Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Адвокат Эркимбаев: Абылгазиевге "Кумтөр" компаниясына кошумча жер бөлүп берген деген доо коюлган эмес

0
Адвокат Эркимбаев: Абылгазиевге

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин адвокаты Данияр Эркимбаев Абылгазиевге Кумтөр кенинин аянтын кеңейтүү максатында кошумча чалгындоо үчүн жер бөлүп берүү боюнча айыптоо болгон эмес деп билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” 22-февралда айтты.

“Кумтөрдүн аянты боюнча айып угузулган эмес, күнөө да коюла элек. Эмнеге массалык маалымат каражаттарына Кумтөрдүн аянтын кеңейтүү боюнча айыпталды деп берип жатканын түшүнбөй жатабыз. Мунун максатын билбейбиз. Негизи, өкмөт деген коллегиялык орган да. Айыптагандан мурда ушуну эске алып, жагдайды талдаш керек болчу”.

Абылгазиевдин адвокаты ошондой эле анын ачкачылык жарыялаганы тууралуу айтылып жаткан кептерди төгүндөп,  өзү жактап жаткан саясатчынын абалы канааттандырарлык деди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Абылгазиевди өкмөт башчы болуп турганда «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүү тууралуу токтомго мыйзам бузуп кол койгон деген шек менен 26-январда кармаган. Ал «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча да айыпталып жатат.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы 20-апрелде өкмөткө келип, 2020-жылдын июнь айында жыштык чырына байланыштуу кызматтан кеткен. (BCh)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Соболенко уступила Свентек в финале турнира WTA-1000 в Мадриде






Директор школы Булаева: необходимость в репетиторах перед ЕГЭ снизилась

В Москве выставили на торги палаты купцов XVIII века

Легенда ЦСКА Масалитин назвал демотивацию главную проблему клуба в этом сезоне

Видели смерть, но не разучились смеяться. Советские режиссеры-фронтовики