АКШдагы кыргыз мушкери Баратов жеңишке жетти
Кыргызстандык мушкер Басызбек Баратов АКШнын Кентукки штатынын Ашленд шаарында өткөн профессионалдык бокс мелдешинде америкалык Майкл Расселди жеңип алды. Баратовдун "Азаттыкка" маалымдаганына караганда, беттеш 26-июнда болду. 130 фунт салмакта (58.9 кг.) рингге чыккан мушкерлердин таймашында кыргыз боксчусу 2-раундда атаандашын нокаутка узатып, жеңишке жеткен. "Буюрса, бул профессионалдык бокстагы төртүнчү жеңишим. Албетте бул жеңиш мен үчүн оңой болгон жок. Бул күндөргө мен аябай көп даярдандым. Читать дальше...