Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 08.06.2021

Усманова каракалпак элин капа кылды

Azattyk.org 

Нукустагы “Эл кызматында ” гезитинин башкы редактору менен юристи Өзбекстандын эл артисти Юлдуз Усманованы "каракалпак элине акарат келтирди" деп айыптап, аны сотко беришти.

Өзбекстан Самаркандекке мектеп курмай болду

Azattyk.org 

Өзбекстан Баткен облусунун Самаркандек айылындагы жатак мектептин ордуна жаңы мектеп салып берет. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясы  кабарлады. Маалыматка караганда, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Базаров баштаган делегация менен жолугушкан. Жетекчилер эки тараптуу алаканы арттырууну макулдашкан. Жолугушуу учурунда Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилери 70 жылдык тарыхы бар... Читать дальше...

Дүйнөлүк банк: экономикада өсүш күтүлүп жатат

Azattyk.org 

Быйыл глобалдык экономика 5,6% өсөт деп күтүлүүдө. Бул тууралуу 8-июнда Дүйнөлүк банк билдирди. Жаңы прогноз финансылык институт январда чыгарган болжолдуу санактан 1,5% жогору. Бул –дүйнөлүк экономиканын рецессиядан чыгуусунун эң кубаттуу көрсөткүчү. Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу соода, ишкердик токтоп, эл үйдө отуруп калганда глобалдык экономика төмөндөп кеткен. Дүйнөлүк банктын божомолунда, эми АКШнын экономикасы 6,8% өсөт. Январда бул сан 3,5% деп көргөзүлгөн. Кытайдын экономикасын 8,5% сүш күтүүдө. Читать дальше...

Кумтөрдүн азыркы абалы

Azattyk.org 

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.

Архитектура агенттигинин жетекчиси алмашты

Azattyk.org 

Уланбек Калманбетов Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 8-июнда кол койду. 40 жаштагы Калманбетов быйыл апрель айында транспорт, курулуш, архитектура жана комуникация министринин орун басары болуп дайындалган. 5-майда жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Транспорт министрлигинен бөлүнүп, өзүнчө түзүлгөн. Читать дальше...

Младичтин өкүмү өзгөртүлгөн жок

Azattyk.org 

БУУнун Гаагадагы трибуналы Босния армиясынын мурдагы кол башчысы Ратко Младичтин апелляциялык арызын канааттандырган жок. “Босниянын касапчысы” деген атка конгон мурдагы аскер башчы 1992-95-жылдары Босния-Герцеговинадагы уруш маалындагы геноцид, адамзатка каршы кылмыштар жана согуштук кылмыштар  үчүн айыпталган.  2017-жылы өмүр аягына чейин кесилген. Соттун 8-июндагы отуруму пандемиядан улам жабык өттү. Ага тагылган айыптардын арасында Сребреница шаарчасындагы 8 миңдей мусулман эркек киши менен өспүрүмдөрдү өлтүрүү фактысы да бар. Читать дальше...



Казакстан аскердик жардамдын чоо-жайын түшүндүрдү

Azattyk.org 

Казакстандын Коргоо министрлиги Тажикстан жана Кыргызстанга бериле турган аскердик-техникалык жардамдын чоо-жайын түшүндүрдү. Бул тууралуу 8-июнда "Тенгри ньюс" сайты жазды. Мекеме Казакстандын эки өлкө ортосундагы "чек ара талашын ырбатайын" деген ою жок деп билдирди. Министрликтин айтымында, 2019-жылдын декабрында Тажикстандын Коргоо министрлиги тажик-ооган чек арасындагы абалдын курчушуна байланыштуу аскердик-техникалык жардам сурап кайрылган. Анын негизинде, өкмөт аралык келишим иштелип чыгып, ага быйыл 17-апрелде кол коюлган. Читать дальше...

Бекмурзаев энергетиканы толук реформалай турганын билдирди

Azattyk.org 

Кызматтан алынган Кубанычбек Турдубаевдин ордуна энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалган Доскул Бекмурзаев тармакты кыска арылыкта түп-тамырынан бери реформалай турганын билдирди. "Энергетика системасында олуттуу реформалар болот. Эл каалагандай, самап, күтүп жаткандай реформаларды ишке ашырабыз. Тариф саясатында, башка тармакта кыска аралыкта реформа жасалат", - деди Бекмурзаев. Президенттин администрациясы министрликтеги кадрдык алмашууга комментарий бере элекк. Кубанычбек Турдубаев... Читать дальше...

Талас: Бабановдун тарапташтары митингге чыгышты

Azattyk.org 

Камактагы мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановду колдоо митинги Талас шаарында өтүп жатат. Саясатчынын тарапташтары облустук драм театрынын жанына чогулушту.  Алар Бабановго коюлган айып жалган экенин айтып, соттун жабыктыгына, журналисттерди киргизбей жатканына нааразычылыгын билдиришүүдө. Уюштуруучулар митингге миңден ашуун адам келгенин маалымдашты. Облустук милициянын эсебинде алардын саны 200дүн тегерегинде.  Бабанов учурда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында жатат. Читать дальше...

ТИМ: түрк элчилиги Инандынын аялынын сөзүн четке какты

Azattyk.org 

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инанды түрк элчилигинин имаратында кармалып турат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди. Ага ылайык, 7-июнда ТИМде  Түркиянын элчиси менен жолугушуу өткөн. "Орхан Инандынын аялы жолдошу түрк элчилигинин имаратында болушу мүмкүн деген божомолун айткан. Түрк элчилиги Вена конвенциясына ылайык кол тийгис. Читать дальше...

"Кулактын" уулу Бакир

Azattyk.org 

"Эсимде: өткөн тарыхты эстеп” изилдөө аянтчасы тарабынан даярдалып жаткан “Чиеш тагдырлар II” китебиндеги Алагөз кызы Гүлзаттын кулакка тартылып, сүргүнгө айдалган үй-бүлө тагдырын чагылдырган макаласын сунуштайбыз. Буга чейин жашыруун-жабык келген тарыхты айрым адамдардын өмүр таржымалы аркылуу ачып беребиз. Сүргүн сүртүмдөрүнөн Өкүмат алды малыңды, Көп эле төктү зарыңды. Эч кылмышың жок турса, Кулак кылды баарыңды… (Карасарт) 1929-жылдын аягында башталган туташ коллективдештирүү зомбулук... Читать дальше...

Энергетика жана өнөр жай министри Турдубаев кызматтан бошотулду

Azattyk.org 

Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун жарлыгы президенттин расмий сайтына жарыяланды. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Доскул Бекмурзаев энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды. Кубанычбек Турдубаевдин кызматтан алынган себеби айтылган жок. Ал бул кызматка февраль айында дайындалып, 5-майда жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин министрлик ордун сактап калган. Турдубаев 7-июнда Энергетика... Читать дальше...

Орхан Инандыны издөөгө Интерпол көмөктөшөт

Azattyk.org 

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, бир аптадан бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны издөөгө Интерпол көмөктөшөт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 8-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. “Инандыны Кыргызстандан тышкары эл аралык издөө жарыяланды. Аны Орусиядан, Түркиядан жана дүйнөнүн башка мамлекеттеринен издөөгө өзүбүздүн багыттамаларыбызды жөнөттүк. Ал башка документтерди колдонуп өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн”, - деди Абдиев. Читать дальше...

Чуулгандуу тасма, сотторго сын

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров катышкан жыйында көрсөтүлгөн видеодогу судья Дамирбек Оңолбековдун кызматтан кетиши талаш-талкуу жаратты. Бийликтин соттук реформага аракети Садыр Жапаров 7-июнда Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынында кызуу болуп, иш бөлмөсүнө кире албай жаткан судья тартылган видео көрсөтүлгөн. Ал Чүй облустук сотунун төргасы Дамирбек Оңолбеков экени белгилүү болгон. Жапаров бул окуяга байланыштуу аны кескин сындаган. "Мыйзамдарды алтын тамга... Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Эркин окумуштуулар "Казвак" вакцинасынан күмөн санашат

Azattyk.org 

Казакстандагы эркин окумуштуулар менен дарыгерлер тобу  жергиликтүү "Казвак" (QazVac) вакцинасына каршы чыгышты. Алардын айтымында, аны иштеп чыккандар клиникалык сыноонун жыйынтыгын көргөзө элек жана шек санаткан компоненттерди пайдаланышкан. Бул препаратты кошуна өлкө быйыл апрелде колдоно баштаган. Ал маалда сыноонун клиникалык сыноосу аяктай элек болчу. Вакцинаны иштеп чыккандар "Казвак" коопсуз, вирустан 96 процентке коргойт жана орусиялык "Спутниктен" кем калбайт деп айтышат. Эркин окумуштуулар... Читать дальше...

Бишкекте изделип жаткан 11 жашар кыз табылды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 11 жаштагы Айтурган Садыкова 8-июнда Бишкек шаарындагы батыш автобекетинин аймагынан табылды. Милиция кызды ата-энесине берип, тийиштүү профилактикалык иштерди жүргүзүп жатат.  Айтурган Сыдыкова 6-июнда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Арзы айылынан чоң атасыныкына барам деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын атасы Рустам Момунов "Азаттыкка" билдирген. Кыздын жоголгону тууралуу ата-энеси Кочкордогу милицияга кайрылышкан. Күч кызматкерлери... Читать дальше...

Дубанаев: Аксы окуясын болтурбай коет белем...

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүндө милициянын генералы, “легендарлуу парламенттин” депутаты Садырбек Дубанаев милицияда иштеп калышынын себеби, кантип гербдин автору болгону, кантип генерал чинин алганы, өзүнө козголгон кылмыш иши, чек арачылардын көйгөйү, бийлик менен кылмыштуу топтордун байланышы тууралууу бир топ суроолорго жооп берди.  - Садырбек мырза, совет заманында райондун, облустун жетекчилери ошол деңгээлдеги милициянын начальниктери аркылуу өзүнө жакпаган кызматкерлерди... Читать дальше...

Дубанаев: Аксыга курал алып барбайт элем...

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүндө милициянын генералы, “легендарлуу парламенттин” депутаты Садырбек Дубанаев милицияда иштеп калышынын себеби, кантип гербдин автору болгону, кантип генерал чинин алганы, өзүнө козголгон кылмыш иши, чек арачылардын көйгөйү, бийлик менен кылмыштуу топтордун байланышы баштаган ж.б. суроолорго жооп берди.

Кочкордо байыркы үйдүн орду табылды

Azattyk.org 

Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы археологиялык казуулардын натыйжасында биздин заманга чейин болжолдуу 2500 жыл мурунку кемеге, ошондой эле турак үйдүн орду табылды. Археологдор бул табылга түндүк Кыргызстанда мал чарбачылыгы эле эмес, дыйканчылык дагы өнүккөн деген пикирди ырастарын айтышууда.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Потапова проиграла Фернандес во втором круге турнира WTA в Мадриде






«Текстильный букет Поочья» стартует в Подмосковье 28 апреля

Сбер подарил Орлу умный фонтан

Российские ученые первыми создали средство, способное вылечить болезнь Бехтерева

Губернатор Игорь Руденя ответил на вопросы в прямом эфире телеканала «Россия 24» Тверь