Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Марипов өткөөл мезгилдин өкмөтүнө сунушталды

0
Марипов өткөөл мезгилдин өкмөтүнө сунушталды

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 1-февралда жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин көрсөттү. Конституциянын сунушталып жаткан жаңы долбоору референдумда кабыл алынса, Марипов акыркы өкмөт башчы болуп калмакчы. 

Улукбек Мариповго премьер-министр болууну президент Садыр Жапаров сунуш кылган. Бул тууралуу ал «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал эми коалициянын жыйынына анын талапкерлиги «Республика - Ата Журт» фракциясы аркылуу сунушталды.

Улукбек Марипов кызматка келип калса, негизги аткара турган иштери жөнүндө буларды айтты.

«Өкмөттүн алдында эң негизги маселелер турат. Биринчиси - коронавирус маселеси, андан кийин кыштан чыгуу, энергетика, анын артында экономиканы жөнгө салуу маселелери турат. Жазгы талаа иштери бар. Референдумду, парламенттик шайлоону өткөрүш керек», - деди Марипов. 

Талапкер Марипов өкмөт курамынын 22 мүчөсүн 16га чейин кыскартып, азыркы иштеп жаткандардын жарымын өзгөртүп, программасын даярдап, дүйшөмбү күнү кечинде парламенттин төрагасына жиберерин билдирди. 

Премьер-министрликке талапкер сунушталып жаткан учурда коомчулукта өкмөттүн жаңы курамына айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жана билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев кирбей калышы мүмкүн экени айтыла баштаган. Бирок Марипов Бейшеналиевдин ишине оң баа берип, иштеше турганын айтты. Ал эми Токтогазиев боюнча так жооп берген жок. Ошондой эле вице-премьер-министрлердин бири алмашары кабарланды. 

Марипов өкмөттө кыскартуулар жана кескин реформалар менен миллиондогон каражаттарды үнөмдөөгө убада берди. Ошондой эле депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, коронавирус менен күрөштү улантып, дарыгерлерди ыксыз текшерүүнү токтотуп, аларга көмөктөшүү керек экенин айтты. 

Депутат Акылбек Жапаров Марипов өкмөт башчы болуп калса 100 күн гана кызматта турарын белгилеп, анын алдында олуттуу жоопкерчилик турганын эске салды. 

«Конституциялык реформалар бүтүп, Боршайком жыйынтыктарын чыгарган күндөн баштап президент аткаруу бийлигинин башчысы болот. Сиздин ыйгарым укуктарыңыз токтойт. Ошол 100 күндө Кыргызстанда чечилбей келген 100 көйгөйдү чечиңиз. План түзүү, жыйын кылуу сизге буйрубаптыр. Ошондой ойлоруңуз барбы?», - деди Жапаров. 

Марипов ал сунуштаган өкмөт курамы, программасы референдумдан кийин да иштөөгө ылайыкташтырылып түзүлөрүн жана бул жөнүндө президент Садыр Жапаров менен сүйлөшкөнүн билдирди.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум апрель айында өтөрү кабарланууда. Эгерде анда азыркы сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору жактырылса өкмөт башчылык кызмат жоюлуп, анын ордуна президенттик аппараттын жетекчиси министрлер кабинетин да башкарып калат. Министрлер кабинетинин башчысына талапкерди президент сунуштап, парламент аны бекитип гана берет. 

Эл өкүлү Зарылбек Рысалиевдин Марипов бардар үй-бүлөдө чоңойгонун, андан кийин жогорку кызматтарда иштеп кыйынчылык көрбөгөнүн белгилеп, өкмөт башчылык кызматты тартып кете аларынан шек санап жатканын айтты.

«Басып өткөн жолуңузду карасак бир да кыйынчылыкты башыңыздан өткөрбөптүрсүз. Дайыма курсагыңыз ток, иштеген жериңиз жылуу экен. Сиз премьер-министрликке баратасыз, кандай иштей аласыз? Менин ичим чыкпай жатат».

Рысалиевдин суроосуна Марипов «сын-пикирлерди угууга даярмын» деп жооп берди. Рысалиевден башка депутаттардын дээрлик көпчүлүгү сунуш жана колдоо гана сөздөрүн айтышты. Марипов депутаттардын алдында эч кандай саясий дымагы болбогонун, чарба менен алектенерин билдирди.

2016-жылдан бери Эсеп палатасын жетектеп келе жаткан 41 жаштагы Улукбек Марипов буга чейин эч бир партиянын курамында расмий катталган эмес жана саясий айдыңда аты анча таанымал эмес. «Үмүт 2020» саясий кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбек Марипов президенттик аппарат тандап алган талапкер экенин белгилеп, бийликте анын чечим чыгаруу ролу болбой турганын билдирди. 

«Депутаттар сурап жатпайбы, "Эмне реформа кыласыз?" деп. Реформа кылганга убактысы да, мүмкүнчүлүгү да жок. Мариповдун күтүүсүз жерден чыгышы дагы деле президенттик аппарат талапкер сунуштады дегенди билдирет. Менин оюмча регионалдык балансты кармаш үчүн эле коюлган фигура».

Мариповдун мамлекеттик кызматтагы карьерасы 2001-жылдары башталып, бардык бийликтин тушунда ийгиликтүү болгон экен.

2016-жылы 18-мартта Эсеп палатасына аудитор болуп ишке орношуп, бир күндөн кийин эле төрагасы болуп дайындалып, ошондон бери бул кызматта иштеп келаткан. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Ноокат райондук ооруканасынын азыркы башкы дарыгери Асамидин Мариповдун баласы.

Жергиликтүү медиа каражаттары Марипов кылмыш иши козголуп Америкага качып кеткен депутат Аскарбек Шадиевдин да кеңешчиси болгонун жазышты. Марипов журналисттерди Шадиев боюнча суроосуна так жооп берген жок.

Мариповдун талапкерлиги эми парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине жиберилет. Андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Ушул тапта премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарууда. Президент Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда өткөн 10-январдагы президенттик шайлоонун алдында өкмөт башчылык кызматты убактылуу токтоткон.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин 21-январда премьер-министрлик кызматты тапшырып, азыр иштеп жаткан өкмөт кызматтан кеткен. Новиков башында турган аткаруу бийлиги өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин иштеп турат.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары кирет. «Өнүгүү-Прогресс», «Ата Мекен» фракциялары оппозициялык азчылыкты түзөт.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев не отстал от «Реала»! Как русская звезда тенниса покорила Мадрид






Туляки завоевали медали Кубка России и Всероссийских соревнований по судомодельному спорту

В Петербурге мужчину задавил его КамАЗ, который он забыл поставить на ручник

Коллекционер из Германии обнаружил в куске янтаря из Мьянмы осу возрастом 100 млн лет

Джоан Роулинг захотела написать еще шесть книг