Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 22.02.2021

Конгодо Италиянын элчиси өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Италиянын Конгодогу элчиси, анын жан сакчысы жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын айдоочусу өлтүрүлдү. Италиянын өкмөтү тараткан маалымат боюнча, 22-февралда 43 жаштагы элчи Лука Аттанасио, анын 30 жаштагы жан сакчысы жана жергиликтүү айдоочу Конгонун баш калаасы Гомадан 25 чакырым алыстыктагы Каньямахоро шаарынын жанында өлтүрүлгөн. Конго Демократиялык Республикасынын бийликтери бул кол салуу үчүн руандалык хуту тектүү козголоңчу топторду айыптады.  Италиянын тышкы иштер министри... Читать дальше...

ЕБ орусиялык бир нече жетекчиге санкция киргизет

Azattyk.org 

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери орусиялык оппозициячы саясаты Алексей Навальныйдын камакка алынышына жооп катары айрым орус аткаминерлерине санкция салууну макулдашты. Брюсселде чогулган 27 өлкөнүн башкы дипломаттары жабык эшик артында Кремлге жакын жетекчилерге карата санкция салуу маселесин карагандыгы белгилүү болду. Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас жыйындан соң Берлинде сүйлөп жатып, “конкреттүү адамдарга” чектөөлөрдү киргизүү макулдашылганын ачыкка чыгарды. Бир нече маалымат... Читать дальше...

Пакистанда төрт коомдук ишмер аял өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Пакистандын Ооганстан менен чектешкен аймагында активист аялдар бараткан автоунаага жоочулар кол салышты. Анын айынан унаадагы төрт аял набыт болуп, айдоочу жараат алган. Кол салуу 22-февралда Түндүк Вазиристан аймагынын Иппи кыштагынын жанында болгон. Жергиликтүү полиция бул кылмышты ырастап, кол салууга тиешеси барларды издөө башталганын билдирди. Окуя боюнча эч ким жоопкерчиликти ала элек. Набыт  болгон айымдар кайрымдуулук фондунда иштеп жаышкан. Алар жергиликтүү аялдарды ишкерликке үйрөтүү... Читать дальше...

Баткен: Чек арада жашагандар митингге чыкты

Azattyk.org 

Тажикстанда кармалган кыргыз жарандарынын жакындары Баткенде митингге чыгып, бийликтен жардам сурашты. Токтогулда суунун көлөмү кескин азайды. Быйыл кыштан чыккан менен мунун кесепети келерки жылы кандай болот? Нур-Султанда көп балалуу энелер акцияга чыгышты. Өткөн аптада Жамбыл облусунда үй өрттөнүп, бир үй-бүлөнүн беш баласы чарчап калды.

Си Цзинпин Садыр Жапаровду Бээжинге чакырды

Azattyk.org 

22-февралда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзинпин менен телефондон сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда Си Цзинпин Садыр Жапаровду Кытайга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек кабарлады. Телефон менен сүйлөшкөн эки лидер кызматташуунун өзөктүү багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык жактан өз ара байланышты арттырып, коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашкан. Читать дальше...

Адвокат Эркимбаев: Абылгазиевге "Кумтөр" компаниясына кошумча жер бөлүп берген деген доо коюлган эмес

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин адвокаты Данияр Эркимбаев Абылгазиевге Кумтөр кенинин аянтын кеңейтүү максатында кошумча чалгындоо үчүн жер бөлүп берүү боюнча айыптоо болгон эмес деп билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” 22-февралда айтты. “Кумтөрдүн аянты боюнча айып угузулган эмес, күнөө да коюла элек. Эмнеге массалык маалымат каражаттарына Кумтөрдүн аянтын кеңейтүү боюнча айыпталды деп берип жатканын түшүнбөй жатабыз. Мунун максатын билбейбиз. Негизи, өкмөт деген коллегиялык орган да. Читать дальше...



Салливан: АКШ жакынкы арада хакердик чабуул боюнча Орусияга жооп кайтарат

Azattyk.org 

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Кошмо Штаттары жакынкы арада "SolarWinds" компаниясына жасалган хакердик чабуулга байланыштуу жооп кайтарарын билдирди. Орусия уюштурушу мүмкүн делип жаткан чабуулдун жыйынтыгында Американын бир нече мамлекеттик мекемелеринин иши жабыркаган болчу. CBS телеканалына берген интервьюсунда Саливан Ак үй кибердик чабуулду уюштургандарды аныктоону Чалгындоо кызматтарына тапшырганын кошумчалады. “Бул хакердик чабуул кандай болгонун, канча зыян алып келгенин... Читать дальше...

Матраимовдун "Эльдорадосу" калкты тейлөөчү борборго айланат

Azattyk.org 

Өкмөт башчы Улукбек Марипов 22-февралда Бишкектеги “Эльдорадо” соода борборунун имаратына Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты тейлөөчү борбор ачыла тургандыгын айтты. Марипов бүгүн Бишкектеги калкты тейлөөчү борборлордун бирине баш бакты. Анда кезек күтүп тургандар менен пикир алышты. 24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке келтирген чыгымды төлөгөнүн, анын бир... Читать дальше...

Кесиптик орто билим алгандардын жарымынан көбү кыздар

Azattyk.org 

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2020-2021-окуу жылына карата өлкөдөгү 138 орто кесиптик билим берүүчү жайда жалпысынан 96 миңге жакын адам билим алса, анын 56% кыздар. Бул окуу жылында эң популярдуу адистик - педагогикалык багытта болуп, тапшыргандардын 26% мугалимдикти тандаса, саламаттыкты сактоо тармагында билим алууга 18%, экономика жана башкаруу багытына 14% жана техникалык адистиктерге 13% студенттер кабыл алынды. Мындан үч-төрт жыл мурдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу информатика... Читать дальше...

Чек арада кармалгандардын жакындары жардам сурашты

Azattyk.org 

22-фервалда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө Тажикстанда кармалып турган 5 адамдын 350дөй жакындары чогулду.  Алар менен облус жетекчиси Өмүрбек Суваналиев жолугушуп, Тажикстанда мыйзамсыз чек араны кесип өткөн деген кине менен кармалып тургандардын жакындарын укук коргоо кызматкерлеринин коштоосу менен коңшу мамлекетке алып барууну уюштуруп бермей болду. Быйыл жыл башынан бери Тажикстанда чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жарандар үчүн жаза катаалдашкан болчу. Бир апта мурда Кыргызстандын... Читать дальше...

Марипов: Жакында мамлекеттик кызматкерлер аттестациядан өтөт

Azattyk.org 

Өкмөт башчы Улукбек Марипов калкка кайрылуу жасап, анда 29-январда президент Садыр Жапаров кол койгон “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлыкты чечмеледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 22-февралда кабарлады. Өз кайрылуусунда премьер-министр Марипов мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлдеги кадрларды тандоо жана иштетүүнүн системасы жакшырарын, президенттин башкы тапшырмасы - кадр тандоо тажрыйбасын кескин өзгөртүү экенин белгиледи. Жарлыкка ылайык райондордун акимдери, орун басарлары аттестациядан өтүп... Читать дальше...

Орусияга жаңы санкциялар кириши ыктымал

Azattyk.org 

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Орусияга карата жаңы санкцияларды талкуулоо максатында жыйынга чогулууда. Брюсселдеги жыйында 27 мамлекеттин башкы дипломаттары орус оппозиционери Алексей Навальныйды, анын тарапташтарын куугунтуктоого тиешеси бар жетекчилер менен мекеме-уюмдарга чара көрүшмөкчү. Атап айтканда андай чиновниктердин, мекеме-уюмдардын банк эсептери камакка алынып, виза берүүгө тыюу салынышы ыктымал. Буга чейин Москвага жаңы санкцияларды киргизүү маселеси бир нече ирет талкууланган болчу. Читать дальше...

FactCheck KG Матраимовдун “хан сарайы” деген видео жарыялады

Azattyk.org 

FactCheck KG интернет басылмасы бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго таандык делген үй жөнүндө видео жарыялады. Видеодо Чүйдөгү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын эл арасында “ВИП шаарча” деп аталган аймакта 1 гектардай жерде жайгашкан Матраимовдорго таандык делген чоң үйлөр жөнүндө көрсөтүлөт. Журналист өз видеосунда "мамлекеттик кызматта иштеген адам мынча байлыкты кайдан тапкан" деген суроо койгон.  Азырынча Матраимовдордун өзүнөн бул видео боюнча комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек. Читать дальше...

Бишкек шаардык кеңеши: партиялар үчүн сыноо

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин 22 саясий партия билдирди.  Алардын арасында ушул тапта шаардык кеңеште иштеп жаткан партиялар жок. Бирок арыз берүү жыйынтыктала элек. Бул Кыргызстанда жаңы бийлик келгенден бери президенттик шайлоодон кийинки эле чоң саясий өнөктүк. 22-февралга карата Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин «Ак бата», «Жаштардын прогрессивдүү партиясы», «Замандаш», «Кыргызстан демократиялык кыймылы», «Реформа», «Биздин эл», «Коммунисттер» жана «Ынтымак» партиялары билдирди. Читать дальше...

Ошто акча талап кылган эксперт кармалды

Azattyk.org 

18-февралда Ош облустук милициясына Араван районунун тургундары кайрылышкан. Алардын маалыматына ылайык райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери корутунду үчүн акча талап кылган. Арыздангандар "жашы жете элек кызыбыз зордукталды" деген ишенимде. Баштапкы 1100 сомду алгандан кийин эксперт дагы 3000 сом сураган. Акчаны алуу үчүн анын таанышы келген. Акча берилгенден кийин милиция кызматкерлери экспертти таанышы менен кошо кармашкан. Милициянын маалыматына караганда шектелип жаткан К. Читать дальше...

"Спутник V" вакцинасы менен элчилер эмделди

Azattyk.org 

"Спутник V" вакцинасын иштеп чыккан мекеме аталган вакцинага Орусиядагы бир катар элчиликтер кызыгып жатканын "Твиттердеги" расмий баракчасына жазды. Алардын ичинде Кыргызстандын элчилиги да аталган. Бул маалыматты элчиликтин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова ырастады. Анын "Азаттыкка" билдиргени боюнча элчиликтин кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн "Спутник V" менен эмдөө Орусия тараптан сунушталган: "Айрым кызматкерлер өз каалоосу менен эмдөөдөн өтүштү. Алардын абалы жакшы", -деп билдирди Жусубакунова. Читать дальше...

Аба ырайы: 23-февралда суук болот

Azattyk.org 

Кыргызгидромет ишканасы 22-26-февраль күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталарын эскертүүдө. Ага ылайык көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Тоо этектерине, тоолуу райондорго кар түшөт. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаап, туман түшөт. Жолдор тайгак болуп, тоңголок тартат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы кескин төмөндөп, түнкүсүн -10-18 градуска чейин сууктайт. 23-февралда... Читать дальше...

Новости России
Москва

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ


Нур-Султанда көп балалуу энелер митингге чыкты

Azattyk.org 

Казакстандын борбору Нур-Султанда көп балалуу энелер бийликтеги “Нур-Отан” партиясынын кеңсесинин алдына акцияга чыгышты. 70ке жакын акция катышуучусу балдарга жөлөкпулду көбөйтүүнү жана көйгөйлөрдү ачык айтып чыккандарга куугунтукту токтотууну талап кылышты. Алар Жамбылда бир үй-бүлөнүн беш баласынын өмүрүн алган окуяны эске салышып, бийлик көйгөйлөргө көңүл бурбай жатканын билдиришти. “Нур Отандын” өкүлдөрү акцияга чыккандарды кеңсе ичинде сүйлөшүүгө чакырды. Бирок бул жолугушууга журналисттер... Читать дальше...

ЖЭБ бир киловатт электр энергиясын 3,88 сомдон өндүрүп, элге 77 тыйындан сатат

Azattyk.org 

Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 1 киловатт электр энергиясын өндүрүү үчүн 3 сом 88 тыйын чыгымдайт. Ал эми аны элге 77 тыйындан, өндүрүшкө 2 сом 24 тыйындан сатат. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг» ачык акционердик коомунун жетекчиси Бакыт Сыдыков Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык Бишкек ЖЭБине 2 млрд. 100 млн. киловатт электр энергиясын өндүрүү планы коюлган. Читать дальше...

Баткендеги өкүлчүлүк: Чек араны бекеттерден тыш кесип өтүү - мыйзамсыз

Azattyk.org 

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү облус аймагынан коңшулаш Тажикстанга мыйзамдуу өтүү үчүн 3 негизги чек ара бекеттери бар экенин маалымдады. Ага ылайык коңшу өлкөдөн Кыргызстанга же Кыргызстандан Тажикстанга эки мамлекеттин ортосундагы үч чек ара бекети аркылуу өтүү мыйзамдуу болуп саналат. Таратылган маалыматта "алар: Лейлек районундагы Кулунду, Кайрагач жана Баткен районундагы Кызыл-Бел чек ара өткөрүү бекети. Ошондой эле чек аралаш аймактардагы жарандарга атайын белгиленген транзит жолдордон өтүүгө уруксат берилген. Читать дальше...

Коронавирус АКШнын айласын кетирди

Azattyk.org 

Кошмо Штаттарда коронавирустан көз жумгандардын саны жарым миллионго чамалады. Ал эми дүйнөдө бул илдеттен ажал тапкандардын саны эки жарым миллионго чукулдады.

Мьянмада аскердик бийликке каршы демонстрациялар уланды

Azattyk.org 

Мьянмада аскердик төңкөрүшкө каршы болгон жарандардын демонстрациялары уланып жатат. Аскердик бийлик акцияга чыккандарга каршы курал колдонуларын эскерткенине карабай 22-февралда өлкөнүн бир катар шаарларында демонстрациялар өттү. Янгон, Нейпьидо шаарларында миңдеген адамдар көчөгө чыгып, өз талаптарын айтышты. 21-февралда аскердик хунта демонстранттарды опузалаган билдирүүнү мамлекеттик телевидение аркылуу таратты. Жекшембидеги акциялар учурунда аскерлердин огунан үч адам каза болду. Ага чейин дагы бир адам каза болгон эле. Читать дальше...

Сурамжылоо: Жол киренин кымбатташына макулсузбу?

Azattyk.org 

Бишкек мэриясы кичи автобустарда жол акысын 15 сомго көтөрүүнү сунуш кылды. Бишкек шаардык кеңеши жол акысын көтөрүү маселеси эл менен талкуудан кийин чечилерин билдирди. Буга чейин жол акы боюнча талаш айдоочулардын митинги менен коштолгон.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анастасия Потапова

Потапова всухую обыграла Шнайдер в 1-м круге турнира в Мадриде






«Бездарное зрелище»: Мацуев разнёс дерби ЦСКА - «Спартак»

Эксперт: корректировка порогов крупного и особо крупного ущерба по экономическим статьям оправдана и своевременна

В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже дорогостоящего электрооборудования

Два пожара потушили в лесах Подмосковья 25 апреля