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Читать дальше...

Айсулуу Тыныбекова UWW рейтингинде биринчи орунга чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстандык спортчу, күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу сөз болуп жаткан уюмдун сайтына жарыяланды. Балбан кыз мындай ийгиликке 8-13-июнь күндөрү Польшанын борбору Варшавада өткөн “Poland Open” эл аралык мелдешинде алтын медаль уткандан кийин жетти. Айсулуу бул мелдештин финалында канадалык Анна Паула Годинез Гонзалезди 7:1 эсеби менен жеңген. Айсулуу азыркы тапта дүйнө чемпиону. Ал бул наамга... Читать дальше...

“Чоң жети” Бээжинди адам укугунун абалынан улам айыптады

Azattyk.org 

"Чоң жетинин" лидерлери биргелешип кабыл алган коммюникеде Кытайдагы рыноктук эмес экономикалык практикага жана Шинжаң менен Гонконгдогу адам укугун одоно бузган учурларга кылдат көңүл буруу маселеси айтылды. Кытайдын Лондондогу элчилиги “Чоң жетинин” бул билдирүүсүн өлкөнүн ички ишине одоно кийлигишүү катары айыптап, аны "саясий бурмалоо" деп атады. Кытай элчилиги билдирүүсүндө “Чоң жети” жасалма тиреш жаратуунун ордуна эл аралык өз ара аракеттенүүгө көмөктөшсө болмок” деп билдирди. Бээжиндин... Читать дальше...

Асыл тукум "Арашан" кочкорлору

Azattyk.org 

Кыргызстанда малдын санына эмес, сапатына көңүл бурган чарбалар көбөйүүдө. Ушул тапта этти жана сүттү арбын берген бодо мал менен катар эле эти көп, жүнү сапаттуу койлорду, асыл тукум жылкыларды көбөйтүп жаткан 263 чарба бар.

COVID-19: Жалал-Абадда облустук ооруканада орун калбай калды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү 65 керебеттин баары толуп калгандыктан, кошумча стационар ачуу зарылчылыгы жаралды. Бул тууралуу 14-июнда облустук штабдын жыйынында өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлүнүн биринчи орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди. “Жалал-Абад облустук ооруканасындагы керебеттер толуп калгандыктан, Аксы жана Ноокен райондук ооруканалары коронавируска чалдыккандарды кабыл ала баштады. Акыркы учурда эң көп коронавирус менен кайрылгандар Ноокен районунун тургундары болууда. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Россиянин Сафиуллин потерял четыре места в рейтинге ATP






Стартовал международный детский конкурс AI Challenge

Защита "крабового короля" Кана обжалует приговор по делу об убийстве по найму

Студентка из Асбеста победила в областном чемпионате профмастерства

Команды Госинспекции по недвижимости выиграли гран-при в проекте «Технолидеры Москвы»