Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

«СпутникV» вакцинасын Кыргызстанга алып келүү тууралуу сүйлөшүү өттү

0
«СпутникV» вакцинасын Кыргызстанга алып келүү тууралуу сүйлөшүү өттү

Орусияда Коронавируска каршы «СпутникV» вакцинасын Кыргызстанга алып келүү тууралуу сүйлөшүү өттү.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Анда 19-февралда саламаттык сактоо жана социалдык жактан өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко жолукканы айтылган.

Жолугушууда саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтык, бул тармакты материалдык-техникалык жактан чыңдоо, медициналык кызматкерлерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу тууралуу да сөз болгон.

Орусия мындан тышкары COVID-19га каршы күрөшкө колдоо иретинде бат курула турган ооруканага техникалык жактан көмөк көрсөтүү жолун караштырмакчы.

Маалым болгондой саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Москвага иш сапар менен 18-февралда кеткен.

Кыргызстан буга чейин коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасын тандап алган.

Эмдөө март айында башталып, 504 миң доза алгач медицина кызматкерлерине жана мугалимдерге сайылары кабарланган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мындан тышкары «СпутникV» вакцинасынын өндүрүүчүлөрү менен да сүйлөшүү жүргүзүп жатканы маалым болгон.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 20-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан эки адам каза таап, вирус 59 кишиден табылган. Жүздөн ашуун адамдын абалы оор экени айтылды. Март айынан бери илдеттен 1452 адам көз жумду. (ST)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Соболенко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Мадриде






«Суперакции» и комплексный подход: шесть признаков плохого косметолога

Финны обвинили Россию в сбоях в работе GPS

«Россия 1»: Путин до инаугурации 7 мая встретится с членами правительства

У математиков Калмыкии появится профессиональный праздник