Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Достойный продолжатель коррупционных дел своего отца Шарабидина Капарова - Шавкат Капаров

0
Достойный продолжатель коррупционных дел своего отца Шарабидина Капарова - Шавкат Капаров

                                     КР Президенти, КР Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

                                                723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-

                                                                  Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)

АРЫЗ                          

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш. Капаров мыйзамсыз баюу максатында көптөгөн коррупциялык схемалар тузуп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Бугунку күндө Капаров үстүнөн 17 кылмыш иши (14 иш Ош областтык ИИБ, 3 иш Финполда) козголгон. Бирок, жемкор Ш.Капаров мурда бизди куугунтуктап: “Менин артымда Матраимовдор кланы турат, Алмамбет Салиев мени коргойт!-деп бизди опузалап, коркутуп, шантаждаган болсо. Азыркы күндө Ш.Капаров: “Мен Жалал-Абад зооветеринарный техникумунда Ташиевдин тууганы менен окуганмын, артымда Ташиев турат” деп бизди коркутууда. К.Ташиев болсо: “Менин атымды ким сатса камаңыз”-деп айткан.

1. КР Президентинин “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгы менен Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына коррупцияга малынбаган, шектелбеген кадрлар дайындалышы каралган. Бирок, Ш.Капаровдун уулу Капаров Шавкат Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк регионунда башкы адиси болуп иштеп тестирлоодон өткөрүп, коррупцияга малынган кадрларды кызмат орундарына дайындалышына чоң салым кошуп жатат. Ошондуктан, КР Президенти С.Н. Жапаров Түштүк регионунда коррупцияны жеңе албайт, КР Президентинин Жарлыгы кагаз жүзүндө калып, амалда болсо жемкорлук күч алат деген тыянакка келип жатабыз.

2. Ш.Капаров Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Искендер Матраимов менен афирленген адамдарга айылыбыздын жерлерин мыйзамсыз ажыратып, өзүнүн уулу Шавкат Капаровду КР Мамлекеттик кадр кызматынын туштук региону боюнча башкы адиси кызматына дайындаган. Ал кызматта Шавкат Капаров Матраимовдорго кызмат кылган кадрларды коюп, мамлекетке чыккынчылык кылып жатат. Мисалы үчүн, Шавкат Капаров мамлекеттик кызмат орду жана жеке кызыкчылыктары ортосунда жеке кызыкчылыктардын кагылышуусу менен өзүнүн жемкор атасын Шарабидин Капаровду тестирлоодон өткөрүп, мыйзамсыз КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы жетекчи кызматына ишке коюуга аракет жасаган.

3. Мамкадр кызматынын адиси Шавкат Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, КР Президентинин “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгы талаптарын одоно бузуу жана КР Президенти С.Н.Жапаровдун коррупция менен күрөшүү саясатына кыргыз элинде ишенбөөчүүлүк жаратуу максатында Баткен облусунун Мамкадр кызматынын кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, өзүнүн атасы Ш. Капаровду Баткенден тестирлоодон өткөрүп, Ош облустук жаштар жана спорт башкармалыгы башчысынын орун басары кызматына дайындайт. Коррупционер Капаров жаштар жана спорттун акчаларын энди жейби?..

4. Мамкадр кызматынын адиси Шавкат Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Мамкадр кызматынын кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, өзүнүн бир тууган иниси Шарабидин уулу Шадыбекди тестирлоодон өткөрүп, Кара-Суу райондук Мамэкотехинспекция башкы адистигине дайындайт. Шарабидин уулу Шадыбек кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып атасы Шараб Капаровдун мыйзамсыз иштерине калкан болуп жатат.

5. КР Мамкадр кызматына бир нече жолу жазуу турундо кайрылып, муниципалдык мулкту мыйзамсыз сатып байыган Капаровдор жана анын туугандары Маматалиевдердин декларацияларындагы маалыматтарды текшерип жана декларацияларын бир нускасын бизге берүүну, Мамкадр кызматынын адиси Шавкат Капаровго чара көрүүну суранган элек. Бирок, Мамкадр кызматы мыйзамсыз байыган Капаровтордун жана Маматалиевтердин декларацияларын, мүлкүн текшерген жана бизге берген эмес. Себеби, жоопкерчиликке тартылбаган Мамкадр кызматынын адиси болуп өзүнүн уулу Ш.Капаров иштейт жана ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, маалыматтарды берүүго мыйзамсыз тосколдук кылып бербей жатат.

6. Бул Ош облусунда жана Кара-Суу районунда кадрларды тестирлоо жана дайындоо жаатындагы иштер азыркы күнгө чейин мыйзамсыз болуп жаткандыгы жөнүндө кабар берет. Суроо туулат эмне үчүн жаңы бийлик коррупцияга чырмашкан Матраимовдор кланынын активдуу мүчөлөрү Капаровдорго сокку берүүну жана кармоо ордуна алар менен кызматташып жатат. Бул болсо коррупция менен күрөш реал турдо эмес, тескерисинче оөзеки болуп жатат деген шек элде жаралып жатат. Бул бийликтин алсыздыгыбы же кыргыз эли менен эсептешпей койгондугубу?..

Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:

1) Мыйзамсыз байыган Капаровдор, туугандары Маматалиевдердин, башка туугандарынын декларацияларындагы маалыматтарды, мүлктөрүн толук кандуу текшерип берүүнүздү.

2)  Капаровду анын уулдары Ш.Капаровду, Шарабидин уулуну жоопкерчиликке тартуунузду.

 

                                    О.Д. Токторалиева,            Г.М. Мирзакаримова, 17 февраль 2021 ж.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев о победе на "Мастерсе" в Мадриде: у меня нет слов






Свердловский истеблишмент продолжил многолетнюю традицию накануне Дня Победы. ФОТО

Водителей Подмосковья призывали не терять бдительность в майские праздники

YouTube-трансляцию инаугурации Путина заблокировали якобы из-за отсутствия прав

21 мая в 11:00 состоится вебинар «Ключевые изменения в законодательстве в 2024 году и частые ошибки Поставщиков»