Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Орусияга жаңы санкциялар кириши ыктымал

0
Орусияга жаңы санкциялар кириши ыктымал

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Орусияга карата жаңы санкцияларды талкуулоо максатында жыйынга чогулууда. Брюсселдеги жыйында 27 мамлекеттин башкы дипломаттары орус оппозиционери Алексей Навальныйды, анын тарапташтарын куугунтуктоого тиешеси бар жетекчилер менен мекеме-уюмдарга чара көрүшмөкчү. Атап айтканда андай чиновниктердин, мекеме-уюмдардын банк эсептери камакка алынып, виза берүүгө тыюу салынышы ыктымал.

Буга чейин Москвага жаңы санкцияларды киргизүү маселеси бир нече ирет талкууланган болчу. Былтыр октябрда Евробиримдик Навальныйды ууландырууга тиешеси бар деген 6 адамга санкция салган.

20-февралда Москва соту Кремлдин келишкис сынчысы, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды 3,5 жылга абакка кесүү боюнча буга чейин чыккан чечимди күчүндө калтырды. Ошол эле күнү Навальный согуш ардагеринин кадыр-баркына шек келтирди делген айып боюнча күнөөлүү деп табылып, ири суммадагы айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Эки сот жараяны тең саясий мүдөө менен өткөнүн укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар белгилеп келишет. Алексей Навальный өткөн айда Германиядан дарыланып келээри менен камакка алынган.

Андан бери Орусияда саясатчыны бошотуу талабы менен акциялар өтүп, анын жүрүшүндө миңдеген адамдар кармалган болчу.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Лучший теннисист Казахстана сдал позиции в чемпионской гонке ATP






Количество профмероприятий в Подмосковье почти в 15 раз превысило число проверок

Тхэквондистки из Лобни победили на всероссийских соревнованиях

Осипов: «На бумаге «Балтика» далеко не фаворит в Кубке России»

В Москве задержали ульяновцев, разводивших на деньги столичных бабушек: видео