Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Коммунизм капасындагы Шинжаң

0
Коммунизм капасындагы Шинжаң

Рейтер маалымат агенттигинин эки кабарчысы Кытайдын Шинжаң аймагында эки жума болуп, ал жердеги жашоону чагылдырышты.

"Шинжаңдагы уйгур жана мусулман маданиятын чагылдырган жаңы туризм борборуна келген коноктор күзөтчүлөрдүн жана коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлүндө турат", - деп билдирди Рейтер агенттиги.

Бийликтеги Коммунисттик партияны мактаган жарнак такталарынын арасында салттуу кийим кийип, төөгө минген кыз жылмайып турат.

2016-жылдан бери уйгур, казак, кыргыз улутундагы мусулмандар Кытайдын Шинжаң аймагындагы кайра тарбиялоо лагеринде камакта отурушат. БУУнун серепчилери менен изилдөөчүлөрүнүн айтымында, мындай лагерлерде миллионго жакын адам бар. Кытай бийлиги муну экстремизмге каршы күрөшүү саясатынын бир бөлүгү деп эсептейт.

Расмий Бээжин бул аймакта кытай тилин так билген, мекенчил, светтик жана көп улуттуу калкты түзүп, жергиликтүү туристтерди тартууну көздөйт.

Өлкөнүн бийлиги Шинжаңда журналисттердин эркин жүрүүсүнө уруксат бергени менен, эки жумадан бери аталган аймакты кыдырган Рейтер агенттигинин кабарчылары жөнөкөй кийимчен адамдар артынан ээрчип жүргөнүн байкашкан.

Бирок журналисттер алардын ким экенин аныктай алышкан эмес. Анткени жакын барышса качып, суроо узатканда жооп бербей коюшкан.

Ошол эле учурда журналисттер Кашкар шаарындагы мейманканадан чыккандан бир саат өтпөй, имараттын кире беришине зымдар тартылып, биринчи кабаттагы өрттөн качып чыгуучу эшик тосулуп калган.

Алар Шинжаңдын административдик борбору Үрүмчүгө учуп келишкенде полиция кызматкерлери аларды башка жүргүнчүлөрдөн мурун терминалга алып барышкан. Бажы кызматкерлери журналисттердин күбөлүктөрүн сүрөткө тартып, алар турган мейманкананын аталышы менен кошо бардык маалыматтарды жазып алышкан.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жана Шинжаңдын жергиликтүү бийлиги журналисттердин аймакта коопсуздук чаралары жана туризмди өнүктүрүү пландары жөнүндө суроолоруна жооп беришкен жок.

Өкмөттүн билдирүүсүндө "Чет элдик журналисттер Шинжаңды чагылдырууга келсе, Кытай алар үчүн ар дайым ачык жана меймандостугун көрсөтөт" деп айтылат. Бирок бийлик чет элдик журналисттер өлкөнүн мыйзамдарын так сакташы керек экенин да эскертет.

Шинжаңдын түштүгүндөгү "кайра тарбиялоочу лагерлердин жана түрмөлөрдүн" жанында жаңы туристтик жайлар пайда болду.

Ал жайларда уйгур тектүү музыканттар күү чертип жатканы сүрөттөлөт. Бирок ошол эле учурда Кашкардын көчөлөрүндө ондогон полиция кызматкери күнү-түнү нөөмөттө турганын айтышат.

Шинжаңдын шаар жана айылдарындагы баннерлерде Си Цзинпиндин жылмайып, уйгур балдарынын арасында турганы чагылдырылган.

Ал эми Хотан шаарына жакын жайгашкан чакан айылда экстремизм трагедиясы, уйгурлар менен кытайлардын бактылуу никесин чагылдырган сүрөттөр илинип турат.

Үрүмчүдөгү баннерде "Этникалык биримдикти, кытайлыктардын жашоо образын жана гүлдөгөн Шинжаңды куруңуз" деп жазылган.

Чанцзи шаарындагы мечиттин дубалында "Ар бир улуттун мекенин сыйлагыла" деген жазуу бар.

Ички туризмге чоң үмүт арткан өкмөт, Шинжаңга жаңы киреше булагын сунуштап, АКШнын санкцияларын айланып өтүүгө аракет кылууда. Кытай быйыл Шинжаңга 200 миллион турист, 2025-жылы болсо 400 миллион турист келет деп күтүүдө.

Кытай бийлигинин маалыматы боюнча, былтыр бул өлкөгө 158 миллион турист келген.

АКШ өкмөтү Кытай бийлигинин мусулмандардын массалык камакка алууларын "геноцид" деп атап, кытайлык аткаминерлерге жана компанияларга санкция салган.

Бээжин бул айыптоолорду четке кагып, "бул саясат аймактагы эң ири этникалык топтор - уйгурлар менен ханзулар ортосунда чыңалууну күчөтүүнү пландап жаткан сепаратисттер менен диний экстремисттерди басуу үчүн керек" деп эсептейт.

Тургундардын басымдуу бөлүгү уйгурлардан турган Хотан калаасында "эски шаар" кайрадан калыбына келтирилүүдө.

Ар кадам сайын илинип турган плакаттарда мурда үйлөр кандай болгонун жана алардын ордуна кандай имараттар курулганын көрсө болот. Ал эми жаңы имараттар туристтик жайлардын архитектуралык стилинде курулган.

Аларда "Эскинин ордуна жаңысы келет, Коммунисттик партияга миң мерте алкыш" деп жазылган.

Кейт Каделл жанеа Томас Питер, Reuters

Кыргызчага которгон Элвира Будайчиева.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублёв в трёх сетах обыграл Маркоса Гирона и вышел в третий круг «Мастерса» в Риме






Московский таксист опоздал на вызов к пожилому пассажиру и прострелил ему бедро

Центральная Азия под лупой. Эксперты обсудят миграционные проблемы

Новые городские проекты в сотрудничестве с парком Юрия Лужкова готовит Фонд Юрия Лужкова

Площадь квартир в новостройках Москвы сократилась на четверть за 5 лет