Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Адам укуктары боюнча Европа соту Навальныйды тезинен бошотууну талап кылды

0
Адам укуктары боюнча Европа соту Навальныйды тезинен бошотууну талап кылды

Адам укуктары боюнча Европа соту орус бийлигин оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды тезинен камактан бошотууга чакырды. Бул талап камтылган документтин көчүрмөсү саясатчынын жеке сайтында жарыяланды. Соттун регламентине ылайык, айрым учурларда сөзсүз түрдө аткарылышы керек болгон камсыздоочу чараларды кабыл алат. Мындай чара арыз берген адам коркунучка туш болгон учурда көрүлөт.

Бирок Орусиянын Юстиция министрлиги Европа сотунун чечимин аткаруу ниети жок экенин билдирди. Министрлик бул чечимди “суверендүү өлкөнүн сот системасынын ишине одоно жана негизсиз кийлигишүү”,-деп атады.

Быйыл 2-февралда Москва соту Алексей Навальныйды “Ив Роше” деп аталган иш боюнча шарттуу жазасын катаалдаштырып, дээрлик үч жылга эркинен ажыраткан. 2017-жылы Адам укуктары боюнча Европа соту дал ушул иш боюнча Навальныйдын укугу бузулду деген чечим чыгарган. Анын негизинде саясатчыга компенсация төлөнгөн. Бирок Орусиянын Жогорку соту Навальныйга карата сот чечими мыйзамдуу деп, аны өзгөртүүдөн баш тарткан.

Орус оппозициясынын лидерлеринин бири Алексей Навальный быйыл 17-январда Берлинден дарылануудан келээри менен камакка алынган. Анын камалышына каршы буга чейин Орусиянын ондогон шаарларында ири нааразылык жыйындары өтүп, анын жүрүшүндө миңдеген кишилер тартип сактоо кызматкерлери тарабынан кармалды.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублёв стал победителем «Мастерса» в Мадриде






Саммит Евразийского экономического союза в Москве. Главное

Консультант Лейкина назвала китайский языком деловой успешности

Владимир Путин провел встречу с президентом Узбекистана в Москве

МИД рекомендовал россиянам учитывать риски при планировании поездок в Мексику