Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

«Караван» соода борборунун ижарачылары бийликке кайрылышты

0
«Караван» соода борборунун ижарачылары бийликке кайрылышты

Бишкектеги «Караван» соода борборунун ижарачылары 1-февралда Өкмөт Үйүнүн алдына митингге чыгышты.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, 100гө чукул киши ижара келишимине байланышкан маселени чечип берүүнү талап кылып, президент Садыр Жапаровго кайрылышты.

Нааразы тарап Мамлекеттик «Мүлк» ишканасынан соода жайларын бошотууну талап кылган эскертүү келгенин, ижара келишими аткарылбай жатканын айтышты.

Аталган соода борборундун ижарачылары былтыр марттан бери маал-маалы менен митинг өткөрүп келе жатышат. Буга 2020-жылдын башында соода борбордун электрондук сатыкка коюлганы себеп болгон.

Акцияга чыккандар соода борбордун электрондук сатык порталына чыкканы мыйзамсыз деп эсептешет.

Аталган ишкана өз дарегине айтылган дооматтарга комментарий бере элек.

Бишкек шаарын 2008-2010-жылы башкарган мурдагы мэр Нариман Түлеевдин жакындарына таандык «Караван» соода борбору сот чечимине ылайык 2017-жылы Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өткөн.

Кийинчерээк ал «Мүлк» ишканасына берилген.

Аталган мекеме 2020-жылдын 15-августунан тартып ижарачыларга карыздарын төгүп, имаратты бошотуп беришин талап кылган. Аларга соода жайларын электрондук портал аркылуу алууну сунуш кылган.  Соодагерлер порталдагы ижара акысы кымбат экенин айтып жатышат.  

Азыр соода борборунда 200дөн ашык күркө бар. (NT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Свентек переиграла Соболенко и выиграла титул WTA в Мадриде






Сервис на mos.ru поможет спланировать досуг в Москве

Мэр Москвы поздравил жителей столицы с Пасхой

Сколько французов погибло за Гитлера, а сколько - против.

Семшов: «В ближайшие пять лет я не вижу конкурентов у «Зенита»