Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Новости за 04.06.2022

Сот министр Бейшеналиевди бир айга камоого чечим чыгарды

Azattyk.org 

Кызматынан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бир айга камалды. Мындай чечим бүгүн 4-июнда Октябрь райондук сотунда чыкты. Бейшеналиев 2-июнда кармалган. Башкы прокуратура ага карата “коррупция”, “опузалап пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү” деген беренелердин негизинде жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Ошол эле күнү Башкы прокуратура COVID-19га каршы вакцина сатып алуудагы жемкорлук... Читать дальше...

"Биринчи Конституция мыкты болчу". Борбор Азиядагы сагыныч

Azattyk.org 

Конституциясын тез-тез өзгөртүп турган Борбор Азия өлкөлөрүндө эгемендиктин алгачкы жылдары кабыл алынган Баш мыйзамдарды күрсүнө эскерип калышат. Алардын азыркылардан эмнеси артык эле? Борбор Азия өлкөлөрүндө Конституцияны реформалоо өнөкөткө айланган. Бирок аны өзгөрткөн сайын эгемендикке ээ болгондо кабыл алынган алгачкы Баш мыйзамдардын мыкты жактары жөнүндө сөз козголо берет. Кыйла демократиялуу деп эсептелип келген алгачкы Конституциялар кийин көптөгөн өзгөртүүлөргө учурады. “БИЗГЕ ӨЗГӨРТҮЛГӨН ТҮРҮ ЭМЕС... Читать дальше...

Бейшеналиевдин бөгөт чарасы Октябрь райондук сотунда каралууда

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасы бүгүн 4-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралып жатат. 2-июнда Башкы прокуратура Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогонун билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, бир кылмыш иши “коррупция” беренеси боюнча, эки иш “опузалап пара алуу”, төрт иш “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз контракт түзүү” беренелеринин негизинде козголгон. 4-июнда президент... Читать дальше...

УКМКнын окуу-машыгуу борбору ачылды

Azattyk.org 

Бишкектин четинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) окуу-машыгуу борбору ачылды. 4-июнда борбордун ачылышына президент Садыр Жапаров катышты. Өз сөзүндө Жапаров Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды нугунан чыгарып, туруксуздаштыруу ниетин көздөгөн эл аралык террордук, диний экстремисттик уюмдар, баӊгизат боюнча кылмыштуу топтор өлкөнүн коопсуздугуна күтүүсүз коркунуч жаратышы толук ыктымал экенин айтты.   Борбор бир жыл ичинде курулуп бүттү. Ал жерде кызматкерлер тажрыйбасын такшалтып... Читать дальше...

Башкы прокурордун милдетин аткаруу Абай Молдокматовго жүктөлдү

Azattyk.org 

Башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруу анын биринчи орун басары Абай Молдокматовго жүктөлдү. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 4-июнда кол койду. 46 жаштагы Молдокматов биринчи орун басарлык кызматка 2021-жылдын августунда дайындалган.  Бүгүн Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ээлеген кызматтарынан “тергөө мезгилине” убактылуу четтетилишкен. Президенттин расмий сайтына жарыяланган маалыматта эки жетекчи “Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык... Читать дальше...

Президент Баткенде жараат алган эки жоокерден кабар алды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн 4-июнда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жараат алган эки аскерден кабар алды. Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, ал Улуттук госпиталга барып, дарыланып жаткан жоокерлерге жолукту.  3-июнда Баткенде жараат алган эки жоокердин абалы оор экенин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Башынан жараат алган, мээси чайкалган жана омуртка сөөгү сынган 21 жаштагы жоокер нейротравма бөлүмүнө жаткырылды. Ал эсинде экени, абалын... Читать дальше...

Арменияда оппозиция менен полициянын кагылышуусунда 50 адам жараат алды

Azattyk.org 

Арменияда нааразылык акциясына чыккан оппозиция менен полициянын кагылышуусунда 50 чакты адам жараат алды. 3-июндун кечинде армян өкмөтүнүн Азербайжан менен Тоолуу Карабак маселесин жөнгө салуу боюнча аракетине каршы пикирин билдирген демонстранттар жогорку кызматта иштеген аткаминерлер жашаган жерге барышты. Полиция кулак тундуруучу граната ыргытып, митингчилердин премьер-министр Никол Пашинян жашаган вилла жакка баруусуна бөгөт койду. 11 демонстрант укук тартибин коргоо кызматкерине карата күч... Читать дальше...

Зулушев vs Бейшеналиев: Кадрдык жүрүшкө себеп болгон эрегиш

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтетти. Мындай чечим эки чиновниктин жеке мамилесинен жана тергөөнүн акыйкат жүрүшү үчүн кабыл алынган. Президенттин жакын адамдары деп саналган аткаминерлердин айланасындагы окуя чиеленешип бараткан тапта, Саламаттык сактоо министрлигинде бир топ кадрдык өзгөртүүлөр болду. Премьер-министр Акылбек Жапаров министрдин үч орун басарын тең кызматтан алып, алардын ордуна жаңыларын дайындады. Читать дальше...



БУУнун өкүлү Кыргызстанга жөлөкпул чегерүү ыкмасын өзгөртүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Кыргызстан социалдык жактан муктаждарга мамлекеттен жөлөкпул чегерүү ыкмасын кайра карап чыкканы туура болот. Мындай пикирин “Азаттыкка” курган маегинде 3-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун жакырчылыктын жеткен чегин изилдеген атайын баяндамачысы Оливье Де Шуттер билдирди. Ал аз камсыз болгондор шаарга караганда айылда көп экенин, бийлик ар бир балага бирдиктүү жөлөкпул төлөө саясатын башташы керектигин, 16 жашка чейинки курактагы балдары бар үй-бүлөлөрдүн 70% ашыгы мамлекет кепилдеген жөлөкпулдан куру жалак калып жатканын айтууда... Читать дальше...

Баткендеги бекеттер: үлкөндөрдү тирештирген аткезчилик

Azattyk.org 

Баткенде аткезчиликке каршы ачылган бекеттер Ташиев менен Мадумаровдун тирешине себеп болду. Мадумаров айылдар ортосунда турган ал посттор аткезчилик шылтоосу менен ишкерлерден акча өндүрүүнүн жолу болуп калганын айтса, Ташиев арызданган ишкерлерди "аткезчилер" деп атап, депутатты "аларды калкалайт" деп айыптады. УКМК уюштурган аткезчиликти көзөмөлдөө боюнча бекеттер качан жана кандай тартипте түзүлгөн? Алардын мыйзамдуулугу кандай? Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы жакында Баткен облусунда атайын көчмө жыйын өткөрүп... Читать дальше...

5-июндун аба ырайы

Azattyk.org 

5-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Айрым райондордо өткүн өтөт. Бийик тоолорго кар түшөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29, Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26, Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 12...17, күндүз 26...31, Нарын облусунун дыйканчылык райондорунда түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24, Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7... Читать дальше...

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруу Жаркынбек Касымбековго жүктөлдү

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруу министрдин орун басары болуп жаңы дайындалган Жаркынбек Касымбековго жүктөлдү. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы 4-июнда билдирди. 4-июнда президент кол койгон тескеменин негизинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан “тергөө мезгилине” деген негизде убактылуу четтетилишти. 2-июнда Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри кармалганын... Читать дальше...

Башкы прокуратура: Саламаттык сактоо министрлиги 54,8 миллион сомдук зыян келтирген

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлиги боюнча текшерүү жүргүзүп, мамлекетке 54,8 миллион сом өлчөмдө зыян келтирилгенин аныктап чыкты. Бул тууралуу 4-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, “министрликтин жетекчилиги кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте өз кызыкчылыгын көздөп, мамлекетке каршы контракт түзгөн” деп шектелүүдө. “2021-жылдын 08-июлунда Бахрейндин “M.V.ch” компаниясы жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда... Читать дальше...

Бишкек-Ташкент: Кыргыз-өзбек саясий кызматташтыгы талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин пландалып жаткан сапары жана жакында боло турган тышкы саясий жолугушуулары талкууланып жатканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 3-июнда министрдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Фуркат Сидиков менен видео аркылуу байланышып, эки тараптуу кызматташтыкты жана буга чейин кабыл алынган келишимдердин ишке ашуусун талкуулады. “Өзгөчө көңүл жогорку деңгээлдеги сапарларга бөлүндү... Читать дальше...

Ош: Жаңы-Мааленин мектепти эңсеген балдары

Azattyk.org 

Ош шаарынын чет жагындагы 4 миңден ашуун лөлү тектүү эли бар айылга мектеп керек. Алардын балдары 4-класска чейин айылда кыргыз мектепте окушат. Ал эми чоң класстын окуучулары коңшу айылдарга барып билим алууга аргасыз.

Саламаттык сактоо министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министринин жаңы орун басарлары дайындалды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-июнда кол койгон чечимге ылайык, бул кызматтарга Жаркынбек Касымбеков, Улан Садыков жана Бүбүжан Арыкбаева дайындалышты. Арыкбаева өлкөнүн башкы мамлекеттик санитардык дарыгери кызматын аркалайт. Ушул эле күнү орун басарлык кызматтан  Жалалидин Рахматулаев, Улук-Бек Бектурганов жана Жапаркул Ташиев алынышкан. Бектурганов өлкөнүн башкы мамлекеттик санитардык врачы кызматын ээлеп келген, ал жакында коррупцияга шектелип кармалган. Читать дальше...

Чек арада жараат алган эки жоокердин абалы оор

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасында 3-июнда жараат алган эки жоокердин абалы оор. Бул тууралуу 4-июнда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, Чек ара кызматынын эки аскери Бишкекке бүгүн жеткирилип, Улуттук госпиталга жаткырылды. Башынан жараат алган, мээси чайкалган жана омуртка сөөгү сынган 21 жаштагы жоокер нейротравма бөлүмүнө жаткырылды. Ал эсинде экени, абалын дарыгерлер туруктуу оор деп баалап жатышканы айтылды. Баш сөөгү... Читать дальше...

Айсулуу - Сеул шаардык кеңешине шайланган биринчи чет өлкөлүк

Azattyk.org 

Кыргызстандык Айсулуу Ашыралиева Сеул шаардык кеңешине депутат болуп шайланды. 2003-жылдан бери Түштүк Кореяда жашап, ал өлкөнүн жарандыгын алган журтташыбыз шаардык парламентке Демократиялык партиянын тизмеси менен барган. Айсулуу айым эмне себептен депутаттыкка аттанганын, бул үчүн кандай жолду басып өткөнүн «Азаттык» менен болгон маегинде айтып берди. - Айсулуу айым, Сеул шаардык кеңешине депутат болушуңуз менен куттуктайбыз. Депутаттыкка аттанууга эмне түрткү болду. Чечим кабыл алардан мурун... Читать дальше...

Саламаттык сактоо министринин үч орун басары кызматтан алынды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министринин үч орун басары кызматтан алынды. Өкмөттүн расмий сайтындагы 4-июндагы маалымат боюнча, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон чечимге ылайык, иштен Жалалидин Рахматулаев, Улук-Бек Бектурганов жана Жапаркул Ташиев алынышты. Бектурганов өлкөнүн башкы мамлекеттик санитардык врачы кызматын ээлеп келген, ал жакында коррупцияга шектелип кармалган. Рахматулаев менен Бектурганов бул кызматтарына 2021-жылдын мартында, Ташиев ошол эле жылдын ноябрында дайындалышкан. Читать дальше...

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруу Жаркынбек Касымбековго жүктөлөрү маалым болду

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министринин орун басары жана министрдин милдетин аткаруучу болуп Жаркынбек Касымбеков дайындаларын “Азаттыкка” 4-июнда жеке булактар кабарлашты. 49 жаштагы Касымбеков Медицина академиясын 1996-жылы аяктаган. 2014-2015-жылдары Бишкектин “Тез жардам” кызматынын башкы дарыгери болгон. 2020-жылкы парламенттик шайлоого “Чоң казат” партиясынын тизмесинде тогузунчу болуп катышкан. Ага чейин ал ар кыл саясий кыймылдарга катышып жүргөнү менен белгилүү. 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек... Читать дальше...

Бейшеналиев менен Зулушевди иштен четтетүүдө ортодогу жеке мамилеси эске алынганы белгиленди

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилишти. Бул тууралуу маалымат 4-июнда президенттин расмий сайтына жарыяланып, эки жетекчи ишинен “тергөө мезгилине” четтетилгени маалымдалды. Анда айтылгандай, эки жетекчи “Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган “Ар ким анын... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч, жараат алган эки аскер Бишкекке жеткирилди

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде 4-июндун эртең мененки саат 09:10уна карата абал туруктуу экенин Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 4-июнга караган түн тынч өттү, эч кандай окуя катталган жок.  "УКМКнын Чек ара кызматынын жеке курамы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча милдеттерин аткарууну улантып жатышат" деп айтылды мекеменин маалыматында. Кечээ 3-июнда түшкө жуук Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Самсонова победила Осаку и вышла в третий круг турнира WTA 1000 в Мадриде






"До допроса дело не дошло": Главу Гагаузии досмотрели после возвращения из Москвы

Новый врач хирург начал работать в подмосковном госпитале для ветеранов войн

Мытищинцы стали участниками VI международной исторической акции «Диктант Победы»

Спортсмен из Щелкова стал победителем этапа Кубка мира по шашкам-64