Ташиев менен Мадумаровду кайым айтыштырган аткезчилик
Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйыны "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров менен атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин кайым айтышы менен башталды.
Баткен облусунда район-шаарлар ортосунда аткезчиликке каршы уюштурулган көзөмөл бекеттердин маселеси Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлдү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттин төрагасы жана Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Камчыбек Ташиев аткезчилик боюнча маалымат берүү алдында депутат Адахан Мадумаровду "УКМКга далилсиз сын айтууда" деп айыптады.
“Парламент трубунасынан айтылып жатат. "УКМКнын кызматкери элдин канын соруп жатат, жон терисин шылып атат" деген мааниде сөздөрдү айтып жатат. Эч кандай фактыларга таянбастан, саясий амбициясын калыбына келтирүүгө аракет кылган депутат Мадумаровго ачык айтып коюшум керек. Мындай аракеттериңизди токтотпосоңуз, биз дагы сиз жөнүндө аткезчиликти кандай калкалап жатканыңызды ачык айтабыз”, - деди Ташиев.
Депутат Мадумаров отурган ордунан “далил менен сүйлө” деп кыйкырды. Мадумаров менен Ташиев кайым айтышып, аларды спикер Талант Мамытов сабырдуулукка чакырды. Ташиев депутат Мадумаровду "бийликти басып алууга аракет кылууда" деп айыптады. Бул боюнча ыкчам маалыматтар бар деди.
“Бизде толук оперативдүү маалыматтар бар. Булар мамлекетте чаң-тополоң уюштуруп, бийликти алмаштырууга аракет кылып жатат. Мен айтып койсом, мамлекеттеги бийликти сиз эч качан алмаштыра албайсыз. Бир туугандарыңыз, ошол эле Абдысатар жана башкалар чогулуп алып, “жакында Адахан акебиз бийликке келет, биз буларга көрсөтөбүз” дегендер боюнча ыкчам иштер жүрүп жатат. Жакында бир тууганыңызды камасак, дагы кыйкырып чыгасыз”, - деди Ташиев.
Бирок ал бийликти басып алууга байланыштуу айткандарын далилдер менен бекемдеген жок. Мадумаров Ташиевге жооп берип, мыйзамдан чыкпай иш кылып келгенин белгиледи.
“Мен төңкөрүш кылам деп Ак үйдөн секирген эмесмин. Мен Конституциядан чыккан эмесмин. Төңкөрүштү силер кылгансыңар, силер жооп бересиңер”, - деди Мадумаров.
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин "Мадумаров Баткен облусундагы аткезчилик менен алектенген айрым адамдарды калкалайт", - деген сөзүнө жооп берди. Мадумаров айланасында аткезчилик менен алектенгендер болсо өмүр бою камап салууга чакырды.
"Биз Баткен облусуна фракция менен бардык. Баткен районунун, Лейлек районунун акими бизди коштоп жүрдү. Акматов менен сүйлөшөт дейт. Ташматовбу, Эшматовбу ким болбосун карма дагы, аткезчилик кылып жаткан болсо өмүр бою камап сал. Биз баргандан кийин көрүнгөн киши келип арыз-арманын айтат. Жүзүн жашырган жок, силердин кызматкерлерге окшоп чүмбөттөнүп алган жок, сайгактап качкан жок. Түздөн-түз камерага 500 доллар берем десем болбой, миң доллар бер деп айтып атканын дүйнө укту".
Адахан Мадумаров аткезчилик бир мамлекеттен экинчи мамлекетке ташыганда болорун, Кыргызстандын ичиндеги эки айылдын ичинде пост турбаш керек экенин белгиледи.
Депутат Мирлан Самыйкожо атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин парламентке карата мамилеси жөнүндө пикирин айтып, эки органдын ортосундагы алака мамлекеттин ишине кедергисин тийгизип жатканын билдирди.
“Жогорку Кеңеш кандай органбыз? Чындап эле силер келип урушсаңыздар башыбызды чүмкөп отуруп беребизби же өз оюбузду айта турган органбызбы?”, - деди депутат.
Жыйында Ташиев Жалал-Абаддагы селге байланыштуу маселе көтөргөн депутат Тазабек Икрамовду дагы сындаган. Икрамов Ташиевге жооп кайтарып, эл өкүлү катары парламентте маселе көтөрүүгө укугу бар экенин белгиледи.
Парламенттин кечээги (1-июндагы) отурумунда депутат Адахан Мадумаров көйгөйдү Лейлек районунун Кулунду айылынын мисалында айтып, 24-майдан бери жер семирткич буулганын билдирген. Баткенде аткезчиликке каршы деген негизде коюлган посттор "жергиликтүү дыйкандарга түйшүк жаратып жатканын" буга чейин башка да депутаттар айтып чыгышкан.
Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары 11-майда Лейлек районунда көчмө жыйын куруп, эл менен жолугушуу өткөргөн. Ошол жыйындарда жергиликтүү тургундар район, шаарлар менен айылдар ортосуна коюлган көзөмөл бекеттери ишкерлердин товар ташуусуна, айрыкча, айыл чарбасына зарыл болгон жер семирткич, курулуш материалдарын жеткирүүгө тоскоолдук жаратып жатканын даттанышкан.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн аталган бекеттер 2021-жылдын 1-октябрында экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Министрлер кабинетинин төрагасынын токтому менен коюлганын билдиришкен. Жыл башынан бери 25 аткезчилик фактысы катталып, натыйжада 32 миллион сом казынага түшкөнү маалымдалган.
Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Ошондон кийин аткезчилик токтобой жатканы айтылып, жергиликтүүлөр ага каршы күрөшүү талабын көтөрүшкөн эле.