Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруу Жаркынбек Касымбековго жүктөлдү

0
Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруу Жаркынбек Касымбековго жүктөлдү

Саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруу министрдин орун басары болуп жаңы дайындалган Жаркынбек Касымбековго жүктөлдү. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы 4-июнда билдирди.

4-июнда президент кол койгон тескеменин негизинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан “тергөө мезгилине” деген негизде убактылуу четтетилишти.

2-июнда Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган. Ушул эле күнү Саламаттык сактоо министрлигинин үч жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип кармалган.

49 жаштагы Касымбеков Медицина академиясын 1996-жылы аяктаган. 2014-2015-жылдары Бишкектин “Тез жардам” кызматынын башкы дарыгери болгон.

2020-жылкы парламенттик шайлоого “Чоң казат” партиясынын тизмесинде тогузунчу болуп катышкан. Ага чейин ал ар кыл саясий кыймылдарга катышып жүргөнү менен белгилүү. 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо жагдайларын иликтеген Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын курамында болгон, бирок анын бүтүмү менен макул эмес экенин айтып, чыгып кеткен.

2021-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоого Касымбеков "Ынтымак" саясий партиясынын талапкери катары катышкан, бирок ага мандат тийген эмес. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Ига Свёнтек

«Ну и кто сказал, что женский теннис — это скучно?» Свёнтек — после матча с Соболенко






Пентагон: США выясняют детали поездки в Россию военного, задержанного за кражу

В МИД Белоруссии заявили, что союз Москвы и Минска вызывает зависть Запада

Врач призвала беременных не красить волосы до конца первого триместра

«Сережка с Малой Бронной». В память о москвичах, погибших на фронтах ВОВ