Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Орган доошу - жараткандын жердеги үнү

0
Орган доошу - жараткандын жердеги үнү

Өткөн апта соңунда коңшум менен баарлашып, ишемби күнү орган музыкасына барарымды айттым. Ал "жанагы славяндардын өлгөндө аза күтүү музыкасыбы?" дейт. "Жок органга өзүнчө музыка жазылат. Ал классика, аны баары эле аткара бербейт, атайын билим алган, адис музыканттар гана ойнойт. Анда өлгөндөрдүн аза музыкасы ойнолбойт" дедим.

"Бишкекте кайсы жерде орган бар" десем - "Орус драм театрында же чиркөөдө" деп шар жооп берди.

“Адамдын органын беш колдой билем. Сиз айтып аткан органга чынында кызыкпаптырмын”, - дейт.

Кесиби фармацевт, бир чети аныкы жөндүү. Ар ким билгенин айтат. Кыскасы, Кыргызстандагы жалгыз музыкалык аспап орган Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын концерттик кичи залында өткөн доордун 1980-жылы Чехословакиянын Riger Closs фирмасы тарабынан орнотулганын, орган байыркы музыкалык аспап экенин, ал Европанын чиркөөлөрүндө көп ойнолорун айттым.

"Анын сизге эмне кереги бар, "каапырлардын" аспабыбы?" дегенсип жактырбады. "Жок, иним жалпы адамзаттын музыкалык аспабы" дедим.

Органчы Викториянын айтымында, орган эч бир улутка же динге таандык эмес. Бул классика, бардык адамзаттын музыкалык аспабы жана адамга ыракат тартуулайт. Ал ошондой эле, улуттук фольклордук музыка менен кошо классикалык музыканы дагы угууга тарбиялоо дүйнөлүк маданият менен тааныштыруу экенин кошумчалады.

Органчылар Виктория менен Ксения Михальсова өткөн айда Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониянын кичи залындагы органдык концертте Дитрих Букстехуд, Ян Свелинг, Иоганн Себастьян Бах жана Ференц Листтин чыгармаларын аткарышты.

Жаш органчы Ксения Михальсова Иоганн Себастьян Бахтын Ля минор чыгармасын аткарганда дубалга кынап орнотулган органдын сыйкырдуу добушунда бир эле учурда виолончель, контрабас, гобой, кларнет, фаготтун үнү жаңырды.

Ксения Михальсова Курмангазы атындагы Казакстан улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүсү, ал музыкалык билимди Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайдан алып, андан кийин Казакстан консерваториясынан орган аспабына адистешкен. Ал эми Виктория болсо Украина, Орусиядан орган аспабын өздөштүргөн.

Улуттук филармониянын орган солисти Виктория Васильева, өлкөдөгү жалгыз органды күүлөп, жакшы сакталып турушун камсыздоочу адистерге 150 миң доллардай каражат жумшаларын белгилеп, күн өткөн сайын жалгыз аспап күүдөн жанып, куну качып баратканын белгиледи.

Мени кыжалат кылганы концертте жергиликтүү калк өкүлдөрүнөн келбегени болду, басымдуусу башка улуттун өкүлдөрү. Бишкекте 20 жылдан ашуун мезгилден бери жашап аткан коңшумдун классикалык музыкага маани бербегени, кайдыгерлиги, орган аспабынан маалыматы жоктугу өкүндүрдү.

Орган негизинен, кедр жыгачынан, түтүкчөлөрү (трубалары) калайдан жасалат. Бул аспап клавиштик жана үйлөмө аспабы деп аталып, чоң органдын түтүкчөсүнүн бийиктиги 10 метр болсо, кичинекейи 1 см. Ар кандай 10 миңдей шаймандан турат.

Ал клавиштик үйлөмө аспап делип, чоңунун салмагы 200 тоннадан ашат. Тарых барактарында: орган (лат. organum, (ὄργανον грек.) - грек тилинен курал, аспап, машине дегенди түшүндүрсө, алгачкы орган б.з.ч. Грецияда жасалганы белгиленет.

Колдун манжалары менен клавишалары ойнолсо, бут менен педалдар аркылуу үйлөмө добушу ойнолот. Кийинчерек орган жалпы Европага тарап, чиркөөлөргө дагы коюлган. Органчылардын айтымында, орган добушу кудай менен баарлашуу, ааламды, космосту сезүү, жан дүйнөгө ырахат тартуулап, терс энергиядан арылтат.

Органды Кыргызстанда адистешкен саналуу эле музыкант ойнойт.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Саснович вышла в третий раунд турнира WTA-1000 в Риме






Цены на новостройки Москвы и области выросли за год на четверть

В столице на фестивале «Московская весна» на Коптевском бульваре проходят спортивные конкурсы

«Спартак» не проигрывает на протяжении семи матчей

В угольную отрасль Кузбасса в 2024 г. планируют вложить более 135 млрд руб.