Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Навальный согуш ардагерине байланыштуу жарандык сот ишинде айыптуу деп табылды

0
Навальный согуш ардагерине байланыштуу жарандык сот ишинде айыптуу деп табылды

Орусиянын борборундагы Бабушкинский райондук соту 20-февралдагы отурумунда оппозициячыл лидер Алексей Навальныйды Улуу Ата мекендик согуштун ардагеринин кадыр-баркына шек келтирди деген доо боюнча күнөөлүү деп тапты.

Навальный мырзага 94 жаштагы согуш ардагери Игнат Артеменкону президент Владимир Путиндин 2036-жылга чейин кызматында калуусуна шарт түзө турган соңку конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогон көрнөк катары тартылган видео тасмага катышкандыгы үчүн “чыккынчы” деп жалаа жапкан сөздөрдү айткан деген айып коюлган.

Навальный былтыркы конституциялык референдумдун ирегесинде жарыяланган көрнөк тасмадагы кишилерди президент Владимир Путиндин бийлигине көшөкөрлүк кылып жатышат деп жалпылап сынга алып баалап, аларды "жемкордун малайлары жана чыккынчылар" деп атаган.

 

Өзүнө карата тагылган доону Навальный жана анын жактоочулары негизсиз жана Кремль таңуулаган саясий буюртма деп четке кагып келишет.

Соттогу акыркы сөзүндө Навальный орус бийликтерин дагы бир ирет айыптады:

“Бул баракча – социалдык камсыздандыруу бөлүмүнөн маалымдама. Алар ардагер Артеменкого акыркы төрт жылда кандай жардам беришкенин жазышат. Акыркы жолу ал азык-түлүк жардамын 6-июлда алган, мындайды ал акыркы төрт жылда төрт жолу алган экен. Бул сертификаттардын жалпы наркы – 11 миң рубль. Мына, сиздердин ардагерге көрсөткөн жалпы камкордугуңуздар, эки жүздүү акмаксыздар!” – деди Навальный.

Анын сөзүн  "Deutsche Welle" ("Немис толкуну") компаниясынын кабарчылары да "Твиттерде" жарыялашты. 

Навальный өзүн күнөөсүз деп санаарын, өз сөзү үчүн эч кандай өкүнбөй тургандыгын билдирди.

Москванын Бабушкинский райондук сотундагы көчмө отурумдун жыйынтыгында, оппозициячы саясатчы Навальный Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Игнат Артеменкого каршы жалаа жапкан делген иш боюнча (Кылмыш-жаза кодексинин 128.1-беренеси) 850 миң рубль айып төлөөгө милдеттендирилди (прокурор 950 миң рубль акчалай жаза төлөнсүн деп сураган, ал эми коргоочу тарап Навальныйды толук актоону талап кылган).

Саясатчы Навальный, жарандык соттун судьясы Вера Акимованын айтымында, "жалаа жапканы үчүн" күнөөлүү деп табылды. Акимова Навальныйдын жактоочуларынын анын социалдык тармактардагы билдирүүлөрүндө фактылар эмес, баа берген пикир гана камтылган деген жүйөөлөрүн негизсиз деп четке какты.   (TT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

«У меня больше нет сил бороться». Елена Рыбакина раскритиковала WTA






ТАСС: президент Кубы Диас-Канель посетит Россию и примет участие в параде 9 Мая

СМИ: Нетрезвый водитель спровоцировал аварию с участием трех машин в Москве

ТАСС: президент Кубы планирует посетить Россию и принять участие в Параде Победы

На площадках "Московских сезонов" открылись скейт-парки