Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Кумаркана ачуу маселеси кайра козголду

0
Кумаркана ачуу маселеси кайра козголду

Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагына кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылып, коомдук талкууга чыгарышты.

Эки депутаттын демилгеси боюнча, «Тамчы» аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен казинонун курулушу болжолдонгон. Документке ылайык, кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага Кыргызстандын жарандары киргизилбейт. Бул мыйзам долбоору өлкөнүн башка аймактарында иштебейт. 

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири депутат Бактыбек Турусбеков мындай дейт:

«Эгерде Кыргызстандын жараны же анын жакындары күч түзүмдөрүнө кайрылып, казиного акчасын уттурганын айта турган болсо, анда оюн-зоок комплексинин ээси болгон акчасын кайтарып берет. Мындан тышкары Кыргызстандын жарандарына эшигин ачкан казинолордун лицензиясы алынат. Мындай шартта эч бир казино кыргыз жаранын киргизбейт. Мыйзам азыркы учурда коомдук талкууга коюлду. Эми тараптардын пикири менен толукталат».

Мындан тышкары долбоордун негиздемесинде оюн-зоок жайларынын штаты 23 жашка чыккан кызматкерлерден турушу керек экени жазылган. Алардын кеминде 50%, анын ичинде жетекчи жана башкаруучу кызмат орундагылардын 10% Кыргызстандын жарандары болушу керек. Кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө жол ачкан атайын административдик райондун аймагында алынган кирешенин 40% Кыргызстандын бюджетине, калганы инвесторго тиешелүү болот. Демилгечилер долбоор өлкө экономикасына салым кошуу, туристтик тармакты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу максатында иштелип чыкканын айтышууда.

«Азыр экономикабыздын абалын көрүп турасыңар. Завод-фабрика курганга көп убакыт керек экен. Ушунун баарын эске алуу менен мыйзам жазып чыктык. Кумар оюндарынын ишине тыюу салуу мамлекеттик бюджетти бир жылда 600 миллион сом жоготууга кириптер кылып, ошондой эле 11 миңден ашык жумуш орундарынын жабылышына алып келген. Биз билгендей туристтердин 90% Ысык-Көлгө келет. Эми алардын акчасын алып калышыбыз керек», - деди Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков.

2015-жылы Экономика министрлиги да ушундай мазмундагы мыйзам долбоорун сунуш кылып, аэропорттордун жанына чет өлкөлүктөр казино ойной алган атайын аймактарды ачууну көздөгөн. Анда Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустары жөнүндө сөз болгон эле. Бирок мыйзам долбоору колдоо тапкан эмес.

Колдоосу күч казино 

Кыргызстанда кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө 2012-жылы, ал эми тотализатор менен букмекерлерге 2015-жылы тыюу салынган. Буга кумарканаларга акчасын уттурган жарандардын жакындарынын нааразылыгы себеп болгон. Алар парламенттин алдында бир нече жолу митинг уюштуруп, кумарканалардын айынан көчөдө калгандар көбөйгөнүн айтып чыгышкан эле.

«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова кумар оюндарынын кесепетин санап берди: 

«Кыргызстан Лас-Вегаска айланып кеткенде биздин кризистик борборго кайрылгандар аябай көп болду. Кумарканалар үй-бүлөлөрдүн ажырашуусуна да себеп болгон. Үстүндөгү үйүн, жанында жүргөн аялын уттуруп жибергендер да бар. Баңгизатка берилүү, алкоголизм, кумарпоздук - бул айыкпай турган оорулардын бири. Азыр да жашыруун казинолор иштеп жатат. Аларды жаба албай жатып Ысык-Көлгө ачуунун кереги бар беле?» 

Кумар оюндарына тыюу салган мыйзам долбоору сунушталып жаткан учурда ага каршы чыккандар да көп болгон. Алардын көбү экономикалык жоготууга басым жасаган эле. Казино, оюн автоматтарында иштеген жарандар нааразылык акцияларын да уюштурушкан болчу.

Аталган жайлардын жабылышына шарт түзгөн мыйзамдын авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов да өз пикирин айтты: 

«Бюджетти толтуруунун башка жолу жок бекен? Өндүрүштү колдосо, инвестиция тартса болот да. Бул демилге Абылгазиевдин өкмөтүнүн учурунда да көтөрүлгөн. Мунун артында акчалуу кишилер турат. Азыр мыйзам долбоорун сунуш кылып жаткандар «марионетка» болуп жатышат. «Чет элдиктерге» деген шылтоо менен эптеп эле ачып алыш керек болуп жатат. Ал жерге биздин жарандар киргизилбейт дегенге кепилдик жок. Анда Ысык-Көлгө апийим тигели, ал жакта кара куурай да жакшы өсөт. Көлдү ушундай аймак кылып салалы. Менимче мындай кадамдардан эч ким жыргап кетпейт».

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Жумабеков менен Бактыбек Турусбеков сунуш кылган мыйзам долбоору 25-январда коомдук талкууга коюлган. 

«Иним өзгөрүп кетти»

Кыргызстанда кумар оюндарына тыюу салынгандан кийин бинардык опцион катары ачылган жайлар көбөйө баштаган. Бирок алардын аты башка болгону менен, ичинде кадимкидей эле кумар оюндары бар экени айтылып келет.

Ысымын атагысы келбеген жарандардын бири «Азаттыкка» кайрылып, иниси бинардик опцион катары катталган жайларга болгон акчасын уттуруп жибергенин айтып берди: 

«Иним 22 жашта. Ал былтыр «Бинго трейд» деген жерге 300 миң сом уттуруп жиберген. Ал акчанын бир бөлүгүн ар кимден карыздап алган экен. Билип калгандан кийин аны токтотуп калгандай болгонбуз. Быйыл кайра 50 миң сом салып жибериптир. Бул биз билген эле акча. Иним мектепте, андан кийин окуу жайында жакшы окуган бала эле. Кумар оюндарына берилип кеткенден кийин толугу менен өзгөрдү. Окуусу да орто жолдо калды. Ал жайларга барсак бир да компьютер бош эмес, 20-35 жаштагы балдар жүрөт. Көрсөң бооруң ооруйт. Биз милицияга кайрылып арыз жаздык. Бирок алар эч нерсе кыла албайт экен».

Жарандык активисттер бинардык опцион катары катталган электрондук кумарканалардын ишине тыюу салууну талап кылып келатышат. Бирок алардын ишмердүүлүгүнө мыйзам жолтоо боло албайт. Укук коргоо органдары маал-маалы менен башка аталыш менен иштеп жаткан кумарканаларга рейд уюштуруп турушат. Бирок андай жайлар азая элек.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублёв стал победителем «Мастерса» в Мадриде






Певец Сергей Лазарев признался, что отдыхал в Турции с Лерой Кудрявцевой

«Динамо» на 95-й минуте вырвало победу у «Сочи» и вышло на первое место в турнирной таблице

КАЛМЫКИЯ. В Москве презентовали первый калмыцкий парфюм

Яд в банках: в популярных марках кофе Росконтроль выявил фальсификаты