Байден Зеленскийди Вашингтонго чакырды
АКШ президенти Жо Байден дүйшөмбүдө украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу Ак Үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жэйк Салливан билдирди. Маалыматка караганда, Байден Зеленскийди быйыл жайында Вашингтонго келип кетүүгө чакырды жана Украинанын суверенитетин колдооруна дагы бир жолу ишендирди. "Reuters" агенттиги украин президентинин кеңешчисине шилтеме менен билдиргендей, лидерлер АКШ жана Орусия президенттеринин жолугушуусу алдында өз позицияларын координациялашты. Читать дальше...