Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

Рахмон менен Мирзиёев Яван ГЭСин куруу долбоорун ачышты

0
Рахмон менен Мирзиёев Яван ГЭСин куруу долбоорун ачышты

Тажик президенти Эмомали Рахмон Өзбекстанга расмий сапарынын алкагында 2-июнда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен бирге Яван гидроэлектростанциясынын (ГЭС) курулушунун башталышына арналган иш-чарага катышканын Өзбекстан лидеринин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул курулуш эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгы алкагындагы алгачкы долбоор. Кубаттуулугу 140 мегаватт боло турган заманбап станция эки мамлекеттин энергетикалык коопсуздугун, суу жана агрардык секторлорунун туруктуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойной турганы белгиленди.

“Долбоорду каржылоого кызыгуусун алдыңкы эл аралык институттар, анын ичинде Азия өнүктүрүү банкы жана Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы билдирип жатышат” деп айтты өзбек тарап.

Тажик президенти Өзбекстанда расмий сапарда 2-3-июнь күндөрү болду.

Яван ГЭСи курула турган Зарафшан дарыясы Өзбекстанды жана Тажикстанды аралап агат.

Буга чейин Кыргызстан “Камбар-Ата-1” ГЭСин кура баштаганын жана бул долбоорго Казакстандын катышуу ыктымалдыгын маалымдаган. Долбоорго кызыгуусун казак президенти Касым-Жомарт Токаев да билдирди. Май айынын соңунда Бишкекке сапары учурунда ал инвестициялык кызматташтык үчүн келечектүү долбоорлор тизмесин түзүүнү сунуштап, алардын бири аталган ГЭС боло аларын белгиледи. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Российский теннисист Рублев вышел в финал турнира «Мастерс» в Мадриде






Генеральша Мария Китаева, о которой почему-то не принято говорить вслух

Патриарх Московский Кирилл поздравил верующих с Воскресением Христовым

Пасхальное богослужение проходит в Главном храме Вооруженных сил РФ

Студент Влад Трапезников принял участие в акции и нарисовал граффити на станции