КР УИА жана "кагаздан чыга албаган илим" доосу
Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы 25-февралда жылдык жыйынтыгын чыгарып, былтыр Кыргызстанда 109 илимий иш жасалганын жарыялады. "Арай көз чарай" талкуусу академиянын азыркы тагдырына арналды.
Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы 25-февралда жылдык жыйынтыгын чыгарып, былтыр Кыргызстанда 109 илимий иш жасалганын жарыялады. "Арай көз чарай" талкуусу академиянын азыркы тагдырына арналды.
Журналист жана жазуучу Кочкор Борбугуловдун “Багбан” аңгемесинде көпчүлүк кыргыз айылдарына мүнөздүү олуттуу социалдык көйгөй козголгон. Адабиятчы Бекташ Шамшиевдин кезектеги блогу.
АКШ менен Украинанын мамлекет башчылары Крымдын Орусия тарабынан мыйзамсыз каратып алынышынын жылдыгына байланыштуу өз алдынча билдирүүлөр жасашты жана жарым арал дагы эле Украинанын ажырагыс бөлүгү деген буга чейинки турумдарын тастыкташты. Украина май айында Крым маселеси боюнча саммит өткөрүүгө беленденүүдө. Жума күнү (26-февралда) эртең менен Ак Үй президент Жо Байдендин Орусиянын көз карандысыз Украинанын аймагына мыйзамсыз басып киришинин 7 жылдыгына байланыштуу билдирүүсүн жарыялады. ... Читать дальше...
Украинанын президенти Владимир Зеленский бейшембиде мурдагы каржы министри Оксана Маркарованы АКШга элчи кылып дайындады. Президент Зеленский Маркарованы жогорку деңгээлдеги адис деп сыпаттап, ал айым Кошмо Штаттар менен алаканы бекемдөө менен катар инвестиция тартууга жардам берет деген ишенимин билдирди. Украин бийлиги Жо Байдендин аөкмөтү менен бекем мамиле түзүүнү каалайт. Буга чейинки президент Доналд Трамп менен расмий Киевдин ортосунда бир катар түшүнбөстүктөр жаралган. 45 жаштагы Оксана... Читать дальше...
Өзбекстандын мамлекеттик «Өзбекстан темир жолдору» ишканасы «Азаттыктын» өзбек кызматы президент Шавкат Мирзиёев үчүн курулган хансарай боюнча иликтөөсүндө айтылган маалыматтарды «негизсиз жана жалган» деп төгүндөдү. 23-февралда жарыяланган иликтөөдө Ташкенттен 100 чакырым алыстыктагы Угам-Чаткал улуттук паркынын аймагында жайгашкан ажайып ак сарай Мирзиеёв үчүн курулаганы ашкере кылган. Бул жайдын курулушун мамлекеттик “Өзбекстан темир жолдору” ишканасы көзөмөлдөгөн. Бул компания 24-февралда... Читать дальше...
КР Президенти, Коопсуздук кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)
АРЫЗ
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Капаров мыйзамсыз баюу максатында көптөгөн коррупциялык схемалар тузуп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Биздин арыздар негизинде Эсептөө палатасын эки инспектору айыл өкмөтүнүн ишмердигин текшерди. Бирок, Эсептөө палатасын... Читать дальше...
Кыргызстанда муфтийдин кызматтан кетиши бул ирет да чыр менен коштолду. Учурда муфтийлик кызматка талапкерлердин арызы кабыл алына баштады. Муфтиятта чырлуу окуялар кайталанбашы үчүн кандай өзгөрүүлөр керек? Дегеле дин чөйрөсүндөгү азыркы абал кандай? Ислам интеллигенциясы канткенде калыптанат? Ушул жана башка суроолорду “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасында талкуулаганы турабыз. Биздин программабызга Муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов, Аалымдар кеңешинин мүчөсү... Читать дальше...
Москва Бишкекке С-300 зениттик-ракеталык комлексин бере турган болду. Бирок качан жана канча курал келери так белгисиз. "Түндүк электро" ишканасы 5 миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт. Алардын көбү февраль-март үчүн жарык акысын төлөбөй келаткандар. Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган оппозиция парламенттин алдында чатырларды тигип, жолдорду тороп салды.
Александр Лукашенко Беларустун Улуттук Олимпиада комитетинин башчылыгынан кетип, ордуна тун уулу Викторду шайланды. Буга чейин 46 жаштагы Виктор Лукашенко Олимпиада комитетинин биринчи вице-президенттигин аркалап келген. Александр Лукашенко бул уюмду 1997-жылдан бери башкарып келе жаткан. Бул маалымат жарыяланган соң Лукашенко өлкөдөгү бийликти балдарына өткөрүп берүү ниети жок экенин билдирди. Ал уулдарынын бири да Беларуста өзүнөн кийин президент болбой турганын айтты. Былтыр декабрда Эл... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров "Российская газета" басылмасына курган маегинде мурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду сынга алды. "Тышкы күчтөрдүн канчалык күчтүү таасири болбосун, тигил же бул бийлик биринчи кезекте өзүнүн каталарынан улам кыйрайт. Президент Сооронбай Жээнбеков чыныгы турмуштан, коомчулуктун коюп жаткан талаптарынан алыс болуп, өз дүйнөсү менен эле жашап калган, ошондон улам башынан эле элдин кыжырын келтирген, туура эмес чечимдерди кабыл алган", - деди мамлекет башчысы кабарчынын элдик толкундоолор боюнча берген суроосуна.
Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги өкүлү Пьер фон Арксты өкмөттүн "Ардак грамотасы" менен сыйлады. Сыйлык элчиге "Кыргызстандагы коопсуздук, экономика жана билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы үчүн" берилди. Ардак барак Пьер фон Аркс ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлү катары миссиясы аяктаганына байланыштуу өкмөт башчы менен жолугушкан маалда тапшырылды. Тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты талкуулап... Читать дальше...
Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан "Хюман Райтс Уотч" (Human Rights Watch) укук коргоо уюму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат жолдоп, адам укуктарынын абалы боюнча бир катар сунуштарды берди. Катта уюмдун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн аткаруучу директору Хью Уильямсон Жапаровдун бийликке жаңы келгендеги билдирүүлөрүн эске салып, кыргыз бийлиги өз эрки менен кошулган эл аралык келишимдерди аткара турганына ишенерин белгиледи. Каттын мазмуну тууралуу Хью Уильямсон “Азаттык” радиосуна курган маегинде да кененирээк айтып берди. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаровдун Орусияга иш сапарынын алкагында орус тарап Кыргызстанга балдарды орусча окута турган 44 мектеп куруу убадасын берди. Бул тууралуу 26-февралда президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек иш сапардын жыйынтыктары тууралуу айтып жатып билдирди: Анын белгилешинче, гуманитардык жана билим берүү долбоорлору, Кыргызстанда орус тилин сактоо жана өнүктүрүү зарылдыгы ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө маанилүү орунду ээледи: "Кыргызстандын бардык аймактарында окутуу орус... Читать дальше...
Ажылык сапарга баруу үчүн тапшырган акчасын кайра ала албай жүргөндөрдөн арыз-даттануулар 1,5 жыл мурда түшө баштаган. Бул тууралуу 26-февралда “Азаттыктын” эфиринде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Кубанычбек Абакиров билдирди. Ал коронавирус пандемиясына байланыштуу ажылык сапар токтотулгандан кийин акчасын кайтарып алууну каалагандарга Муфтият шарт койгонун айтты: “1,5 жылдан бери кайрылып жүрүшөт. Бир нече жолу муфтиятка да кат жибергенбиз. Акчасын тапшыргандар баары эле бир жыл күтпөйт да. Читать дальше...
Орусиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын тергөө абагынан түрмөгө которулганын ырастады. Бул тууралуу федералдык кызматтын төрагасы Александр Калашников 26-февралда журналисттерге билдирди. Ал саясатчы кайсы түрмөгө которулганын тактаган жок. Калашников Навальный кармалчу түрмөдө кадимки шарттар түзүлгөнүн жана анын өмүрүнө коркунуч жаралбасына өзү кепилдик бере турганын кошумчалаган. 44 жаштагы Навальный "Матросская тишина" тергөө абагына 19-январда... Читать дальше...
Бишкектеги бала бакчалар менен мектептер 1-мартта ачылбайт. Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, борбор калаадагы бала бакчалардын жана мектептердин ишин жандантууга Коронавируска каршы республикалык штаб уруксат берген эмес. Ага ылайык, учурда жеке менчик бала бакчалар менен мектептердеги балдардын саламаттыгы текшерилип жатат. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб Кыргызстандагы мамлекеттик бала бакча жана мектептердин ишин жергиликтүү бийлик менен кеңешип жандантууну сунуштаган. Читать дальше...
Арменияда чыңалган кырдаал сакталууда. Дүйнө державалары саясий кризиске кириптер болгон тараптарды карманууга үндөп, шайлоо аркылуу бийликке келген өкмөткө колдоо билдирип жатышат. Бейшембиде өкмөт башчы Пашинян Ереванда чогулган 20 миңдей тарапкерине кайрылганда армениялыктар куралдуу күчтөргө саясатка кийлигишүүгө жол беришпейт деп билдирди. «Шайланган премьер-министр катары бардык генералдарга, офицерлерге жана жоокерлерге өлкөбүздүн чек арасын коргоо милдетиңерди аткаргыла деген буйрук берем. Читать дальше...
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) кызматкерлери «Умар аль Форук» жана «Абдуллох» деген каймана аты бар эки адамды кармашты. Бул тууралуу ШИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыков "Азаттыкка" маалымдады. Шектелгендер бир нече айдан берки жыйналган маалыматтардын негизинде кармалышты. "Ноокат районунун 25 жаштагы тургуну Б.М (өз чөйрөсүндөгү каймана аты «Абдуллох»), Кара-Суу районунун 17 жаштагы И.Ф. (өз чөйрөсүндөгү каймана аты «Умар аль Форук») кармалып, убактылуу жайга киргизилди. Алар... Читать дальше...
Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда бүгүн, 26-февралда жүздөн ашуун автоунаа бир нече саат токтоп турду. Ушул тапта ашууда турган кабарчыбыз маалымдагандай, Бишкек-Ош магистралындагы кыймылга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жол боюндагы тоолордон кар көчкү атып түшүрүлүп жатканына байланыштуу убактылуу чектөө киргизилген. Саат 18:30га карай көчкү атуу иши аяктап, жолго түшкөн кар күрткүлөрү тазаланып, кыймыл улана баштаган. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек-Ош кара жолу 25-февралда саат 22:00дөн баштап... Читать дальше...
Кий чебери үч жолку дүйнө чемпиону болуп саналат. Жаңы директор адистештирилген мектептин жамаатына тааныштырылды.
Европа Биримдигинин лидерлеринин саммитининин экинчи күнүндө коргоо жана коопсуздук маселелери талкууланууда. Пандемиядан улам видео байланыш аркылуу өтүп жаткан саммитке Европанын 27 өлкөсүнүн башчылары жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг катышууда. Столтенберг Евробиримдиктин коопсуздук жаатындагы аракети Түндүк атлантикалык альянс менен окшош экенин билдирди. “НАТОнун башкы максаты саламаттык сактоо тармагындагы кризистин коопсуздук жаатындагы кризиске айланышына жол бербөө. Анткени,... Читать дальше...
2020-жылы 68 судья тартип жоопкерчилигине тартылган. Алардын ичинен 61 судьяга алдын ала эскертүү, экөөнө эскертүү берилген. 4 судьяга сөгүш жарыяланып, бирөө кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Мындан тышкары Тартип комиссиясы тарабынан үч судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген. Мындай маалыматты бүгүн 26-февралда Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова жыл жыйынтыгын чыгарып жатып айтты: "Жалпысынан алганда көпчүлүк соттор өз ишине берилүү менен ден соолугуна... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбоору быйыл апрелде референдумга чыгарыларын дагы бир жолу ырастады. Ошол эле маалда эксперттер долбоор процедураларды шашылыш өткөрүү менен кабыл алуу коркунучуна тушукканын айтышууда. Долбоор келерки жумада Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде, андан кийин жалпы жыйынында каралары күтүлүп жатат. Бирок документтин акыркы варианты жарыялана элек. Президент Садыр Жапаров Орусиянын «Российская газета» басылмасына курган маегинде Баш мыйзамдын жаңы... Читать дальше...
Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат жолдоп, адам укуктарынын абалы боюнча бир катар сунуштарын берди. Уюмдун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн аткаруучу директору Хью Уильямсон Жапаровго жолдогон катында анын бийликке жаңы келгендеги билдирүүлөрүн, айткан сөздөрүн эскертип, кыргыз бийлиги өз эрки менен кошулган эл аралык келишимдерди аткарарына ишенээрин белгиледи. Уюм саясий процесстер мыйзам нугуна кайтышы үчүн тез аранын ичинде жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырып... Читать дальше...
Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резерв окуу жайынын жетекчилигине белгилүү бильярдчы, дүйнөнүн үч жолку (2007, 2010, 2014-жылдардагы) чемпиону Каныбек Сагынбаев дайындалды. Аны мектептин эмгек жамаатына Бишкектин дене тарбия жана спорт башкармалыгынын директору Нурлан Токоноев тааныштырды. Мурда бул кызматты Айша Карымшакова ээлеп турган. Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайында жалпы 400 бала билим алат.(ZKo)