Миграция кесепети - кор болгон балдар
Кыргызстанда ата-энеси иш издеп кеткен мигранттардын балдары зордук-зомбулукка кабылып, ур-токмоктон көз жумган учурлар токтобой келет. Эки жума мурда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда токмоктон каза болгон үч жаштагы баланын энесинин дайыны чыга элек. 15-майда бала ооруканага эстен танган абалда жеткирилип, эки-үч сааттан кийин чарчап калган. Текшерүүлөрдө наристенин баш сөөгү жабыркап, денесине кан уюп калганы аныкталган. Баланы апасы тууганына калтырып, Орусияга ишке кеткени кабарланган. Читать дальше...