Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Даңазалуу серб ырчысы Балашевич коронавирустун айынан дүйнө салды

0
Даңазалуу серб ырчысы Балашевич коронавирустун айынан дүйнө салды

Таанымал серб ырчысы Жорже Балашевич жума күнү COVID-19 илдетинин айынан 66 жашында көз жумду. Бул тууралуу 19-февралда Сербиянын мамлекеттик сыналгы каналы билдирди.

Акын, ырчы, музыкант жана режиссер Жорже Балашевич (сербче: Ђорђе Балашевић; 11.5.1953 – 19.2.2021) мырза 1990-жылдары Югославия таркагандан кийин дагы бүткүл мурдагы Югославия аймагында сүйүктүү ырчы катары кала берген.

Жорже – теги боюнча серб болгон Йован Балашевичтин жана жарымы венгер, жарымы хорват тектүү Вероника Доленецтин уулу. Чоң атасынын тегаты (фамилиясы) “Балашев” болгон, бирок Жорже өзү 1971-жылы тегатын “Балашевич” деп өзгөрткөн.

Ал жумшак поп музыкасы, тамашалуу ырлары жана тынчтык сүйүүчү маанайы менен көп этностуу калайыктын сүймөнчүктүү ырчысына айланган.

Балкандагы 1990-жылдардагы согуш маалында ал Сербиянын лидери, ашынган улутчул саясатчы Слободан Милошевичти кескин сынга алып, айрым учурларда ачык келекелеп турган жана жалпы калкты тынчтыкка жана биримдикке чакырган.

Дал ошондуктан 1996-жылы ал БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын изги ниет элчиси болуп калган.

Ал согуштан кийин Босниянын борбору Сараево шаарына келип концерт койгон алгачкы серб өнөрпозу болгон. Балашевичтин Босния-Герцеговина жумуриятындагы бул концерти ар кыл этносторду согуш жараатынан арылтып, ынтымакка чакыруу мүдөөсүн көздөгөн.

Нови Сад аймагынын өкмөт башчысы Игор Мирович Баласевичтин өлүмү "орду толгус чоң боштукту" калтырды деп билдирди.

Мирович Балашевичтин үй-бүлөсүнө жиберген өзүнүн көңүл айтуу телеграммасында: "Жорже Балашевич өзүнүн поэзиясы жана музыкасы менен биздин өлкөдө гана эмес, бүтүндөй чөлкөмдөгү көркөм өнөр чөйрөсүндө түбөлүк өчпөс из калтырып кетти", – деп билдирди. (TT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

«У меня больше нет сил бороться». Елена Рыбакина раскритиковала WTA






ГЛАВНЫЕ НОВОСТИ НЕДЕЛИ: «Искандеры» в Карелии, колесо обозрения и дело Антипова

Одна из «башен Кремля» задумала захват власти в России – Сивков

Московский список Казанской иконы временно передавали храму Христа Спасителя

МВД: в Ленобласти мужчина выстрелил в 3 нападавших у станции метро «Девяткино»