Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Садыр Жапаров Кумтөргө барды

0
Садыр Жапаров Кумтөргө барды

Кыргызстан “Кумтөр Голд” ишканасына тышкы башкаруу киргизгенден бери бир айга жетпеген убакыт аралыгында 44 миң унция алтын сатып, натыйжада 40 миллион доллар өлчөмүндө дүң киреше алды. Бул тууралуу ишкананын кызматкерлери бүгүн 15-июнда президент Садыр Жапаров менен жолугушууда айтып беришкенин мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров Кумтөргө барып, карьердеги жана алтын ылгоочу фабрикадагы иштер менен таанышты.

Ишкананын кызматкерлери кен мол чыккан жер казыла баштаса алтындын көлөмү көбөйөрүн, иш үзгүлтүксүз, штаттык режимде уланып жатканын, айлык маяна өз убагында жана толук төлөнүп, өлкөнүн бюджетине түшүүчү бардык төлөмдөр жана салыктар планга ылайык жөнөтүлүп жатканын маалымдашты.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт.

Кыргызстан «Кумтөр Голд» жалпысынан 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин, ал эми «Центерра Голд» мыйзамдар бузулбаганын айтып жатышат.

Быйыл май айында маселе парламентте каралып, Кыргызстан “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизген. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

На кураже: Рублёв пробился в финал «Мастерса» в Мадриде, Медведев снялся из-за травмы






Собянин перечислил самые популярные виды туризма в Москве

Путин проведёт последнюю встречу с уходящим в отставку кабмином

Станут символом подвига: В Москве высадили сибирские кедры в память о погибших военкорах

Посвященная бойцам СВО выставка картин откроется в Балашихе