Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Новости за 27.06.2022

ККМ боюнча жумушчу топ 8 млн. сомдук чекти жогорулатууну сунуштады

Azattyk.org 

Көзөмөл-кассалык аппаратын (ККМ) орнотууда салыктарды эсептөө үчүн коюлган сегиз миллион сомдук чекти жогорулатуу сунушталды. Мындай сунушту ККМ боюнча түзүлгөн жумушчу топ Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго бергенин экономика жана комерция министри Данияр Амангелдиев 27-июнда “Биринчи радиого” курган маегинде билдирди. Ага ылайык, берилген сунушка чекти 12 миллион сомго чейин көтөрүү жана тамак-аш соодасындагы бирдиктүү салыктарды жеңилдетүү кирген.  Министрдин айтымында, жумушчу... Читать дальше...

"Кыйноого чыдабай, күнөөнү мойнума алдым". Абакта кордук көргөндөр

Azattyk.org 

26-июнь - Кыйноо курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү. Укук коргоочулар Кыргызстанда тергөөдө, жабык жайларда кыйноого кабылгандар ондоп саналарын айтып келишет. Күч органдарынын ур-токмогу, көрсөткөн түрдүү кыйноолору коомдо ачык айтылбай, зомбулук көргөндөрдүн үнү көп учурда угулбай келет. "Данисте" бул жолу абакта кордук көргөн төрт адамдын окуясын көргөзөт.

Түштүк Африкада түнкү клубдагы 22 өспүрүмдүн өлүмү териштирилүүдө

Azattyk.org 

Өткөн жекшембиде Түштүк Африканын түштүк-чыгышындагы Ист-Лондон шаарчасындагы түнкү клубда 22 өспүрүмдүн сөөгү табылды. Алар эмнеден каза болгону белгисиз.  Жергиликтүү Daily Dispatch гезити жазгандай, 13-17 жаштагы балдар ал жерде сынактардын аяктаганын белгилеп жатышкан. Ички иштер министри Беки Челе аларга спирт ичимдиктери эмне үчүн сатылганы текшерилерин билдирди. Өлкө мыйзамдарына ылайык, алкоголду 18 жашка чейинкилерге сатууга тыюу салынган. Президент Сирил Рамафоса маркумдардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып... Читать дальше...

Бээжин-Бишкек: бажыдагы эки башка эсеп

Azattyk.org 

Кыргызстанда бажы системасына байланыштуу суроолор Кытайдын расмий органдарынын соода жүгүртүү боюнча жаңы статистикасындагы айырмадан улам жаралды. Эки өлкөнүн бажы органдары берген экспорт жана импорттун көлөмү боюнча маалыматтарда миллиардаган доллар айырманы көрүүгө болот. Буга көңүл бурган журналист Болот Темиров чакан иликтөө даярдаган. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, эки өлкөнүн статистикасындагы айырма 4 миллиард 800 миллион долларды түзөт. "Жөнөкөй сөздөр менен айтканда... Читать дальше...

Акыйкатчы Ниязовдун саламаттыгына тынчсызданды

Azattyk.org 

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова президенттик аппараттын мурдагы башчысы, камактагы Фарид Ниязовдун саламаттыгынан улам президент Садыр Жапаровго жана Башкы прокуратурага кайрылды. Анда айыпталуучунун абалы оор экенин, ден соолугу барган сайын начарлап жатканын анын жактоочусу, жакындары такай айтып келе жатканын белгилеген. Атайын кызматтын тергөө абагындагы эки адамдын өлүмүнөн кийин жабык жайларда отургандардын бөгөт чарасын өзгөртүү жол-жобосуна байланыштуу сын-доомат күчөдү. Акыйкатчы институту... Читать дальше...

Президент Нарындын жолу кийинки жылы оңдолорун билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Нарындын Солтон-Сары өрөөнүндө жергиликтүү эл менен жолугуп, кийинки жылы бул аймактагы жолдорду оңдотууга көңүл буруларын убада кылды. Мамлекеттик ЭЛТР каналы көрсөткөн видеодо президент бул жылы чек арада зарыл деп саналган Баткен, Жалал-Абад облустарындагы жолдор бүткөрүлүп жатканын айткан. “Эмдиги жылы бардык ресурсту Нарын облусуна бурам. Ысык-Көлдө жол салынып жатат. Түштүк жагынан Барскоонго чейин баратат. Анын суммасы 150 млн. доллардын тегерегинде болду”, - деди президент. Читать дальше...

Октябрь окуясы боюнча айыпталуучулар суралып бүттү

Azattyk.org 

27-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча айыпталгандардын баары суралып бүттү. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири, саясатчы Жеңиш Молдокматов билдирди. 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү башаламандык менен аяктап, бийлик алмашкан. Октябрь окуяларына байланыштуу жети саясатчыга айып тагылган. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов... Читать дальше...

Мектепке электрондук каттоонун экинчи айлампасы башталды

Azattyk.org 

Бүгүн, 27-июндан тартып өлкөдө мектептерге окуучуларды электрондук каттоонун экинчи айлампасы башталды. Ага ылайык, ата-энелер эми кайсы аймакта катталганына карабай, балдарын бош оруну бар мектепке каттай алат. Каттоонун экинчи айлампасы 10-сентябрга чейин уланат. Электрондук арыздын кабыл алынганы тууралуу билдирүү келгенден кийин, ата-энелер керектүү документтердин түп нускасын мектептин директоруна тапшырышы керек. Электрондук каттоонун биринчи айлампасында балдар катталган жериндеги мектепке гана кезекке турушу керек болгон. Читать дальше...



Эндиктен пайда издегендер көбөйдү

Azattyk.org 

Соңку үч жылдан бери Нарын менен Ысык-Көл облусунда эндик чөбүнүн тамырын казып, мүшөктөп ташып жаткандар көбөйүүдө. Тоолуктар тамырдан пайда издегендерге нааразы болуп, жайытты талкалап жатышканын айтышат. Экологдор бул чөптү казууга тыюу салуу үчүн Илимдер академиясына кат жолдогон.

Ташкентте 1,9 тонна баңгизат жок кылынды

Azattyk.org 

27-июнда Ташкентте Маңзаттарга каршы эл аралык күнүндө тартип коргоочулар колго түшүргөн 1,9 тонна баңгизат жок кылынды. Өзбекстандын Улуттук бажы кызматы маалымдагандай, героин, апийим, кара куурай, көкнар, психотроптук заттар журналисттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн көзүнчө өрттөлдү. 530 килограмм маңзаты бажычылар жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында колго түшүрүлгөн. Өткөн жылы Өзбекстанда баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан 7142 кылмыштын бети ачылган, 1854 килограмм наркозат алынган. Читать дальше...

Дин тарыхын окутуудагы усул жана сын пикир

Azattyk.org 

Кыргызстандын мектептеринде “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагын окута турган мугалимдерди тандоо жүрүп жатат. Бул сабакты окутууну 2022-2023-окуу жылынан тарта киргизүү тууралуу президент Садыр Жапаровдун жарлыгы 8- июнда жарыяланган. Мектептерге бул сабакты киргизүүнүн муктаждыгы эмнеде? Буга чейин мектептерге динге, ыйманга байланыштуу киргизилген сабактар кандай натыйжа берди? Дээрлик бир динди тутунган элге ошол диндин гана тарыхын, маданиятын окутуу керек деген көз караш канчалык жүйөлүү? Ушул... Читать дальше...

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнө сөгүш жарыяланды

Azattyk.org 

Маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулукту азайтуу боюнча жарлыкты жетиштүү аткарбаганы үчүн президент Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Президент Садыр Жапаров быйыл 24-февралда тажыяда мал союуга тыюу салган жарлык чыгарган. Жарлыкты аткарууну көзөмөлдөө мамлекеттик кызматкерлерге жүктөлгөн. Жарлык боюнча, адамдар үй-бүлөлүк жана башка иш-чараларды өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана көп акча сарптабай өткөрүшү керек. Читать дальше...

Райондук сот Фарид Ниязовдун бөгөт чарасы боюнча жооп берди

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 16-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын убагында президенттик аппаратты жетектеген Фарид Ниязовдун бөгөт чарасы 18-августка чейин узартылганын билдирди. Ниязовдун ден-соолугуна байланыштуу жактоочуларынын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүнүн четке кагылганы боюнча сот "Азаттыкка" түшүндүрмө берди. “Иш боюнча соттук териштирүү баштала элек болчу, жабырлануучулар, күбөлөр, айыпталуучулар суракка алынган эмес. Жазык ишинин материалдары изилдене элек болчу. Читать дальше...

Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Ал 21-26-июнь күндөрү Дүйшөмбү шаарында болгонун Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлуп, кийинки отурумду Кыргызстандын аймагында өткөрүү макулдашылды. Жумушчу топтордун акыркы жолугушуусу 25-30-майда Бишкекте өткөн. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде... Читать дальше...

Аба ырайы: күн ысык болот

Azattyk.org 

"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 27-30-июнда күн ысыйт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө 36…38°ка чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°ка чейин жетет.  28-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы... Читать дальше...

Бишкекте уурдалды делген кыз боюнча издөө иштери уланууда

Azattyk.org 

Милиция Бишкек шаарындагы көчөдөн кыздын уурдалганы боюнча издөө иштерин улантып жатат. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кыздын уурдалышы боюнча арыз менен эч ким кайрыла элек. Социалдык тармактарда тараган видеого байланыштуу факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү жүрүп жатат. 24-июнга караган түнү Эркиндик бульвары менен Жибек Жолу көчөсүнүн кесилишинде кыздын уурдалганы тууралуу видео интернетке чыккан. Чөнтөк телефонго алысыраак... Читать дальше...

ЖРТдан 57 окуучу эң жогорку балл алды

Azattyk.org 

Кыргызстанда быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку балл топтоп, алтын сертификат алды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, эң көп баллды Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү алды – 235 балл. 235тен 221ге чейин упай топтогондор Бишкекте 35, Ош облусунда жети, Ысык-Көлдө беш, Чүйдө төрт, Баткенде үч, Нарында эки жана Жалал-Абад облусунда бир окуучу. Бишкектен башка аймактардын эч биринде алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөр онго жеткен жок. Читать дальше...

Иран "Зулжана" ракета ташуучусун экинчи жолу сынады

Azattyk.org 

Иран "Зулжана" деген космостук ракета ташуучусун экинчи жолу сынады. Мамлекеттик телеканал 26-июнда ракета учурулуп жаткан кадрларды көргөздү. Ислам жумуриятынын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Ахмад Хосейни 25,5 метрлик ракета Жердин орбитасынан маалымат чогултууга кудуреттүү экенин жана бул – өлкөнүн космос тармагын өнүктүрүүгө салым кошорун билдирди. Ракета качан учурулганы белгисиз. Айдын башында Хосейни буга чейинкиге кошумча дагы эки сыноо жүргүзүү пландаганын айткан. Ак Үй Тегерандын билдирүүсүнөн кабардар экенин айтып... Читать дальше...

Жорж Оруэллдин “1984” романы кыргыз тилине которулду

Azattyk.org 

Белгилүү англис жазуучусу жана публицист Жорж Оруэллдин “1984” романы кыргыз тилинде жарык көрдү. Китепти англис тилинен Адамата Алишеров которуп, “Китепстан” басма үйү чыгарды. Китеп 25-июнда Жорж Оруэллдин туулган күнүндө жарык көрдү. “1984” - антиутопия жанрындагы негизги китептердин бири. Чыгарма тоталитардык режимде, катаал диктатурада жашаган Океания өлкөсү жөнүндө жазылган. Бул өлкөдө ар бир жарандын бардык кыймыл-аракети, ар бир ою Улуу аганын көзөмөлүндө болгон. Анда система менен күрөшүүгө... Читать дальше...

Новости России
Москва

Новый транспортный хаб начали строить Казахстан, РФ и Китай


Масадыков Иран президентинин Ооганстан боюнча өкүлү менен жолукту

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенттинин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Таалатбек Масадыков Иран президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Хасан Каземи Куми менен Бишкекте жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. “Тараптар Ооганстандагы азыркы кырдаалды талкуулашып, регионалдык чакырыктар боюнча пикир алмашып, чөлкөмдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо зарылдыгын белгилешти”, - деп айтылат билдирүүдө. Жолугушууга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү... Читать дальше...

БУУ: Ооганстандагы жер титирөө 155 баланын өмүрүн алды

Azattyk.org 

Ооганстандагы жер титирөө 155 баланын өмүрүн алды, 255 жеткинчек жарадар болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык координация агенттиги жекшембиде билдирди. Өткөн жумада Пактика жана Хост провинцияларында күчү 6 баллга жеткен зилзала жер көчкүгө алып келип, көптөгөн турак үйлөр кыйрап калган. “Талибан” өкмөтү бардыгы болуп, 1150 жергиликтүү тургун каза тапканын, жүздөгөнү жараат алганын билдирди. БУУ курмандыктардын санын 770 киши деп көрсөтүп, бул көрсөткүч өсүшү ыктымал экенин эскертүүдө. Читать дальше...

Байсалов менчик медициналык мекемелер текшерилерин билдирди

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн жумушчу комиссия жеке менчик медициналык жайларды текшере баштады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Азаттыкка" маалымдады. "Сарыктын оор түрлөрү, керек болсо ВИЧ жуктурган учурлар бар. Көбүнчө стоматология, косметология сыяктуу клиникалардан жуктурушат. Алар бизнес сыяктуу кабыл алынып, эч ким текшербейт экен. Бул маселени тыкыр текшерип чыгышыбыз керек", - деди Байсалов. 18-июнда Улуттук госпиталда 41 жаштагы аял көз жумган. Читать дальше...

Кеңеш Жусупов менен Геннадий Базаровго ТҮРКСОЙдун сыйлыгы берилди

Azattyk.org 

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаров жана венгер жазуучусу Шандор Лежакка ТҮРКСОЙдун алтын медалы тапшырылды. Бул тууралуу Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмун баш катчысы Султан Раев маалымдады. Түрк тилдүү мамлекеттердин достугун чыңдоо, аларды бири-бирине жакындатуу максатында иш алып барган ТҮРКСОЙ эл аралык уюму маданият тармагында иштеген адистерге жыл сайын атайын сыйлык берип келет. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук... Читать дальше...

Bloomberg: Орусия тышкы карыз боюнча дефолтко жеткирди

Azattyk.org 

Bloomberg кабарлаганына караганда, 27-июнга караган түнү Орусия чет өлкөлүк валюта боюнча карызын төлөй албай калды. Агенттик бул – 1918-жылдан берки биринчи дефолт экенин белгилейт. Москва дефолтко жеткиргенин танууда. Жекшембиде мамлекеттик облигациялар боюнча 100 миллиондой доллар төлөмдү кайтаруунун жеңилдетилген мөөнөтү соңуна чыккан. Bloomberg бул -  дефолт болуп эсептелерин, бирок азырынча символикалык гана мааниге ээ экенин белгилейт. Маалыматка ылайык, өлкө Борбордук банктын валюта резервдерин пайдалана албайт... Читать дальше...

Чүйдүн дыйкандары сугат суу жетпей жатканын айтып акцияга чыкты

Azattyk.org 

Чүйдүн Новопокровка айылынын дыйкандары сугат суунун жетишсиздигин айтып, 27-июнда өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акцияга чыкты. Пикетке катышкан ондон ашык адам суу убагында берилбесе, түшүм аз жыйналып, эмгектери талаага кетерин айтууда.  “Азыр сугарып калбасак, эртең бизге суунун деле кереги жок. Айдаган жерибиз күйүп кетип, түшүм аз болуп калат. 100 пайыз түшүм ала турган жерден 30 же 20 пайыз эле жыйнап калышыбыз мүмкүн. Аны менен биз бала-чаканы бага албайбыз. Мээнет талаага кетет”, - деди акцияга чыккандардын бири Сапар Тасмаев. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Соболенко: я предпочитаю смотреть мужской теннис, а не женский






МТС-банк разместился по-частному // Институциональные инвесторы пока не проявили интереса к акциям

Суд получил апелляционную жалобу на арест фигуранта дела о взятке замминистра

Закрытие ММКФ-2024 // Призеры и гости кинофестиваля

Армия в СВО бьется за ментальную независимость России