Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Министрлер кабинети парламентте сугат суу тууралуу маалымат берет

0
Министрлер кабинети парламентте сугат суу тууралуу маалымат берет

Министрлер кабинети парламенттин 17-июндагы жыйынында сугат  маселеси жана антикризистик чаралар боюнча маалымат берет. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 16-июндагы жалпы отурумунда кабыл алынды.

Жыйында бир нече депутат өлкөдө сугат суунун тартыштыгына дыйкандар нааразы болуп жатканын айтып, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралганын билдиришти. Алар буга байланыштуу аткаруу бийлигинин маалыматын угууну сунуштап, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун келишин талап кылышты.

Чүй облусунун Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Төмөнкү Чүй жана Камышанов айыл өкмөттөрүнүн дыйкандары сугат суу тартыштыгын айтып, 14-июнда Министрлер кабинетинин алдына нааразылык акцияга чыгышкан. Алар суу бөлүштүрүүдө баш-аламандык болуп, жергиликтүү бийлик кырдаалды көзөмөлдөбөй жатканына арызданышкан.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин орун басары Абдыбай Жайлообаев кышында кар аз жаагандыктан,  сугатка суу тартыш болуп жатканын билдирген. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Российский теннисист Рублев вышел в финал турнира «Мастерс» в Мадриде






Греческий суд оправдал журналиста по делу о написании «богохульской» книги о Благодатном огне

Самолет с Благодатным огнем приземлился в аэропорту Внуково-3 в Москве

Кондратьев: Благодатный огонь прибыл из Иерусалима в Россию

Петросян заявила, что не будет пытаться вставлять в свои программы новые четверные прыжки