«Медакадемиянын бюджети 1 млрд. сомго жетти»
Индира Кудайбергенова Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын ректору болуп экинчи ирет шайланды. Кудайбергенова “Азаттыкка” курган маегинде үзгүлтүккө учурап калуу коркунучуна кабылган шайлоонун чоо-жайы, студенттердин митинги жана жамааттын колдоосу тууралуу айтып берди.