Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Жараат алган чек арачылардын абалы дагы эле оор

0
Жараат алган чек арачылардын абалы дагы эле оор

Баткенде чек арада жараат алган эки кыргызстандык аскердин биринин абалы оор, экинчисиники орточо оор. Бул тууралуу 5-июнда “Азаттык” радиосуна Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Улукбек Кулукеев билдирди:

“2000-жылы туулган Жалилов Зулумбектин абалы оор. Салыштырганда кичине жакшы болуп келе жатат, бизден операция болду, аппараттан алынды, өзү дем алып жатат.  2001-жылкы Сүйүнбек уулу Бекмырзанын абалы орточо оор, эсинде, өз алдынча дем алууда, реанимацияда жатат. Жакшыруу бар”.

3-июнда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн, өз аймагына кетүү талабын аткарбай, ок чыгарышканын кыргыз тарап билдирген. Ок атышуу бир нече сааттан кийин токтогон.

Жараат алган эки чек арачы Бишкекке 4-июнда жеткирилген. 21 жаштагы жоокер башынан жараат алганы, мээси чайкалып, омуртка сөөгү сынганы, ал Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жаткырылганы, ал эми 22 жаштагы жоокердин абалы оор экени, анын баш сөөгү, моюну, төш сөөгү, ийини, кежигеси, далысы октон жабыркаганы, мээси чайкалганы айтылган.

Тажик тарап окуя үчүн кыргыз чек арачыларын айыптап, алар жактан бир жоокер жараат алганын, анын абалы орточо оор экенин айтууда. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Павлюченкова и Потапова не смогли выйти в финал турнира WTA в Мадриде в парном разряде






Владимир Путин поздравил всех граждан России с Пасхой

Красноярцы делятся фотографиями утреннего густого тумана

«Деньги обесценятся уже точно»: когда обвалятся доходы россиян, рассказал эксперт

Дальневосточный конкурс «Область танца» проходит в Благовещенске