Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Дүйнөлүк банк Түркмөнстандын отчетун четке какты

0
Дүйнөлүк банк Түркмөнстандын отчетун четке какты

Глобалдык экономикалык көрсөткүчтөрдү талдоодо Түркмөнстандын статистикалык маалыматтары ишенимдүү болбогондуктан Дүйнөлүк банк анын отчетун кабыл алган жок. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлады.

Ушундай чара Венесуэлага карата да колдонулган.

Быйыл апрель айында Эл аралык валюта кору Түркмөнстандын расмий мамлекеттик статистикасын пайдаланууну токтоткон. Анда Ашхабад менен Эл аралык валюта кору экономиканын өсүшүн эки башка баалаган.

Түркмөнстандын статистика комитети 2020-жылы экономиканын өсүшүн 5,9% деп көрсөткөн. Ал эми Эл аралык валюта кору былтыркы өсүштү 0,8% деп белгилеген. Ортодогу айырмачылык 5,1% түзгөн. Түркмөнстандын өкмөтү отчетту тааныган эмес.

Түркмөнстан көп жылдан бери экономикалык кыйынчылыкты баштан кечирүүдө. Эл аралык каржылык уюмдар өлкө өкмөтүнө экономикалык саясатты кайра карап чыгып, өзгөртүүнү сунуштаган.

Өлкө жаратылыш газынын запасы  боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Бирок өзүнүн мындай артыкчылыгын пайдалана албай келет.

Түркмөнстандын шаарларында азык-түлүк жетишсиздиги, акчанын таңкыстыгы күчөп, жумушсуздук кеңири жайылганы эл аралык каржылык уюмдардын отчетторунда көрсөтүлгөн. Бийлик  оор экономикалык абалды моюнга алгысы келбейт.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Свентек переиграла Соболенко и выиграла титул WTA в Мадриде






Финны обвинили Россию в сбоях в работе GPS

Собянин перечислил самые популярные виды туризма в Москве

В Петербурге силовики скрутили доставщика, едва не влетевшего в толпу прихожан

Синоптик Тишковец: в Центральной России ожидается ультраполярное вторжение