Муфтияттын тизгини Ракиевге берилди
Кыргызстан мусулмандарынын жетинчи курултайында Замир Ракиев муфтий болуп бекиди. Анын талапкерлигин Аалымдар кеңеши курултайга алып чыкты. Муфтийлик орун төрт жарым айдан бери бош турган. Эки жолу шайлоо белгисиз себептерден улам жылдырылган. Кыргызстан мусулмандарынын жетинчи курултайына жети облустан 220 делегат келди. Курултайда муфтийди бекитүү, аалымдар кеңешинин жаңы курамын, төрагасын жана борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасын шайлоо каралды. Жаңы муфтий ким? 43 жаштагы Замир Ракиев бир добуштан муфтийликке бекиди. Читать дальше...