Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Футбол: Жапонияга каршы беттеште дарбазачы Матяш ойнойт

0
Футбол: Жапонияга каршы беттеште  дарбазачы Матяш ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын 15-июнда Жапониянын футболчуларына каршы оюнунда дарбазачы Павел Матяш оюн талаасына чыгат. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлиги кабарлады.

Буга чейинки Монголия жана Мьянма менен болгон беттеште   коронавируска шек саналган  кыргызстандык үч дарбазачы  тең оюнга катышкан эмес. Буга байланыштуу дарбазаны талаа оюнчалары тоскон.

Кыргыз футбол союзу ушундан улам Павел Матяшты Жапонияга жиберип, ал бул жолку оюнга чыкканы турат.

Жапониянын Суита шаарында 15-июнда (ред: Panasonic Stadium стадиону) Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы жапониялык атаандаштары менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 16:25те башталат.

 

Коронавирус илдетин жугузуп алган оюнчу менен байланышта болгон кураманын коргоочусу Валерий Кичин, жарым коргоочу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токатаев Жапония менен беттешке чыкпайт. Бирок ушул күнгө чейин аталган оюнчулардын тесттери бир да жолу оң жыйынтык көрсөткөн эмес. Бул чектөөлөр Жапония өкмөтүнүн COVID-19 илдетине каршы чаралары болууда.

Оюн 2022-жылы Катарда өтчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайдагы Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну болуп саналат.

Кыргызстан менен Жапониянын улуттук курамалары 2019-жылы Бишкекте күч сынашып, кыргыз спортчулары 0:2 эсебинде утулган.

Жапониянын Осака шаарында 7-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилип, 11-июнда Мьянманы 8:1 эсебинде уткан. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Ига Свёнтек

«Ну и кто сказал, что женский теннис — это скучно?» Свёнтек — после матча с Соболенко






Адвокат Третьяков заявил, что у Чекалиных нет задолженностей перед ФНС

Сыктывкарцы встретили Благодатный огонь и Пасху

Синоптик Вильфанд объяснил, почему в столичном регионе похолодало

Тверь поднялась в рейтинге городов по качеству жизни