Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Крымдын бир катар аймагын суу каптады

0
Крымдын бир катар аймагын суу каптады

Орусия аннексиялаган Крымда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, бир катар райондорду суу каптады.

Керч аймагынан кийин эле Ялтада суу ташкындады. Жумага караган түнү бир нече саатта эле жаан-чачындын бир айлык ченеми жаады. Анын кесепетинен Водопадная дарыясы ташкындады.

Чоң Ялтада жүргүнчүлөр жүргөн өтмөктөр, кээ бир көчөлөр жана көп кабаттуу үйлөрдү дагы суу каптаганы кабарланууда.

“Крымэнерго” электр тармактар ишканасынын чарбалык тилкесин дагы суу басып, шаарда жарыктын өчүп калуу коркунучу пайда болду.

Форос аймагындагы санаторияда электр энергиясы өчүп, насостук станция токтоп калды. Анын кесепетинен суу берүү үзгүлтүккө учурады.

Шаардын администрация башчысы Янина Павленко аймактагы тургундарды суу ташкыны маалында коопсуз жайларда болуп, зарылдык болбосо сыртка чыкпоого чакырды. Анын айтымында, көп батирлүү үйлөрдү суу ташкынынан сактоо боюнча атайын бригадалар түзүлүп, алар кум салынган каптардан тосмолорду орнотууда.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Ига Свёнтек

«Ну и кто сказал, что женский теннис — это скучно?» Свёнтек — после матча с Соболенко






Генеральша Мария Китаева, о которой почему-то не принято говорить вслух

С видом на Петра I. В Москве продают квартиру почти за 2 миллиарда рублей

Канцлер ФРГ Шольц: нападение на кандидата в Европарламент Экке является угрозой демократии

Экс-футболист Деменко: ЦСКА играл с "Зенитом" абсолютно на равных