Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Абактагы Жээнбеков кайрылуу таратты

0
Абактагы Жээнбеков кайрылуу таратты

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, “Кумтөр иши” боюнча камакта жаткан Асылбек Жээнбеков элге кайрылды. Саясатчынын “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган билдирүүдө ал күнөөсүз экени айтылат.

“Мага байланыштуу болуп жаткан бул иштерди саясий күрөш деп эсептейм. Мыйзамсыздык үстөмдүк кылууда. Үч жолку чакырылышта парламентке депутат, эки ирет Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландым. Инсан катары да, депутат катары да, парламенттин төрагасы катары да эч качан мыйзамсыз иштерди жасаган эмесмин. “Кумтөр” иши боюнча менин таза экенимди ошол кезде кабыл алынган документтер өзү эле айтып турат. Убактылуу депутаттык комиссия даярдаган токтомду төрага катары мен кол койгон парламенттин чечимдери менен салыштырып, окуп көргөн адам өзү баарын түшүнүп алат”, - деп жазган Асылбек Жээнбеков.

Жээнбеков Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу коррупциялык иштерди тергөөнүн алкагында 31-майда кармалган. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтырган.

22-июнда Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгарууну суранып, билдирүү таратышкан. (MiK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анна Калинская

Калинская проиграла Свитолиной и не смогла выйти в 1/8 финала турнира в Риме






«Inventive Toys» анонсировала планы по выпуску в России новых серий конструкторов - аналогов Lego

8 лет у руля: как Алексей Дюмин поменял Тульскую область

Работник Краснодарского филиала ведомственной охраны Минтранса России принял участие в параде Победы в Москве

Москва удвоила выпуск «умных меток» для электронных «ключей» самых разных назначений