Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Из-за коррупционера Шарабидина Капарова жители сёл остались без питьевой воды

0
Из-за коррупционера Шарабидина Капарова жители сёл остались без питьевой воды

КР Президенти, КР Коопсуздук 

Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

                                                723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-

                                                                  Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)

АРЫЗ

1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 27.09.2016 ж. №113 токтому менен Жоробаева Гульнура Токоевнаге кезексиз жер тилке ажыратылган. Себеби айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Жоробаев Токо атасы өздөштүргөн, бирок ошол убакытта эч кандай документи жок жер тилкени социалдык объект – мектепке акысыз өткөрүп берүү жөнүндө акт түзүлгөн. Ишкаван айылындагы мектептин жери кичине, ошондуктан келечекте типтуу мектеп курулса жерин чоңойтуу керек эле. Бирок, айыл өкмөттүн мурдагы башчысы Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Т.Жоробаевден мектеп үчүн берем деген жер тилкени муниципалдык менчикке өткөрүп, анан мектептин аймагына кошууну ордуна, Т.Жоробаевдин жеке менчигине мыйзамсыз каттатып, 27.09.2016 ж. №113 токтому менен Жоробаева Гульнура Токоевнаге кезексиз жер тилке мыйзамсыз ажыраткан. Натыйжада Капаров КР Жер Кодексинин 33 бер. 2 бөл., КР Өкмөтүнүн №177 6.05.2005 ж. токтому менен бекитилген Жобонун 6 бер. талаптарын одоно бузган.

2021 жыл 6 январ күнү КР Өкмөтүнүн Ош обл.өкүлчүлүгүндө өткөн аймактык экономикалык конференцияда КР вице-премьер-министри Р. Сабиров: “Мечиттердин курулушун токтоткула, андан көрө мектептерди, бала бакчаларды жана аз камсыз үй-бүлөөлөргө үйлөрдү кургула” – деп тапшырма берди. Бирок, Капаров КР Өкмөтү алып барган мамлекеттик саясатка каршы чыгуу жана түкүрүү максатында Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн декабрь 2020 ж. токтому менен Т.Жоробаевдин жер тилкесин Ишкаван айылы мектебинин аймагына кошууну ордуна жер тилкенин максаттык багытын медресе деп мыйзамсыз өзгөрткөн. Капаровдун мыйзамсыз аракеттери натыйжасында соц.объект мектеп жерсиз калган, жооптуу катчы Т.Жоробаевдин кызына болсо жер тилке мыйзамсыз кезексиз, коомдук угууларсыз ажыратылган. Натыйжада Капаров мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Карапайым айыл элинде болсо КР Өкмөтү алып барган саясатына ишенбөөчүлүк жаралган.

2. Капаров көптөгөн жер тилкелерди максаттык багытын коомдук угууларды өткөрбөстөн мыйзамсыз өзгөртүп жиберген.

3. Капаров ОшГипрозем, райКадастр, райархитектура кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп Генпланды жасалмалап, Коммунист айылындагы жалпы пайдалануудагы эки жол КР Жер Кодексинин 78 бер. одоно бузуп сатып жиберген. Осмонов көчөсү (Ахмедов трассасы) боюндагы мыйзамсыз курулган бензозаправкадан жаңы конуштар көчөлөрү менен бириктирген жолду жана Коммунист айылынын соц.объект – мектептин жеринен жер тилкелерди мыйзамсыз саткан. Мектепке ажыратылган жер менен каналдын ортосундо жол болгон, ал жол азыркы күндө Капаров тарабынан жок кылынып, мектептин аймагынан жер тилкелер сатылып, мектеп аймагы жолго чыгып кеткен. Капаров КР Президентинин 16.02.1995 ж. №37 Жарлыгы талаптарын одоно бузган.

4. Кара-Суу районунда коррупционерлер мыйзамсыз, кылмыштуу аракеттерине “мыйзамдуу көрүүнүш” берүү үчүн Соттордун мыйзамсыз чечимдери негизинде “мыйзамдаштыруу”, мыйзамсыз тапкан байлыгын легалдаштыруу коррупциялык схемасын ойлоп табышкан жана ийгиликтуу ишке ашырышкан. Азыркы күнү жемкор Ш.Капаровдун кошелёктору Коммунист айылындагы 0,30 га муниципалдык жерибизге жана башка жерлерге клиенттер издеп жатышат. Клиенттерге соттон токтом чыгарып мыйзамсыз жерди мыйзамдаштырып беребиз деп жатышат.

5. Капаров 2015 жылдан 2018 жылга чейин “Исмаил-Ата” фонду тарабынан курулган Бостон участкасындагы стадионду мыйзамсыз жеке адамдарга берип, (саатына 500-700 сомдон ойношкон) миллиондогон акчасын Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн банк эсебине приход кылбай, сол чонтогону тушуруп, өзүнө ыйгарып алган. 2018 ж. арызыбыз негизинде стадионду ижараге берип, ар айда 51 200 сом бюджетке акча түшүргөн, бирок акча ыйгара албагандыктан, ал келишимди мыйзамсыз бузган.

6. Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 2019 жылы муниципалдык стадионду атайын арзан баалатып өзүнүн тааныштарына арзан берип, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Мисалы үчүн 2018 ж. бюджетке ар айда 51 200 сом акча түшкөн болсо, 2019 ж. ар айда болгону 9 миң сомго ижараге берет. Натыйжада өзгөчө ири өлчөмдө 2 миллион сом зыян келтирген.

7. Капаров мыйзамсыз баюу максатында №65 Сабиров атындагы мектепте фотосалон, стоматология ачып мыйзамсыз жеке адамдарга ижараге берип, 2010 жылдан баштап акчасын Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн банк эсебине приход кылбай, сол чонтогону тушуруп, өзүнө ыйгарып жатат.

8. Капаров №65 Сабиров атындагы мектептин тротуарын мыйзамсыз ижарага берип, тротуарды тосуп, пирожки сатуучу дүкөн койгон, ижара акысын Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн банк эсебине приход кылбай, сол чонтогону тушуруп, өзүнө ыйгарып алган. Дүкөн батыш тарабында жайгашкан автомашина көп каттай турган жолдун, мектеп окуучулары көп жургон тротуардын жеринде жайгашкан, натыйжада тротуар тосулуп, эл коопсуздугун ойлобой, автожолдун кызыл-сызыгын, тротуарды мыйзамсыз жок кылып. Ш.Капаровдун жана анын Кара-Суу райМамэкотехинспекцияда иштеген уулу Ш.Шарабидин уулунун шалаакылыгы, эл коопсуздугун ойлобогону, эл коопсуздугунан материалдык байлыгын устун коюшканы натыйжасында, ал жерде транспорт-авариялык абал, мектеп окуучулар коопсуздугуна чоң коркунуч жаралган. Эгер ошол жерде автомашиналар кагылышып, же болбосо кокус окуучу каза болуп калса, анын туз себепчилери Капаров, Шарабидин уулу болушат.

9. Капаров өзүнүн тууганы А.Маматалиевди Жайыт комитетине төрага кылып шайлаткан. 2017 жылы АРИС проектине үлүш катары жергиликтүү бюджет эсебинен айыл чарба техникаларын сатып алуу үчүн 310 миң сом ажыраткан. Айылдык кеңешинин 02.06.2020 ж. №22-17 токтому менен 2021 жыл бюджетинде 298 миң сом ажыратылган. Айыл чарба техникасы АРИС жана жергиликтүү бюджет эсебинен 1 235 300 сомго алынган. Бирок автотехника саатына 500 сомдон элге кызмат кылбай, Маматалиевдин атканасында иштеп, Маматалиев мыйзамсыз жеке адамдарга ижараге берип, акчасын Жайыт комитетинин кассасына приход кылбай, сол чонтогону тушуруп, өзүнө ыйгарып алган.

10. Капаров мыйзамсыз, коррупциялык жолдор менен баюу жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу максатында көзкарандысыз баалочу менен алдын ала сүйлөшүп, жерлерди атайын арзан баада баалатып, Ишкаван айылынын Дам участкасында 215 кв.м. жана Ишкаван айылынын 1576 контурундагы 0,47 гектар, 1577 контурундагы 0,48 гектар жерлерди жакын тууганы А.Маматалиевдин “подставной лицо”лору Ырысова Нусканын жана Нематов Акрамдын аркылуу аукциондон мыйзамсыз арзан баада саткан. Себеби Ишкаван айылындагы 5 сотик жердин базар баасы 20-30 миң доллар. Ошондой эле, Капаров тууганы Маматалиевке башка муниципалдык менчиктерди арзан баада саткан. Ал жерлерди Капаров, тууганы жана кошелёгу Маматалиев чек кылып 20-30 мин доллардан сатышып, мамлекет эсебинен мыйзамсыз байышып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен. Ошол эле учурда, Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин жер, аграр комиссиясынын мүчөлөрү жана депутаттары: “Биз ал жерлерди Капаров сатсын деп токтом чыгарган эмеспиз, биз ал жерлер жашылдандыруу жана ижараге берилсин деп чечим чыгарганбыз. Капаров айылдык кеңештин төрагасы Д.Сатвалдиев менен алдын ала сүйлөшүп мыйзамсыз токтом чыгарткан”-деп жатышат.

11. Капаров мыйзамсыз Андижан жана Бостон участкаларын суу менен камсыз кылуучу насостордун жерлерин жасалма токтомдор негизинде сатып жиберген. Айыл чарба талааларын суу менен камсыз кылган Сураташ айылындагы насос сатылгандан кийин жери дагы сатылып кеткен. Алдынкы айыл өкмөт башчылары насос жерлерин сатышкан эмес. Бирок, Капаров токтомдорду жасалмалап насос жерлерин жеке менчикке сатып, каттап жиберген. КР Жер Кодексинин 91 бер. ылайык Каналдардын, суу алуучу жана коргоочу жайлардын айланасына, ичүүчү жана техникалык суу менен жабдуу булактарынын тегерегине аларды кадыресе эксплуатациялоону камсыз кылуу максатында суу коргоо зоналары белгиленет. КР Суу Кодексинин 4 бер. ылайык Суу объектилери же мамлекеттик ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулуштары ээлеп турган суу фондунун жерлери мамлекеттин өзгөчө менчиги болуп саналат. “Ичүүчү суу жөнүндө» КР мыйзамынын 17 бер. ылайык Суу алуучу жерлер жана суу түтүктөрүнүн курулуштары турган жерлерде суунун кокусунан же атайылап булганышынын мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, ошондой эле суу алуучу чөлкөмдөгү суунун сапатын начарлатууга алып келиши мүмкүн болгон суу менен жабдуунун булагынын булганышын болтурбай коюу максатында алардын ведомстволук таандуулугуна карабастан, суу менен жабдуунун бардык булактарында жана чарбалык-ичүүчү багыттагы суу түтүктөрүндө санитардык коргоо зоналары белгиленет. КР Суу Кодексинин 13 бер. ылайык ичүүчү, тиричиликке керектелүүчү суу менен камсыздоо максатында пайдаланылуучу суу объекттерин санитардык жактан коргоо зоналарынын чегараларын, жер үстөндөгү жана жер астындагы сууларды булгануудан коргоонун эрежелерин макулдашуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык органдын компетенциясына кирет. Бирок Капаров насостордун санитардык жактан коргоо зоналарынын чегараларын СЭС органдары менен макулдашкан эмес. КР Суу Кодексинин 16 бер. ылайык санитардык коргоо зоналарынын жайгашкан ордун, өлчөмүн жана режимин бекитүү Кара-Суу раймамадминистрациянын компетенциясына кирет. Бирок Капаров насостордун санитардык коргоо зоналарынын жайгашкан ордун, өлчөмүн жана режимин Кара-Суу раймамадминистрациясы аркылуу бекиткен эмес. КР Суу Кодексинин 69 бер. ылайык Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдары менен макулдашуу боюнча Мамлекеттик суу администрациясы суу обьектилеринде суу коргоочу зоналарды белгилейт, аларда суу ресурстарынын булгашы же суу объекттерине зыян келтириши мүмкүн болгондугуна байланыштуу иш-аракеттердин белгилүү түрлөрү чектелет же тыюу салынат. Иш-аракеттердин мындай түрлөрүнө курулуштарды куруу кирет. Бирок Капаров насос жерлерин сатып, мыйзамсыз курулуштарды курууга уруксат берген. “Ичүүчү суу жөнүндө» КР мыйзамынын 16 бер. ылайык Суу менен камсыз кылуу булактары аймагында турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул органдар тарабынан уруксат берилген жээктей кеткен суу зоналарындагы чарбалык жана башка иштин натыйжасында алардын булганышы үчүн жоопкерчилик тартат. Капаров КР Жер Кодексинин 91 бер. КР Суу Кодексинин 4, 13, 16, 69 бер., “Ичүүчү суу жөнүндө» КР мыйзамынын 16,17 бер. одоно бузгандыгы натыйжасында айыл эли жай айларында суусуз калышы мүмкүн.

12. КР Суу Кодексинин 11 бер. 2 бөл. б) п. ылайык Мамлекеттик суу фондунун мамлекеттик ирригациялык жана дренаждык тутумдарды эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө арналган

жерлерин башкаруу Мамлекеттик суу администрациясынын компетенциясына кирет. Бирок, Капаров Мамлекеттик суу администрациясы менен макулдашпай “Жупас” каналынын суу коргоо аймагында тарыхый эстелик “Мухаммед Юсуф Байходжи уулу” мечитинин коргоо чөлкөмүндөгү жерде дүкөн курууга мыйзамсыз уруксат берген. Ошондой эле, Капаров “Жупас” каналынын суу коргоо аймагында Төлөйкөн ооруканасынын жеринде А.Ташпулатов тарабынан мыйзамсыз курулган курулуштарды бузуу үчүн мыйзамдуу чаралар көрбөй, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

13. Ш.Капаров мыйзамсыз баюу жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу максатында

ондогон гектар муниципалдык жерлерди арзан баалатып, кошелёкторуно сатып, жеке менчикке өткөндөн кийин чек кылып базар баасында сатып, миллион долларларды сол чонтогуно салган коррупциялык схемасын ойлоп тапкан. Ошондой эле, Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып муниципалдык имараттарды атайын арзан баалатып өзүнүн тууганы Маматалиевке, тааныштарына арзан берип, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды аныктоо жана мамлекет бюджетине төлөтүү максатында мамлекеттик эксперт-баалочуларга баалап, Капаров келтирген зыянды төлөшү керек.

14. 2005 жылдан азыркы күнгө чейин КР Өкмөтүнүн жерлерди Калктуу конуштар категориясына трансформация жөнүндө токтомдорго ылайык аз эле жер трансформация болгон, бирок факт жүзүндө Капаров тарабынан көптөгөн жер тилкелер жеке менчикке сатып жиберилген. Коррупционер Капаров тарабынан мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо максатында Кызыл-Кыштак айыл аймагынын жерлерин бардык категорияларын инвентаризациялоо зарыл.

15. Ш.Капаров кызматтан кеткен болсо дагы айыл өкмөттөгү калган куйруктары аркылуу жер сатып, жерлерди максаттык багытын өзгөртүп, жер бизнеси менен алектенип, камалбай калгандыктан ушул күндөрү мамлекетке өзгөчө ири зыян келтирип жатат. Ш.Капаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу эскирүү мөөнөтүн өткөрбөй, кылмыш жоопкерчилигине тартып, зыянды төлөтүү керек.

16. Коррупционер Ш.Капаров 18 январь 2021 ж. иштен кетуу жөнүндө арыз жазсада, мамлекеттин автомашинасын 15 күн бою мыйзамсыз жеке максаттарда пайдаланып, мамлекеттин бензинин, мамлекет автомашинасын амортизациясы иштетилген, айдоочу мамлекеттен айлык акы алган. Натыйжада Капаров мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген.

17. Сураташ айылындагы 0,40 га жер жана “Мухаммед Юсуф Байходжи уулу” мечитинин коргоо чөлкөмүндөгү жерде жайгашкан дүкөн боюнча КР Маданият министрлиги жана Юнеско адистери: “Бул жерлер тарыхый эстеликтердин коргоо аймактарына кирген, Капаров пара алып уруксат берген мыйзамсыз курулуштар бузулсун” деп корутундулар берген экен. Бирок, ал корутундулар биз арыздануучуларга берилген эмес. Ал корутундуларды КР Маданият министринен суроо-талап менен тергөөгө алып бериңиз, Капаровго кылмыш иш козгош үчүн керек.

Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:

1) Кызыл-Кыштак айыл аймагынын жерлерин бардык категорияларын комиссия тартибинде инвентаризациялоо жөнүндө тийиштуу органдарга тапшырма берүүнүздү.

2) Капаров мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды аныктоо жана мамлекет бюджетине төлөтүү максатында арзан бааланып сатылган муниципалдык жерлерди, имараттарды мамлекеттик эксперт-баалочуларга баалап, Капаров келтирген зыянды төлөтүш керек.

3) Ш.Капаровдун коррупциялык схемаларын “мыйзамдаштырып”, “легалдаштырып” берген Соттордун мыйзамсыз бардык чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө доо арыздар келтирип, Сотторду КР КЖК 335 бер. 1 бөл. менен кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду.

4) Капаровго крыша болуп мыйзамдуу чара көрбөгөн Кара-Суу районунун прокурору М.Айтикуловду КР КЖК 320 бер. 1,2,4 бөл. менен кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду.

5) Тарыхый эстеликтердин коргоо аймактарына кирген Сураташ айылындагы 0,40 га жер жана “Мухаммед Юсуф Байходжи уулу” мечити боюнча корутундуларды КР Маданият министринен суроо-талап менен тергөөгө алып, Капаровго кылмыш иш козгоп берүүнүздү.

6) Капаров мыйзамсыз жеке менчикке сатып жиберген Суу коргоо аймактарын мамлекеттик менчикке өткөрүү боюнча мыйзамдуу чаралар көрүүнүздү.

7) КР Жер Кодексинин 33 бер. 2 бөл., КР Өкмөтүнүн №177 6.05.2005 ж. токтому менен бекитилген Жобонун 6 бер., КР Өкмөтүнүн 23.09.2011 ж. №571 токтому менен бекитилген Жобонун 33 бер., “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 15 бер. 2 бөл. талаптарын Капаров одоно бузганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу эскирүү мөөнөтүн өткөрбөй КР КЖК 145, 186, 205, 209, 215, 231, 234, 319, 320, 321, 322, 323, 329, 331 бер. менен жана УКТ (ОПГ) мүчөлөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартып, камап, мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды төлөтүүнүздү.

8) Айыл өкмөтүнүн жер тилкелерди максаттык багытын өзгөртүү боюнча 2020-2021 жылдары чыккан токтомдор негизинде жарандардын жана жер тилкелердин тизмесин берүүнүздү.

 

                                       О.Д. Токторалиева,                       Г.М. Мирзакаримова, 16.02.2021 ж.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

После победы в Мадриде Рублев поднялся с 8-го на 6-е место в рейтинге ATP






Москва выставила на продажу нежилое помещение в районе Аэропорт

Эстония вслед за Финляндией обвинила Россию в причастности к сбоям в работе GPS

Группа TMNV выступила на выставке «Россия» с радиосистемами Октава

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о развитии автомобильного туризма