Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Сот министр Бейшеналиевди бир айга камоого чечим чыгарды

0
Сот министр Бейшеналиевди бир айга камоого чечим чыгарды

Кызматынан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бир айга камалды.

Мындай чечим бүгүн 4-июнда Октябрь райондук сотунда чыкты.

Бейшеналиев 2-июнда кармалган. Башкы прокуратура ага карата “коррупция”, “опузалап пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү” деген беренелердин негизинде жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Ошол эле күнү Башкы прокуратура COVID-19га каршы вакцина сатып алуудагы жемкорлук боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин үч жетекчи кызматкери кармалганын билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, Саламаттык сактоо министрлиги боюнча текшерүү жүргүзүлүп, мамлекетке 54,8 миллион сом өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.

4-июнда президенттин тескемеси менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев ишинен убактылуу четтетилди. Буга экөөнүн ортосундагы жеке мамиле да себеп экени айтылды.

4-июнда Бейшеналиев бөгөт чарасы каралып жаткан сот залында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Зулушев аны быйыл январь айында Улуттук госпиталдын Травматология бөлүмүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу каматарын айтканын билдирди. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

После победы в Мадриде Рублев поднялся с 8-го на 6-е место в рейтинге ATP






Яндекс Погода выяснила, как за последние 30 лет изменились майские заморозки

Проходит через кишечник: эксперт Малоземов рассказал о вреде алюминиевой посуды

После поражения от Подмосковья со счётом 2:4 петербургская команда «СШ по шахматам и шашкам» занимает 7-е место после 6-го тура командного чемпионата России в Сочи

В Москве выставили на торги палаты купцов XVIII века