Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Башкы прокурордун милдетин аткаруу Абай Молдокматовго жүктөлдү

0
Башкы прокурордун милдетин аткаруу Абай Молдокматовго жүктөлдү

Башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруу анын биринчи орун басары Абай Молдокматовго жүктөлдү. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 4-июнда кол койду.

46 жаштагы Молдокматов биринчи орун басарлык кызматка 2021-жылдын августунда дайындалган. 

Бүгүн Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ээлеген кызматтарынан “тергөө мезгилине” убактылуу четтетилишкен.

Президенттин расмий сайтына жарыяланган маалыматта эки жетекчи “Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган “Ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет” деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып, министр менен Башкы прокурорунун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып” убактылуу четтетилишкени айтылган.

2-июнда Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган.

3-июнда Бейшеналиевдин адвокаты аны менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын "Азаттыкка" билдирген жана Башкы прокуратура ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) десе, УКМК Башкы прокуратурада деген жообун берип жатышканын айткан.

3-июнда президент Жапаров министрдин кармалганы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип, комисcия түзүлгөнүн айткан жана "Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган деген пикирлерди айтып жатышпайбы" деген.

16-майда "Азаттыкка" курган маегинде Бейшеналиев аны атайын кызматтын кызматкерлери эки жолу суракка алышканын, ага чейин да "аракет көрүлгөнүн" айтып, "Алты ай мурун бир генерал мага “сени мен отургузам” деп балдарын жөнөткөн болчу" деп айтып берген. ​(RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Рублёв поднимется на шестое место в рейтинге ATP после победы на «Мастерсе» в Мадриде






Песков: Путин может предложить кандидатуру премьера уже сегодня

Пациенты пансионата избили пенсионерку палками за просмотр пасхального богослужения

В сети вышел танцевальный трек к мультсериалу «Живой гараж»

Архитектурная подсветка современных ЖК: проблемы и решения