Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

AP: Украина Шинжаң боюнча койгон колун чакыртып алды

0
AP: Украина Шинжаң боюнча койгон колун чакыртып алды

Киев Кытайдагы адам укугун бузган кырдаал боюнча эл аралык документке койгон колун чакыртып алды. Буга Бээжиндин Украинага коронавируска каршы вакцина берүүнү токтотуу чарасы негиз болду.

Бул тууралуу дипломатиялык чөйрөдөгү ишенимдүү булагына таянып Associated Press эл аралык агенттиги маалымат таратты.

Дүйнөнүн кырктан ашуун мамлекети, анын арасында Украина дагы 22-июнда Кытайдан тез арада Шинжаңга көз карандысыз байкоочуларды киргизүүнү талап кылган.

Укук коргоо уюмдары ырастагандай, Кытайда этникалык жана диний азчылыктардын укуктары басмырланып, бузулуп жатканы кабарланган.

Көп өтпөй эле Кытайды адам укугун бузууга айыптаган документтеги мамлекеттердин тизмесинен Украина жок болуп кеткен. Дипломаттар Associated Press агенттигине маалымдагандай, Кытай 500 миң доза вакцина берүү планын токтотуу чарасын айтып, коркуткан соң Киев ушундай кадамга барууга аргасыз болду.

Украин расмийлери бул кырдаалга расмий комментарий берише элек. Киев Кытайдын Sinovac Biotech компаниясынан 1,9 млн доза вакцина алууга макулдашкан.

Amnesty International эл аралык адам укугун коргоо уюму июнь айынын башында баяндамасын жарыялап, анда Кытай бийлиги Шинжаң автоном аймагында казак, кыргыз, уйгур сыяктуу мусулман азчылыктарын кыйноого алып, басмырлап жатканы фактылар менен көрсөтүлгөн.

Расмий Бээжин мындай айыптоолорду Кытайдын ички ишине курулай кийлигишүү катары четке кагып келет.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Александрова не смогла обыграть Саснович и покинула турнир WTA-1000 в Риме






Синоптик Позднякова сообщила о холодной погоде в Москве на следующей неделе

Орден святых Кирилла и Мефодия был вручен Государственному Кремлевскому оркестру

"Единая Россия" поддержала кандидатуру Михаила Мишустина на должность председателя Правительства РФ

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки