Уланбектин изи өчпөйт, иликтөөлөр уланат
Бүгүн, 12-февраль иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү. Ал тирүү болсо 31 жашка чыкмак.
Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чараларынын алкагында Иликтөөчү журналисттер фонду уюштурган "Чындык" аттуу форум өтүүдө.
Форумга АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу, "Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин директору Элина Каракулова жана иликтөөчү журналисттер, маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү катышууда.
Жыйындын катышуучулары Уланбек баштап кеткен иш токтобосун, журналисттик иликтөөлөр жылдан жылга күчтүү чыга бере турганын айтышууда.
11-февралда Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында «Уландын иши уланат» аттуу эскерүү иш-чарасы өткөн.
Маркум журналисттин жаркын элесине арналган иш-чараны "Уланбек Эгизбаев атындагы жаштар бирикмеси” уюштурду.
Эскерүү кечесине Эгизбаевдин апасы, жубайы, жакындары, кесиптештери, экс-президент Роза Отунбаева, чыгармачыл адамдар жана активист жаштар катышып, анын эмгектери кийинки жаштарга үлгү болорун белгилешти.
Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген «ЖЭБ: 386 млн. доллар кайда короду?», «Бажыдагы уурулук», «Темир жолдогу жемкорлук», «Музейге сарпталган миллиондор», «Мансаптуулардын жер бизнеси», «Саясатташкан мумия» өңдүү ондогон курч видеоиликтөөлөрү менен таанылган.
Көп кырдуу таланттын кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары, фотобаяндары кагазга түшүрүлүп, «Чындык деп жанган өмүр» ("В поисках правды") деген аталышта кыргыз жана орус тилдеринде китеп болуп басылып чыккан. Китеп «Азаттык Медиа» мекемесинин демилгеси жана «Сорос - Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен жарык көргөн.
Уланбек Эгизбаевдин ишин улантуу максатында түзүлгөн Журналисттик иликтөөлөр фонду бүгүн иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иштеп жатат. Уюм негиздеген "Уланбек Эгизбаев атындагы" сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда мыкты иликтөөчү журналистке ыйгарылып келет.
Ошондой эле иликтөөчү журналист билим алган Көк-Жар орто мектебинин кыргыз тилин мыкты окуган эки бүтүрүүчүсүнө ар окуу жылдын соңунда "Уланбек Эгизбаев атындагы" стипендия демөөрчүлөрдүн атынан тапшырылат.
Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочуларынын демилгеси менен бир көчөгө Уланбек Эгизбаевдин ысымы ыйгарылган.
Мурдагы президент Сооронбай Жээбековдун жарлыгы менен Уланбек Эгизбаевге көзү өткөндөн кийин "Эрдик" медалы ыйгарылган.
2019-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы ыйгарылып, күбөлүгү жана төш белгиси Уланбектин жакындарына тапшырылган.
Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө 28 жашында каза болгон. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун билдирген.