Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Адвокат: Инандынын жубайы түрк элчисине жазган катын тапшыра албай жатат

0
Адвокат: Инандынын жубайы түрк элчисине жазган катын тапшыра албай жатат

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын жубайы Түркиянын Кыргызстандагы элчисине жазган катын тапшыра албай жатат. Бул тууралуу 15-июнда «Азаттык» радиосуна Инандынын үй-бүлөсүнүн адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди:

“Электрондук кат менен жөнөттүк. Жооп жок болду. Биз колго тапшыралы деп элчиликке барсак күзөт кызматкери катты окуп, элчинин уруксаты керектигин айтты. Анын уруксатын кантип алсак болорун сурасак билбей турганын айтып кетип калышты”.

Рейхан Инанды катын 11-июнда жазып, элчиден күйөөсүн издөөгө жардам сураган.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанда 20га жакын "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык адам. Ал 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болууда. Милиция бул факт боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон. Инандыны Интерпол да издеп жатат.

Президент Садыр Жапаров тийиштүү мекемелерге Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Первая ракетка мира расплакалась после финала турнира с участием Рыбакиной






BAZA: Москвич после восстановления пароля на Госуслугах узнал о регистрации по его адресу мигрантов

В пасхальных богослужениях в Москве приняли участие 2 млн верующих

Андрей Воробьев поздравил верующих с Пасхой

90 лет в небе: Читинский аэроклуб отметил юбилей