Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

ӨКМ Жапаровдон жардам сурап кайрылган малчы боюнча маалымат берди

0
ӨКМ Жапаровдон жардам сурап кайрылган малчы боюнча маалымат берди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Интернет аркылуу президентке кайрылып, Ысык-Көл облусунан жардам сураган малчынын айткандары боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев 5-июнда “Азаттыкка” билдиргендей, сөз Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий жана Боз-Учук айылдарынын малчылары кыштаган Кайыңды кыштоосуна барчу жол тууралуу болууда.

Эңилчек айылынан Кайыңдыга чейинки жол 40 чакырым экенин, анын 11-чакырымындагы Куюлма деген жеринде бир нече күндөн бери жолго таш кулап, суу куюлуп жатканын айткан Жумагазиев ушу тапта ал жерде ӨКМ кызматкерлери бар экенин, бирок жолду тазалоого мүмкүнчүлүк болбой жатканын айтты.

“Биздин техника иштейин десе эле улам куюлуп түшүп жатат. Кар эрип, дагы эле суу, таш түшүп жаткандыктан биздин жумушчунун өмүрүнө жана техникага коркунуч келүүдө”,-деди Жумагазиев.

Ал быйыл аба ырайынын шарты жылдагыдан катаал болуп жатканын билдирип, Интернет аркылуу кайрылган малчынын “200 эле метр тазаланганы” тууралуу айтканын четке какты. ӨКМ өкүлүнүн айтымында, Куюлмага чейинки 11 чакырым жолдун 5-6 жеринде кыйынчылык жаралган, анын баары тазаланган, маселе Куюлманын өзүндөгү жерде болууда.

4-июнда Интернетте Кубаныч Орунбеков аттуу жергиликтүү тургундун видеосу тараган. Ал Кайыңды кыштоосуна жете албай жатканын билдирген.

Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып:

“Садыр ава, үнүбүз сизге жетсин, жардам бериңиз. ӨКМ келип, 200 метр тазалап берип койду да, андан ары тазалабай жатат. Чөбүбүз Эңилчек айылында калып калды. Канча күндөн бери талаада жатабыз. Айыл өкмөт, аким, облустук ӨКМ келип, “Эмне кылабыз” деп кетип калышат. Мурдагы күнү бир балабызды жөө жибергем. Ушул убакка чейин кабар жок андан”,- деп айткан. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

ATP представила новые правила парного тенниса






Президент Гвинеи-Бисау Эмбало посетит Россию для участия в параде Победы 9 Мая

Женщины с этими именами находят свою любовь только ближе к 40 годам: их всего три

Всё дело в ухе: Евгений Солонович рассказал о трудностях поэтического перевода

Минтранс Подмосковья продлил время работы общественного транспорта на Пасху