Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Ооруканада баласына ВИЧ жуккан келин Саламаттык сактоо министрлигин Жогорку сотто утуп алды

0
Ооруканада баласына ВИЧ жуккан келин Саламаттык сактоо министрлигин Жогорку сотто утуп алды

Ооруканада баласына ВИЧ жугуп калган 42 жаштагы жалгыз бой эне Саламаттык сактоо министрлигин жана Кызыл-Кыя шаардык ооруканасын Жогорку сотто утуп алды.

8-декабрда чыккан соттун чечимине ылайык, утулган тарап келинге эки миллион сом кенемте төлөп берүүгө тийиш.

Келин «Азаттыкка» билдиргендей, 2010-жылы анын бир жаштагы уулу кырсыкка кабылып, Кызыл-Кыядагы ооруканага алып барганда дарыгерлер наристеге кан куюшкан. Бир ай бою наристенин абалы оңолбой, улам дене табы көтөрүлө бергендиктен кандан анализ тапшырганда Адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ) аныкталган. Балага куюлган канда вирус болгону бир канча жолку текшерүүлөрдө тастыкталган.

Келин жергиликтүү укук коргоо органдарына кайрылып, майнап чыкпаган соң 2011-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарына кат жазган. Анын арызы парламенттен ары Башкы прокуратарага жиберилип, териштирүү башталган. 

Прокуратура ишти сотко өткөрүп, териштирүү 2014-жылы аяктаган. Сот чечиминде медицина кызматкерлеринин шалаакылыгы менен бала оорукчан болуп калганы бышыкталган. Бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен тийиштүү медициналык адистер жоопкерчиликке тартылган эмес.

Кийинчерээк келин «Адилет» укуктук клиникасынын юристтеринин жардамы аркылуу Жогорку сотко чейин даттанып, Саламаттык сактоо министрлигине жана Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына 5 миллион сомдук доо койгон. 2020-жылдын 8-декабрында Жогорку сот чечим чыгарып, министрлик менен оорукананы келинге эки миллион сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди. Азырынча келин акчаны ала элек.

Саламаттык сактоо министрлигинин юристи Азамат Жумакеев Жогорку соттон чечим чыкканын бышыктады. Бирок министрликке азырынча чечим жибериле элек экенин билдирип, качан чечим колго тийгенде кенемте төлөө жагы караларын айтты.

Баласына ооруканада ВИЧ жуккан ата-энелердин арасынан өкмөт органдарын сотто утуп алган учур буга чейин болгон эмес. 

Кыргызстанда ВИЧ илдети жуккан балдардын расмий саны 700дөн ашат, алардын 382сине дарыгерлердин шалаакылыгы менен илдет жукканын Республикалык СПИД бирикмеси билдирген (айрым булактарда 385 бала). (SE)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Швентек отыграла у Соболенко три матчбола и стала самой молодой теннисисткой с 20 титулами с 2012-го






Спасение спасающих: почему в Пермском крае массово увольняются сотрудники МЧС

Врачи Первой Градской больницы вернули мужчине на место вышедший из орбиты глаз

«Титул, которым я горжусь больше всего»: Рублёв одолел Оже-Альяссима и выиграл второй турнир серии «Мастерс» в карьере

Коллекционер из Германии обнаружил в куске янтаря из Мьянмы осу возрастом 100 млн лет