Орусияда активист Шевченко төрт жылга шарттуу кесилди
Орусиянын Ростов-на-Дону шаардык соту “Ачык Орусия” долбоорунун мурдагы координатору Анастасия Шевченкону төрт жылга шарттуу түрдө кести. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Бадамшин кабарлады. Шевченко бийликтин “кара тизмеге” киргизген уюм менен кызматташканы үчүн жоопко тартылган алгачкы адам болуп калды. Мамлекеттик айыптоо аны беш жылга кесүүнү суранган. 40 жаштагы активист Анастасия Шевченкого 2019-жылы иш козголуп, үй камагына алынган. Бул убакыт аралыгында учурда активисттин 17 жаштагы кызы оор илдет менен жабыркап, каза болуп калды. Читать дальше...