Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Матраимовдун "Эльдорадосу" калкты тейлөөчү борборго айланат

0
Матраимовдун

Өкмөт башчы Улукбек Марипов 22-февралда Бишкектеги “Эльдорадо” соода борборунун имаратына Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты тейлөөчү борбор ачыла тургандыгын айтты.

Марипов бүгүн Бишкектеги калкты тейлөөчү борборлордун бирине баш бакты. Анда кезек күтүп тургандар менен пикир алышты.

24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке келтирген чыгымды төлөгөнүн, анын бир бөлүгүн кыймылсыз мүлк катары кайтарып бергенин айткан эле. Бир нече батир менен кошо Матраимов Бишкектеги Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан “Эльдорадо” соода борборун мамлекетке берген.

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин экинчи жолу кармалган. Ал кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айыпталууда.

Калкты тейлөөчү борборлор аркылуу жарандык документтерден тышкары Ички иштер министрлиги берчү айрым маалыматтар жана каттар да берилет. (BCh)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Андрей Рублев поднялся на шестое место в рейтинге ATP






"Работа.ру": россияне хотели бы зарабатывать от 140 тысяч рублей в месяц

Из-за репетиции Парада Победы пробки в Екатеринбурге достигли 9 баллов

Сжег заживо. Разборки двух друзей печально закончились в Москве

Эксперт Стариков объяснил, зачем Германия дважды капитулировала в 1945 году